• Шейшемби 16 Чын куран 2024
  • Вторник 16 Апрель 2024

Күндүн ыргагы: Бишкектин жарымы свети жок калды. Жогорку сот БШКнын арызын эмнеге артка кайтарды?

29 Тогуздун айы 2020 18:19 Бишкек Govori.TV

БИШКЕКТИН ЖАРЫМЫ ЖАРЫГЫ ЖОК КАЛДЫ

Бул тууралуу “Түндүк электр” ишканасынын маалымат кызматы маалымат таратып, жогорку вольттогу подстанциянын чыңалуусу жок болуп кеткендиктен, калаа жарыксыз калганын билдиришти. Маалыматка ылайык, учурда Бишкектин бир бөлүгү башка линияга кошулду. Калаанын чыгыш бөлүгүнө да жакынкы аралыкта электр жарыгы берилет.

ЭЛДИК КУРУЛТАЙ ӨТТҮ

Бүгүн, 29-октябрда Бишкек шаарында “Конституциялык реформа – мезгилдин талабы” аталышындагы элдик курултай өтттү. Маалыматка ылайык, чогулгандар талкулоо үчүн бир нече теманы белгилешкен. Алар: 5-6-октябрдагы окуялардан кийинки өлкөдөгү абал; Элдик башкарууга өтүү – мезгилдин талабы; КРда жергиликтүү өз алдынча башкарууну өнүктүрүү. Эксперттер докладдарды окуп, талкуулар болот.

КОРОНАВИРУС: АКЫРКЫ АБАЛ

Коронавируска каршы республикалык ыкчам штабдын бүгүнкү, 29-октябрдагы маалыматына караганда, кечээтен бери бул илдеттен бир адам каза болду. Көз жумган бейтап Баткен облусунун тургуну болчу. Жалпысынан көз жумгандардын саны 1 139 адамга жетти.

БИШКЕКТИН ВИЦЕ-МЭРЛЕРИ АЛМАШТЫ

Бишкек шаардык мэриясынын биринчи вице-мэри Нариман Түлеев ээлеген кызматынан бошотулуп, ага кайрадан Алмаз Бакетаев дайындалды. Дагы бир вице-мэрлик кызматка Айжан Чыныбаева коюлду. Алмаз Бакетаев мурдатан ушул эле биринчи вице-мэрлик кызматты аркалап келе жаткан. Айжан Чыныбаева ишкер, соңку парламенттик шайлоодо «Бир бол» партиясынан талапкер болгон.

СОТ БШКНЫН АРЫЗЫН КАЙРА КАЙТАРДЫ

Жогорку сот Борбордук шайлоо комиссиясынын парламенттик кайра шайлоонун мөөнөтүнө байланыштуу кассациялык даттануусун кайра артка кайтарды. Бул тууралуу Жогорку соттун басма сөз кызматы кабарлады.

САРИЕВ БШКГА КАЙРА КЕЛЕБИ?

Оппозициялык фракция Борбордук шайлоо комиссиясынын мүчөлүгүнө Акылбек Сариевди сунуштап жатат. Бул тууралуу кечээ, 28-октябрда Жогорку Кеңеште маалымдалды.

Количество просмотров: 203