• Бейшемби 28 Жалган куран 2024
  • Четверг 28 Март 2024
Орозо

Күндүн ыргагы: Бекназаров агынан жарылды. Президент алтын куйма боюнча үн катты

8 Аяк оона 2022 18:20 Бишкек Govori.TV

ПРЕЗИДЕНТ ИИМ БАШЧЫЛАРЫН КАБЫЛ АЛДЫ

Президент Садыр Жапаров бүгүн, 8-сентябрда, КМШга мүчө мамлекеттердин ички иштер министрлерин кабыл алды. Мамлекет башчысы менен жолугушууга Кыргызстандын ички иштер министри Улан Ниязбеков, Азербайжан, Армения, Беларус, Казакстан, Өзбекстандын ички иштер министрлери катышты. Жапаров өлкөнүн Ички иштер министрлигинин потенциалы анын заманбап чакырыктарга жана коркунучтарга даярдыгын толук көрсөтүүгө, жарандардын укуктарын, эркиндиктерин жана мыйзамдуу кызыкчылыктарын камсыз кылууга мүмкүндүк берерин белгиледи. Белгилей кетсек, Чолпон-Ата шаарында Көз карандысыз мамлекеттердин шериктештигине мүчө мамлекеттердин ички иштер министрлеринин кезектеги жыйыны өтүп, тиешелүү чечимдерге кол коюлду.

ЖАПАРОВ АГАСЫНЫН СҮРӨТҮ БОЮНЧА…

Буга чейин президенттин агасы Сабыр Жапаровдун алтын куймаларын кармап түшкөн сүрөтү соцтармакка тарап бир катар талкууларды жатаркан эле. Бул боюнча учкай жооп калтырган президенттин басма сөз катчысы Эрбол Султанбаев сүрөт эски экенин айтып, бирок кайсы жылы тартылганын так айта алган эмес. Ал эми бүгүн, 8-сентябрда президент Садыр Жапаров улуттук “Кабар” агенттигине маек куруп, анда алтын куйма кармап түшкөн бир тууганынын талкуудагы сүрөтүнө түшүндүрмө берди. Президенттин айтымында, сүрөт Түркияда тартылган.
“Эсиңиздерде болсо, былтыр эл аралык алтын сатууну уюштурган Лондондогу Баалуу металлдар базарынын ассоциациясы Кыргызстандын алтынын дүйнөлүк биржада сатуусуна чек коюп койгон. Ошол мезгилде түрк туугандар мага жана мамлекеттик чиновниктердин кабылдамасына кире алышпай, агама чыгышкан экен. «Биз сатып алалы. Бизге келип, алтын эриткен цехибизди көрүп кеткиле. Биздин алтын сатып алууга толук мүмкүнчүлүгүбүз бар» деп кайрылышыптыр. Ошол жерге барып, алтын кармап сүрөткө түшкөн экен. Эми муну трагедия кылыштын кереги жок го дейм. Ансыз деле аларга же башка жеке булактарга бир грамм да алтын сатылган эмес. Түрк туугандардан башка он чакты мамлекеттерден жогорудагыдай сунуштар түшкөн», — деп билдирген өлкө башчы.

ПАРЛАМЕНТТИН РЕГЛАМЕНТИ ТАЛКУУДА

Буга чейин президент Жогорку Кеңештин регламенти тууралуу мыйзамды артка кайтарган. Мындан улам айрым эл өкүлдөрү Жогорку Кеңешти алсыратуу аракети көрүлүп жаткандыгын белгилешкен. Учурда парламентте регламентти кабыл алуу актуалдуу маселеге айланды. Жогорку Кеңештин учурдагы регламенти буга чейинки парламенттик-президенттик башкаруу маалында иштелип чыккан. Ал учурда Жогорку Кеңештин курамы 120 депутаттан туруп, баары партиялык тизме менен куралчу.

БЕКНАЗАРОВ ЖЫЙЫН КУРДУ

Саясатчы Азимбек Бекназаров Кыргызстандын Малайзиядагы элчиси кызматынан бошотулушуна Кумтөргө байланыштуу маеги себеп болгонун бүгүнкү маалымат жыйында билдирди. Мындан тышкары ал Кумтөр, курултай боюнча пикирин айтып, чек ара маселесине токтолуп өттү.
Эске салсак, Кыргызстандын Малайзиядагы элчиси Азимбек Бекназаров 5-августта кызматынан бошотулган. Президенттик администрация ал коюлган милдеттерди аткара албаганы үчүн иштен алынганын жарыялаган.

КАЙГУУЛЧУ КАРМАЛДЫ

Кайгуулчу пара алып жаткан жеринен кармалды. Башкы прокуратуранын маалыматы боюнча, ИИМдин Ички иликтөө кызматына жаран патрулдук милиция кызматкерине карата чара көрүү жөнүндө арыз менен кайрылган. Ал жогоруда аталган жарандан жол эрежесин бузгандыгы үчүн жоопкерчиликке тартпоо сунушу менен андан зергердик буюм, тактап айтканда баасы 30000 сомдук алтын шакегин пара түрүндө талап кылган. Учурда шектүү кармалып шаардык бөлүмдүн убактылуу кармоочу жайына киргизилди. Тергөө иштери уланууда.

КАЛКТЫН САНЫ ЖАҢЫЛАНДЫ

Кыргызстанда калктын саны боюнча маалымат жаңыланды. Улуттук статистика комитети 7-сентябрда билдиргендей, эл каттоонун баштапкы жыйынтыгы өлкө калкы 6 миллион 977 миң адам экенин аныктады. Эми, 1-августтан тартып кийинки эсептөөлөргө чейин кыргызстандыктардын расмий саны боюнча ушул маалымат айтылып турушу шарт. Өлкөнүн эл жана турак жай фондун каттоонун биринчи этабы 25-марттан 3-апрелге, алыскы тоолуу райондорду камтыган экинчи этабы 23-апрелден 2-майга чейин өткөн. Каттоонун баштапкы жыйынтыгы сентябрь-октябрь айларында, ал эми расмий жыйынтыгы бир жылдан кийин жарыяланары айтылган.

Количество просмотров: 1237