• Жума 3 Бугу 2024
  • Пятница 3 Май 2024

Күндүн ыргагы: Баткенди калыбына келтирүү иши солгундады. Депутаттар “Кемпир-Абадды” кайра жабык карады

31 Тогуздун айы 2022 18:00 Бишкек Govori.TV

БАТКЕНДИ КАЛЫБЫНА КЕЛТИРҮҮ ИШИ СОЛГУНДАДЫ

Баткенде турак жайы жарыксыз болуп калгандарга суук түшкөнчө үйлөрүн куруп берүү жумуштары кечеңдеп жатат. Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров курулуш жай жүрүп жатканын сынга алып, тиешелүү жетекчилердин жоопкерчилиги караларын эскертти.

ЖАПАРОВДУН СЫНЫ

Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров 31-октябрда Баткенде жергиликтүү бийлик өкүлдөрү жана тургундар менен жыйын өткөрдү. Өкмөттүн басма сөз кызматынын билдиришинче, анда Жапаров эски ыкма менен иштеген жетекчилерге чара көрүлөрүн эскертти.

«Өткөн жылы сиздер менен Бишкекте жолукканда тапшырмалар берилген. Иш талаптагыдай жүрбөй жатат. Кадрларды аттестациялоо жана ротациялоо болду. Бирок эки жылдан бери ишиңиздерде жылыш байкалбай жатат, мурдагыдай эле эски ыкма менен иштеп жатасыздар, жогорку органдардан буйрук күтүп, объекттер мамлекеттин каражатысыз курулбайт, элдин кайрылуусу уланууда. Бир жыл өттү, жыйынтык чыгарууга убакыт келди. Сыйлыкка татыктууларга сыйлык беребиз, эски ыкма менен иштеп, натыйжа көрсөтө албагандар менен коштошобуз»,-деген Жапаров.

Президент Садыр Жапаров июль айында Министрлер кабинетинин кеңейтилген жыйынында «жалкоо кадрлардын арылуу» керектигин билдирген жана өкмөт өкүлдөрүн маал-маалы менен жер-жерлерди кыдырып жана соцтрамактар аркылуу коомчулукка маалымат берип турууну тапшырган. Мындан көп өтпөй президенттик администрация мамлекеттик органдардын ишин баалоо ыкмасы даярдалганын кабарлаган.

КОМИТЕТ “КЕМПИР-АБАД” МАСЕЛЕСИН КАРАДЫ

Жогорку Кеңештин Эл аралык иштер, коргоо, коопсуздук жана миграция боюнча комитети Кемпир-Абад суу сактагычын биргелешип башкаруу боюнча кыргыз-өзбек келишимин карап жатат. Жыйын учурунда депутат Ырысбек Атажанов Кемпир-Абад суу сактагычынын суу ресурстары бөлүштүрүү маселени жабык эшик артында кароону сунуштады.

Ал эми депутат Адахан Мадумаров, маселеде жашыруун эч нерсе жок экенин айтып, ачык кароону сунуш кылды.

Кыска талкуудан кийин комитет бул маселени жабык кароону чечти. Атажановдун сунушун 7 депутат колдосо, үчөө каршы болду.

Белгилей кетсек, учурда кыргыз-өзбек чек арасын тактоо иш-чараларынын негизинде түзүлгөн келишимдер коомчулуктун кайчылаш пикирлерин жаратууда.

Ал эми 22-октябрда Кемпир-Абад суу сактагычын колдоо комитети түзүлүп, анын курамына активисттер, саясатчылар жана депутаттар кирген. 23-октябрда массалык камакка алуулар орун алып, Кемпир-Абад суу сактагычы Өзбекстан тарапка өтүп кетиши ыктымал деген кооптонуусун билдирип келген 20дан ашуун саясатчы жана активисттер 2 айга камалган.

Ички иштер министрлиги аларга Кылмыш жаза кодексинин (“Жапырт башаламандык уюштурууга даярдануу”) менен 20-октябрда козголгон кылмыш иштин алкагында тергөө жүргүзүлүп жатканын маалымдаган жана далилдер жетиштүү экенин билдирген.

Президент Садыр Жапаров 24-октябрда улуттук «Кабар» агенттигине курган маегинде камалгандардын ишине кийлигише албай турганын, чекитти сот кое турганын айтты.

Бийлик кыргыз-өзбек чек арасына байланыштуу чагымчылдар элге туура эмес маалымат берип жатканын билдирип келет.

 “ХИЗБ УТ-ТАХРИРДИН” 11 МҮЧӨСҮ КАРМАЛДЫ

«Хизб ут-Тахрир аль-Ислами» диний экстремисттик уюмунун жашыруун ячейкасынын ишмердүүлүгүнө бөгөт коюлду.

УКМК тараткан маалыматка ылайык, 27-октябрда Кылмыш-жаза кодексинин (Экстремисттик материалдарды даярдоо, таратуу) боюнча козголгон кылмыш ишинин алкагында, Сузак районунун Кургак-Көл айылынын аймагында, ай сайын өткөрүлүүчү “чогулушта” «Хизб ут-Тахрир» уюмунун он бир мүчөсү кармалды.

«Жүрүзүлгөн тинтүү иштеринин натыйжасында ири өлчөмдөгү экстремисттик мүнөздөгү адабияттар, баракчалар, уюлдук телефондор, электрондук маалымат каражаттарды алып жүрүүчүлөр жана ячейканын каржылык ишмердүүлүгү тууралуу маалыматтар алынган. Бул адамдар экстремисттик идеологияны жайылтуу максатында системалуу түрдө диний сабактарды өткөрүп, ошондой эле социалдык тармактар аркылуу экстремисттик материалдарды таратып жүрүшкөн. Кармалган жарандар УКМКнын Жалал-Абад областтык  башкы башкармалыгынын тергөө камак жайына киргизилген. Иликтөө иштери уланууда.

Ички иштер министрлигинин маалыматына караганда, Кыргызстан аймагында ишмердигине тыюу салынган эл аралык 20дай экстремисттик-террордук уюм бар, алардын катарына «Хизб ут-Тахрир» уюму кирет.

Количество просмотров: 205