• Жекшемби 28 Чын куран 2024
  • Воскресенье 28 Апрель 2024

Күндүн ыргагы: Бишкекте дагы бир кафе бузулат. Орунбековду иштен алуу чуусу токтой элек…

31 Теке 2023 19:12 Бишкек Govori.TV

ЖАПАРОВДУН ТҮШТҮККӨ БОЛГОН САПАРЫ

Президент Садыр Жапаровдун 27-31-июль күндөрүндө Жалал-Абад, Ош облустарына жана Ош шаарына болгон жумушчу сапары аяктады.

Мамлекет башчысы жумушчу сапарынын алгачкы күнүндө Жалал-Абад шаарында жаңы Сот адилеттиги үйүн ачты. Андан ары президент Садыр Жапаров Ош шаарына барып, төрт жаңы суу резервуарынын курулушунун жүрүшү менен таанышып, шаардыктарды бир айдын ичинде таза суу менен толук камсыз кылуу маселесин чечүүнү тапшырды.

Ош облусундагы жумушчу сапарынын экинчи күнүндө президент Алай районундагы Түштүк-Батыш бажысынын «Иркештам» авто өткөрмө пунктунун иши менен таанышты. Анда Жапаров үстүбүздөгү жылдын 1-октябрына чейин «Иркештам» автоунаа өткөрмө пунктун толугу менен модернизациялоо, аймагын кеңейтүү, кошумча тилкелерди куруу жана анын өткөрүү мүмкүнчүлүгүн бир нече эсеге жогорулатуу максатында бажы инфратүзүмүн иретке келтирүү тапшырмасын берди.

Ошондой эле, президент Садыр Жапаров жумушчу сапарынын алкагында УКМКнын Ош шаары жана Ош облусу боюнча башкы башкармалыгынын жаңы имаратын ачып, Ош облустук “Төлөйкөн” ипподромун капиталдык реконструкциялоонун жүрүшү менен таанышты. Ошону менен бирге Ош шаарындагы А.Мырсабеков атындагы мамлекеттик педагогикалык университеттин жаңы имаратынын курулушун бүткөрүү тапшырды. Мындан сырткары Кара-Суу районунда курулуп жаткан “ЕвроАзия ГРУПП” индустриалдык-логистикалык паркында болду.

ОРУНБЕКОВДУ КЫЗМАТТАН АЛУУНУ СУНУШУ…

Президенттин администрациясынын маалыматтык саясат бөлүмүнүн башчысы Дайырбек Орунбековду кызматтан алуу өтүнүчү менен Садыр Жапаровго кайрылган Баткендин Ак-Сай айылынын тургундарына басым болууда. Бул тууралуу укук коргоочу Гүлгаакы Мамасалиева «Фейсбуктагы» баракчасына жазды.

Буга чейин Баткендин Ак-Сай айылынын тургундары Орунбековду кызматтан алуу өтүнүчү менен Садыр Жапаровго кайрылган.

Кайрылууда айтылгандай, Орунбеков 24-июлда кыргыз-тажик чек арасында эки өлкөнүн жарандарынын ортосунда чыккан чырда Ак-Сай айылынын тургуну Жеңиш Дубанаевди күнөөлүү кылып көрсөтүп, мас абалында болгон деп жазган.

Алар билдиргендей, Орунбековдун «Фейсбуктагы» постунан кийин Тажикстандын «Телеграм» каналдары, соцтармактары ал билдирүүгө таянып, чырды кыргыз тарап баштаганын, аны президенттик администрациядагы адам ырастаганын жана кыргыз тарап чырды «дайыма биринчи баштайт» деп жазышууда.

Ага байланыштуу Ак-Сайдын тургундары президенттен Орунбековдун кечирим суроосун жана кызматтан алуусун суранышкан.

Эскерте кетсек, 24-июлда Баткенде Кыргызстан менен Тажикстандын жарандарынын ортосунда чыр чыккан. Ал эми Дайырбек Орунбеков чек арадагы эки өлкөнүн жарандарынын ортосундагы чырды Баткендин Ак-Сай айылынын тургуну баштаганын, ал мас абалында болгонун «Фейсбуктагы» баракчасына жазган. Көп өтпөй Орунбеков билдирүүсүн өчүргөн.

