• Ишенби 27 Чын куран 2024
  • Суббота 27 Апрель 2024

Күндүн ыргагы: «Биримдик» менен «Мекеним Кыргызстандын» чыры мушташка айланды. Иштебеген тарых музейинин тосмосу талкууда

21 Аяк оона 2020 17:58 Бишкек Govori.TV

ҮГҮТ ИШТЕРИНДЕГИ ЧЫРЛАР ЫРБАДЫ

Кечээ кечинде саясий партиялардын биринин үгүттөө иши жүрүп жаткан маалда болгон мушташтын видеосу социалдык тармактарга тарады. Ош облустук милициясы мушташка катышкан жарандар кармалып сурак берип жатканын кабарлады. Кененирээк алдыдагы материалда.

ЭКИ ПАРТИЯ МЫЙЗАМ БУЗГАН

Башкы прокуратура 21-сентябрда шайлоо мыйзамынын сакталышы боюнча ишти улантып жатканын жарыялады. Анын жүрүшүндө «Бир Бол» партиясынын атынан талапкер катары катталган жаран Норвегиянын Кыргызстандагы ардактуу консулу экени аныкталганын билдирди. Муну менен консулдукта иштегендердин саясий ишке аралашуусуна тыюу салынган мыйзам бузулганын маалымдады.

СУРАБАЛДИЕВА СУРАККА ЧАКЫРТЫЛДЫ

«Ата-Мекен» партиясынан депутаттыкка талапкер Элвира Сурабалдиеванын суракка чакырылышы ички иштер министринин мурунку орун басары Курсан Асановдун иши менен байланыштуу. Бул тууралуу Башкы прокуратуранын басма сөз кызматы билдирди. Маалыматка караганда, аталган иш тергелип жатканда парламенттеги айрым депутаттар, анын ичинде Сурабалдиева дагы күбө катары чакырылган.

КОРОНАВИРУС: АКЫРКЫ АБАЛ

Кыргызстанда 21-сентябрга карата 55 адамдан коронавирус табылды. Эң көбү Баткен облусунда 25 киши. Илдетке каршы республикалык штабдын маалыматына ылайык, ооруп жаткан бейтаптардын 104ү айыкты. Каза болгондор катталган жок. Өлкөдө COVID-19 вирусуна чалдыккандардын жалпы саны 45 471 ​кишиге жетти. Алардын 41 682си сакайып, 1063ү каза болгон.

«МАНАС» АБА МАЙДАНЫНДА ЖАНДАНГАН КАТТАМДАР

“Манас” эл аралык аэропортунан бир катар каттамдар жандандырылды. Бул тууралуу Республикалык штаб кабарлап, каттамдардын тизмесин жарыялады. Ага ылайык, «Манас» аэропортунан бүгүнкү күндө Бишкек-Стамбул-Бишкек, Дубай-Бишкек-Дубай, Ташкент-Бишкек-Ташкент сыяктуу бир катар каттамдар жандандырылган.

БИШКЕКТЕ 871 ЖОЛ ЭРЕЖЕСИН БУЗУУ КАТТАЛДЫ

18-19-сентябрь күндөрү жол кырсыгынын алдын алуу, коомдук коопсуздукту жана жол эрежесин камсыз кылуу максатында жүргүзүлгөн алдын алуу иш-чарасынын жүрүшүндө Бишкекте 871 жол эрежесин бузуу катталган.

 МУЗЕЙДИН ТОСМОСУ ТАЛКУУ ЖАРАТТЫ

Социалдык тармактарда Бишкектин чок ортосунда жайгашкан Тарых музейинин айланасы тосулуп калгандагы сүрөттөр жарыяланып, талкууга алынган.  Коомчулукта сын кептер айтылып, айрымдары шаар көркү бузулуп жатканын жана тарых музейин мынчалык кайтаруучусунун себебине кызыгышты. Ал арада Маданият, маалымат жана туризм министрлиги түшүндүрмө берип, тосмо жарандардын коопсуздугу үчүн коюлганын айтты.

Количество просмотров: 585