• Жума 26 Чын куран 2024
  • Пятница 26 Апрель 2024

Күндүн ыргагы: Баткендеги курулушу бүтпөгөн үйлөр, актанган бийлик…

2 Бирдин айы 2023 17:49 Бишкек Govori.TV

БАТКЕНДЕГИ ҮЙЛӨРДҮН КУРУЛУШУ

Баткендеги куралдуу кагылыштан жабыркаган үйлөрдүн курулуш иштери аяктоо алдында турат. Бүгүн, 2-февралда 35 үй бүтүп, ээлерине тапшырылды. Президенттин администрациясынын маалыматтык саясат кызматынын жетекчиси Дайырбек Орунбеков социалдык тармактагы баракчасына жазгандай, бир жума ичинде дагы 15 үй даяр болот.

Президент Садыр Жапаров 1-февралда улуттук «Кабар» агенттигине маек куруп, Баткендеги курулуш иштериндеги коррупциялык схемалар тууралуу сын-пикирлерге жооп берген. Ал үй куруудагы жемкорлук тууралуу маалыматтарды «акчадан куру калгандардын маалыматтык чабуулу» деп сыпаттаган.

Ошол эле күнү президенттик администрациянын иш башкаруучусу Каныбек Туманбаев бир катар журналисттерди Баткенге курулуш иштерин жеринен көрсөтүү үчүн алып барган

Эске салсак, Тажикстандын куралдуу кол салуусунун кесепетинен, КР Саламаттык сактоо министрлигинин акыркы маалыматтары боюнча, 63 адам курман болуп, 198 адам жабыркаган. Ошондой эле турак жайлар, социалдык объектилер талкаланган.

Белгилей кетсек, 18-январда курулушу аяктаган 30 үй пайдаланууга берилген.

ЖАПАРОВ АЛМАТЫГА БАРДЫ

Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров Казакстандын Алматы шаарына барды.

Өкмөттүн маалымат кызматы билдиргендей, Акылбек Жапаров Евразиялык өкмөттөр аралык кеңештин кезектеги жыйынына катышат.

Ошондой эле «Жаңы реалдуулуктагы санариптик өнөктөштүк» форумунун жалпы жыйынына катышат.

ТЕМИРОВ ИШИН УЛАНТАТ

Иликтөөчү журналист Болот Темиров Фейсбуктагы баракчасына 2-февралда билдирүү жазып, өзү түптөгөн Темиров Live жана Айт Айт Десе командасы ишин уланта берерин билдирди.

Ал Кыргызстандын жараны экенин жана андан эч качан баш тартпаганын, өзүнүн жаранын өлкөдөн чыгаруу дүйнөлүк соттук тажрыйбада «нонсенс» экенин кошумчалады. Өлкөдөн мыйзамсыз чыгарылганын кайталады.

Болот Темиров былтыр 23-ноябрдын кечинде “Манас” аба майданынан күч менен Бишкек – Москва каттамына отургузулган жана аны укук коргоо органдарынын кызматкерлери коштоп Орусияга чыгарып кетишкен. Анын алдында Бишкек шаардык соту журналистти өлкөдөн чыгаруу тууралуу чечим чыгарган. Буга журналисттин Кыргызстандын паспортун мыйзамсыз алганы негиз болгону айтылган. Күч органдары жана прокуратура журналистке каршы иш мыйзам чегинде козголгонун, иликтөө талапка ылайык жүргүзүлгөнүн билдирип келет.

Болот Темиров ага коюлган айып негизсиз экенин айтып, бул окуяларды журналисттик ишмердиги менен байланыштырган.

«АЗАТТЫКТЫН» АРЫЗЫ СОТТО КАРАЛДЫ

Бүгүн, 2-февралда Бишкек шаардык сотунда «Азаттык Медианын» Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин аракетине байланыштуу апелляциялык арызын карап, райондук соттун чечимин күчүндө калтырды.

Буга чейин Биринчи Май райондук соту 22-декабрда «Азаттык Медианын» УКМКнын аракеттерине каршы арызын карап, аны канааттандыруудан баш тарткан. Арызда коопсуздук комитетинин Финансылык чалгын кызматына жолдогон кайрылуусун негизсиз деп табуу өтүнүчү келтирилген. Атайын кызматтын жиберген ал кайрылуусу «Азаттык Медианын» банк эсебин бөгөттөөгө себеп болгон.

Эске салсак, 31-октябрда “Азаттык Медианын” “Демирбанктагы» банк эсебине бөгөт коюлганы белгилүү болгон. Аталган медиа банк эсеби негизсиз бөгөттөлгөнүн жана мекемеде иштеген кыргыз жарандарынын, кызматкерлердин укуктары бузулуп жатканын белгилөөдө.

КОШ БОЙЛУУ КЕЛИН АЛДАМЧЫЛЫККА ШЕКТЕЛҮҮДӨ

36 жаштагы Аида Исакова 6 баланын энеси, учурда 8 айлык боюнда бар. Ага “Алдамчылык” беренеси менен кылмыш иши козголуп, Свердлов райондук соту 6 жылга эркинен ажыратуу чечимин чыгарган. Кош бойлуу айымдын жактоочулары райондук соттун чечимине каршы аппелияциялык арыз менен шаардык сотко кайрылган. Замир Жоошев окуянын чоо-жайына кененирээк токтолду.

Количество просмотров: 268