КЕМПИР-АБАД ИШИ: БАЯЗОВДУН АБАЛЫ НАЧАРЛАГАНЫ АЙТЫЛДЫ

Адвокат Эркин Саданбеков «массалык башаламандыкка» шектелип, Кемпир-Абад иши боюнча абакта отурган Марат Баязовдун ден соолугу начарлап кеткенин билдирди. Жактоочу Баязовду ооруканага жаткырууга уруксат сурап Жаза аткаруу кызматына, Кыйноолордун алдын алуу борборуна жана Акыйкатчы институтуна кайрылган.
Саданбековдун айтымында, буга чейин Баязов Бишкектеги менчик лабораториядан текшерүүдөн өтүп, ага калкан бездеги аденома диагнозу коюлган.  
Жаза аткаруу кызматы Баязовдун ден соолугу боюнча комментарий бере элек.
20-июлда Бишкек шаардык соту Кемпир-Абад иши боюнча айыпталып, октябрдан бери тергөө абагында жаткан сегиз адамдын бөгөт чарасын карап, абакта калтырган чечим чыгарган. Алар: Эрлан Бекчоро уулу, Али Шабдан, Тимур Махмудов, Айбек Бузурманкулов, Илгиз Сарылдык уулу, Марат Баязов, Акыл Айтбаев жана Айданбек Акматов.
Кыргыз-өзбек чек арасындагы Кемпир-Абад суу сактагычынын жери Өзбекстанга өтүп жатканына каршы пикирин ачык билдирип чыккан отузга жакын белгилүү саясатчы, активист былтыр октябрда Бишкектеги Casa Italia кафесиндеги жолугушуусунан кийин кармалып, тергөө абагына камалган, кийин алардын айрымдары үй камагына чыккан.
Ушул тапта кармалган 27 кишинин 14ү абакта. Буга чейин 13 адам түрдүү жагдайда үй камагына чыккан.
Милиция алар бийликти басып алууга аракет кылган деп айыптап жатат. Иш Кылмыш-жаза кодексинин “Жапырт башаламандык уюштурууга аракет көрүү”, “Бийликти күч менен басып алууга даярдык көрүү” беренелеринин негизинде тергелүүдө.

КЫЗДАРДЫ ӨГӨЙ ТАЯАТАСЫ ЗОРДУКТАП ЖҮРГӨН

Ысык-Көл облусунун Түп районунда үч кызды өгөй таятасы көп убакыттан бери зордуктап жүргөн деп шектелип кармалды.

Облустук милициядан билдиришкендей, 13-июнда кыздардын апасы милицияга арыз менен кайрылган. Анда 23 жаштагы жана эки жашы жете элек кыздары өгөй таятасы аркылуу зордукталганын айткан.

“Кыздар Түптөгү айылдардын биринде таянеси менен жашап келишкен. Шектүү 67 жашта. Ага соттук-медициналык жана психиатриялык, биологиялык экспертизалар дайындалды. 14-июнда шектүүнүн баш коргоо чарасы каралып, эки айга камакка алынган”, — деп жазылат маалыматта.

Алдын ала суракта шектүү күнөөнү моюнга алган эмес. Учурда териштирүү иштери жүрүүдө

 “ШАШЛЫЧНАЯ” КЕФЕСИ ДЕМОНТАЖДАЛАТ

Жал кичирайонунда Ахунбаев жана Тыналиев көчөсүнүн кесилишиндеги “Шашлычная” кафеси демонтаждалат. Муниципалитеттен билдиришкендей, жеринде мэрдин орун басары Нурдан Орунтаев, Жер пайдаланууну контролдоо боюнча башкармалыгынын жана “Тазалык” муниципалдык ишканасынын кызматкерлери иш алып барууда.

Мекеменин администрациясы менен сүйлөшүүлөрдөн кийин менчик ээлери объектти өз ыктыяры менен демонтаждоо милдетин алышты.

Белгилей кетсек, мурдараак, жогоруда аталган кафеге жанаша жайгашкан жалпы аянты 1300 чарчы метрди түзгөн “Батуми” кафеси буздурулган. Андан соң, УКМК тарабынан вице-мэр Нурдан Орунтаевге жана башка кызмат адамдарына КР Кылмыш-жаза кодексинин 216-беренесинин 3-бөлүгүнүн («Башка бирөөнүн мүлкүн жок кылуу же зыян келтирүү») жана 337-беренесинин 3-бөлүгүнүн («Кызмат абалын кыянаттык менен пайдалануу») негизинде кылмыш иши козголгон.

Количество просмотров: 184