• Ишенби 4 Бирдин айы 2023
  • Суббота 4 Февраль 2023

Күндүн ыргагы: Бомба боюнча маалымат шаардыктарды дүрбөттү. Дача СУ каргашасына тарыхый баа берилиши керекпи?

20 января 2023 в 18:00 Бишкек Govori.TV

КЫРГЫЗ-ТАЖИК ТОПОГРАФИЯЛЫК ТОПТОРУ ЖОЛУКТУ

Дүйшөмбү шаарында Кыргызстан менен Тажикстандын кыргыз-тажик мамлекеттик чек арасын делимитациялоо жана демаркациялоо боюнча өкмөттүк делегациялардын топографиялык жумушчу топторунун кезектеги жолугушуусу өттү. Бул тууралуу Министрлер кабинетинин басма сөз кызматы кабарлады. Расмий маалыматка караганда, жолугушуунун жыйынтыгы боюнча протоколго кол коюлду. Жумушчу топтун кийинки жолугушуусу Кыргызстанда өтөт.
Топографиялык жумушчу топ былтыр декабрдын башында Кыргызстанда жолугуп, кыргыз-тажик чек арасындагы 17,66 чакырым тилкени аныктоо боюнча макулдашканын кыргыз өкмөтү кабарлаган. Тактала элек чек аранын кесепетинен эки өлкөнүн ортосунда бир катар чырлуу окуялар кездешип келет. 2022-жылдын 16-17-сентябрда кыргыз-тажик чек арасында кан төгүлгөн окуяны Кыргызстандын Тышкы иштер министрлиги «Тажикстандын алдын ала пландаган куралдуу агрессиясы» деп атаган.

ДАЧА СУ КАРГАШАСЫНА ТАРЫХЫЙ БАА БЕРИЛИШИ КЕРЕКПИ?

Дача СУ кырсыгын бир эмес үч комиссия иликтеди. Учактын кулашына ким күнөөлүү, жүк кимге таандык жана жабыр тарткандарга жардам катары чогултулган акча кандай бөлүштүрүлгөнү боюнча дагы деле күмөн жараткан ойлор арбын. Ал эми Кыяс Молдокасымов каргашалуу окуяга эртеби, кечпи сөзсүз түрдө тарыхый баа берилиши керек деген пикирде.

ОКУУЧУЛАР ЭВАКУАЦИЯЛАНДЫ

Бишкекте төрт мектепте бомба бар делген маалыматтан улам окуу процесси үзгүлтүккө учурады.
Свердлов райондук милициясынан билдиришкендей, №33 мектеп, Ч.Айтматов атындагы лицей жана “Сейтек” билим берүү мекемесинде бомба бар деген маалымат келген.
“Бардык окуучулар жана мугалимдер эвакуацияланды. Жеринде тиешелүү кызматтар иштеп жатат”, — деп айтылат маалыматта. Ошол эле учурда «Red Centre» соода борбору курчоого алынып, имараттын ичиндеги жарандар эвакуацияланды. Маалыматка караганда, бүгүн 24.kg редакциясына имаратка бомба коюлганы тууралуу маалымат келип түшкөн. Ушул сыяктуу кат Kaktus.media жана elgezit.kg сайттарынын редакцияларына барган. Милиция учурда маалыматтын чын-төгүнүн текшерүүдө.

СУУГА БОЛГОН ТАРИФ ӨЗГӨРӨБҮ?

Ичүүчү сууга болгон тарифтер саясаты өзгөртүүгө муктаж. Бул тууралуу Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы Акылбек Жапаров облустук мамлекеттик администрациялардын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын жетекчилеринин катышуусунда өткөн республикалык кеңешменин жүрүшүндө билдирди. Жапаровдун айтымында, бир куб метринин (1 миң литр) өз наркы 7 сом 70 тыйын болгон ичүүчү сууга Бишкектин тургундары 5 сом 38 тыйын төлөп жатышат. Чүй облусунда бир куб метр таза суунун муниципалдык тарифи 8 сом, Жалал-Абад облусунда 15 сом деп аныкталган, бирок, өкмөт башчы белгилегендей, айрым райондордо, мисалы, Өзгөндө 39 сомго жетет. “Пластик бутылкадагы жарым (0,5) литр сууну 15 сомдон сатып алып ичебиз. Ал эми кранда канчалаган куб сууну агызып колдонуп жатканыбыз үчүн эч ким реалдуу акы төлөгөн жок”, — деди Жапаров. Өкмөт башчы Майлуу-Суу шаарындагы соңку кырдаалды мисал келтирип, тариф төмөн болуп, өзүн актабай жатканын, ошондуктан шаар жетекчилиги жабдыктарды талаптагыдай тейлөөгө мүмкүнчүлүгү жок экенин айтты.

КЫЛМЫШКЕРЛЕР КҮЧ ОРГАНДАРЫН ТОГОТПОЙ КАЛДЫБЫ?

Учурда уюшкан кылмыштуу топтордун өз ара жаңжалдарды көбөйүп, бирин-бири өлтүрүп кеткен учурлар байма-бай какйталана баштаганы коом тарабынан катуу сынга алынып, «уюшкан кылмыштуу топтор көбөйүп кеттиби же алар күч органдарын тоготпой калдыбы?» деген бүдөмүк суроо жаралды.

Количество просмотров: 465