• Жума 26 Чын куран 2024
  • Пятница 26 Апрель 2024

Күндүн ыргагы: Бишкекте жол кире көтөрүлөт. Коронавирустун дарысын сактоого Кыргызстандын шарты жок

19 Үчтүн айы 2021 18:52 Бишкек Govori.TV

ЭПИДЕМИОЛОГИЯЛЫК АБАЛ

Саламаттыкты сактоо министри Алымкадыр Бейшеналиев «Биринчи радионун»  эфиринде коронавирустан эмдей турган Американын «Pfizer» дарысы Кыргызстанга туура келбей турганын айткан.

ЖОЛ КИРЕ КӨТӨРҮЛӨТ

Мэрия менен айдоочулар жол кирени 15 сомго көтөрүүгө макулдашышты. Бул тууралуу мэрдин милдетин аткаруучу Балбак Түлөбаев айдоочулар менен жолуккандан кийин билдирди. Анын айтымында, жол кире акысын көтөрүү сунушу Экономика министрлигине жиберилет.

ФИНПОЛДУН БӨЛҮМ БАШЧЫСЫ КАРМАЛДЫ

УКМКнын Коррупцияга каршы күрөшүү кызматы мыйзамсыз баюу фактысы боюнча жүргүзүлүп жаткан сотко чейинки өндүрүш ишинин алкагында Каржы полициясынын ички тергөө жана коопсуздук бөлүмүнүн башчысын кармады.

 “ОШ ЭЛЕКТРГА” КАРАТА ТЕРГӨӨ БАШТАЛДЫ

Финансы полициясынын Ош шаары боюнча башкармалыгы коммерциялык же башка уюмдагы ыйгарым укуктарын кыянаттык менен пайдалануу фактысы боюнча “Ош Электр” ААКга карата сотко чейинки өндүрүштү баштады. Бул тууралуу Финполдун басма сөз кызматы кабарлады.

САРКАРБАЕВ МАМЛЕКЕТКЕ АКЧА ТӨКТҮ

Ош шаардык спорт комитетинин жетекчиси Кылычбек Саркарбаев мамлекетке келтирилген 1 миллион сом зыяндын ордун толтурду. Бул тууралуу УКМКнын басма сөз кызматы билдирди. Маалыматка караганда, УКМК Ош шаардык спорт комитетин Кылычбек Саркарбаев жетектеп турганда өлкө казынасына келген зыяндар боюнча тергөө иштерин жүргүзүүдө.  

МИНИСТРЛИК КАРИМОВАГА БАЙЛАНЫШТУУ ЧЕЧИМГЕ ДАТТАНАТ

Маданият, маалымат жана туризм министрлиги Биринчи май райондук сотунун ырчы Самара Каримовага байланышкан чечими боюнча апелляциялык арыз менен Бишкек шаардык сотуна кайрылды.

Количество просмотров: 233