• Бейшемби 18 Чын куран 2024
  • Четверг 18 Апрель 2024

Күндүн ыргагы: Бийлик алмашканда «Биримдиктен» кеткен лидери. Айдоочулардан акча алган инспекторлор камалды

28 Бештин айы 2020 18:07 Бишкек Govori.TV

КОРОНАВИРУС: АКЫРКЫ АБАЛ

Кыргызстанда бир суткада коронавирус 162 адамдан табылып, бир бейтап каза болду. Бул тууралуу Республикалык штабдан билдириштиКаза болгон адам Бишкек шаарынын тургуну болчу. Ал эми бир сутка ичинде 237 адам коронавирустан айыгып чыккан. Коронавирустан жалпы 1 миң 349 жаран көз жумган. Кыргызстанда пандемия башталгандан бери 80 миң 535 адам коронавирус жуктурган. Алардын ичинен 75 миң 57 киши айыгып чыкса, 1 миң 349 адам каза болду.

КОРРУПЦИЯЛЫК СХЕМАЛАР АЧЫКТАЛДЫ

Кара-Суу райондук прокуратурасы Ош облусунун Кара-Суу районунун Киров айылындагы 720 орундуу мектептин курулушун текшерүүдө мамлекетке 24 млн. 209 миң 093,86 сомдук зыян келтирилгендигин аныктаган. Бул тууралуу Башкы прокуратурадан кабарлашты. Атап айтсак, аталган мектептин курулушу «Акмат Курулуш» жоопкерчилиги чектелген коомуна тапшырылып, 159 005 463 сомго келишимдер түзүлгөн жана 2019-жылдын 5-сентябрында мектеп пайдаланууга берилген. Бирок, райондук прокуратура аныктагандай, Сарай айыл өкмөтүнүн жана «Акмат Курулуш» ЖЧКнун кызмат адамдары мектептин курулушу боюнча аткарылган жумуштардын актыларына жалган маалыматтарды киргизүү жолу менен айрым жумуштарды (наркын) жогорулатылган баада, иш жүзүндө аткарылбаган жумуштарды аткарылды деп, ошондой эле, айрым аткарылган жумуштарды кайталап киргизишкен.

АМАНКУЛОВ «БИРИМДИКТЕН» КЕТТИ

«Биримдик» саясий партиясынын лидери Марат Аманкулов партия мүчөлүгүнөн баш тартып, лидерликтен да кетти. Бул тууралуу ал Жогорку Кеңештин депутаты Дастан Бекешевдин «Telegram» каналындагы кыска маегинде билдирди. Ошону менен катар Аманкулов Бекешевдин кийинки шайлоого катышуу тууралуу суроосуна жооп берип, «шайлоо да менин пландарыма кирбейт» деп билдирди жана илимий-агартуу ишмердүүлүгү менен алектенүү ниети бар экенин айтты. «Биримдик» партиясы 2013-жылы Юстиция министрлигинен каттоодон өткөн. 4-октябрда өткөн парламенттик шайлоодо «Биримдик» партиясы биринчи орунду ээлеген. Кийин шайлоонун жыйынтыгына карата нааразылык чыгып, өлкөдө бийлик алмашкан. Борбордук шайлоо комиссиясы шайлоонун баштапкы жыйынтыгын жокко чыгарган.

АЙДООЧУДАН АКЧА АЛГАН ИНСПЕКТОРЛОР КАРМАЛДЫ

Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгынын Чүй облустук бөлүмүнүн башчысы Шаирбек Бопонов кармалды. Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитет кабарлагандай, ол кайгуул кызматынын инспекторлору документтерди текшерүүнү шылтоолоп, эл аралык жүк ташууга катышкан автоунаалардын айдоочуларынан 500 сомдон 5000 сомго чейин алып турушкан. Белгилей кетсек, «Ак-Тилек автожол» көзөмөл өткөрүү пунктунан күн сайын 200гө чейин унаа жүк ташыйт.

КӨЧӨДӨ АЯЛ КӨЗ ЖУМДУ

Бишкек шаарындагы Байтик баатыр менен Жибек Жолу көчөлөрүнүн кесилишинде аял киши көз жумду. Окуянын видеосу социалдык тармактарга жарыяланды. Ага медициналык тез жардам кызматынын кызматкерлери жардам көрсөтүүгө аракет кылып, бирок натыйжа болгон эмес. Болжолдуу маалымат боюнча, 40 жаштар чамасындагы аял жерге кулаган. Ага күбө болгон жарандар тез жардам кызматын чакырган. Медицина кызматкерлери жыйынтык болбогондон кийин клиникалык өлүм катары каттады. Азырынча аялдын аты-жөнү жана өлүмдүн себеби такталууда.

Количество просмотров: 486