• Бейшемби 25 Чын куран 2024
  • Четверг 25 Апрель 2024

Күндүн ыргагы: Бороновдун өкмөтү дайындалды. Коронавирустун реккордук көрсөткүчү катталууда

17 Кулжа 2020 18:10 Бишкек Govori.TV

КОРОНАВИРУС БОЮНЧА АКЫРКЫ АБАЛ

Кыргызстанда 17-июнга карата коронавирус жуктурган учурлардын жалпы  саны 2562ни түздү, ал эми бүгүн вирус жуктурган 90 жаңы учур катталды. Бул тууралуу Саламаттык сактоо министринин орун басары Нурболот Үсөнбаев билдирди. Ал кошумчалагандай учурда Кыргызстанда коронавирус жуктурган 33 бейтаптын абалы оор, анын ичинен алты киши жандандыруу бөлүмүндө жатат.  Жапысынан вирус жуктурган 631 адам дарыланууда. Белгилей кетсек 1901 адам коронавирустан айыгып, ооруканадан чыгарылган. Ал эми бүгүнкү күндө тажы илдетин жуктурган 30 адам каза болду.

БИШКЕКТЕ ДАГЫ 2 БАЗАР ЖАБЫЛАТ

Бишкек шаарынын Аламүдүн-1 кичи районундагы “Чынар” жана “Ош” базарындагы “Кыял” кичи базарлары жабылат. Бул тууралуу бүгүн, 17-июнда вице-мэр Татьяна Кузнецова брифинг учурунда билдирди. Белгилей кетсек, буга чейин “Орто-Сай” базары убактылуу жабылып, дезинфекциялоо жумуштары аткарылган. Мындан сырткары, башкалаадагы “Ош” , “Аламүдүн” базарлары убактылуу жабылары кабарланган.

ПАКИСТАНДАН КЫРГЫЗДАР КЕЛДИ

Бүгун Бишкекке Пакистандан Кыргызстандын 100 жараны кайтып келди. Каттам Пакистандан Кыргызстандын жарандарын жана Кыргызстандан  Пакистандын жарандарын алып чыгарып кетүү үчүн пакистан тарабы менен уюштурулган. Учурда бардык учуп келгендер тийиштүү медициналык процедуралардан өтүү үчүн бекитилген тартипте обсервацияга жайгаштырылды. Дүйнөдө пандемиядан улам эл аралык жүргүнчү ташуу авиабилдирүүлөрү токтотулгандыгына байланыштуу, өкмөттүн чет өлкөлөрдөн кыргыз жарандарын кайтаруу боюнча иштери улантылууда.

МАТРАИМОВДУН ЖАРДАМЧЫСЫ АБАКТА САБАЛДЫБЫ?

Жаза аткаруу боюнча мамлекеттик кызматы  абакта жаткан мурдагы бажы кызматкери Эмилбек Кимсановдун сабалганы тартылган тасманы каттоого алып, кылдат текшерүүнү баштаганын билдирди. “Тасманы жайлатып көргөн учурда ал тартылган жер Кимсанов отурган абакка окшошпогону байкалды. Тасмада кишилердин жүздөрү даана көрүнгөн эмес. Бул тасма фейк болушу мүмкүн” деп жазылган маалыматта. ЖАМК Эмилбек Кимсанов Бишкектеги №1 тергөө абагына 3-апрелде жеткирилип, дагы үч киши менен чогуу карантин камерасына киргизилгени, 4-апрелде Кимсанов башкалар менен чатакка барбаганын жана адвокатынын өмүрүнө коркунуч туулуп жатат деген билдирүүсүнө кошулбасы тууралуу түшүнүк кат жазып бергенин билдирет. Эске салсак, кечээ Кимсановдун жактоочусу Назгүл Сүйүнбаева өзүнүн кардары абакта сабалып жатканы тартылган видео колуна тийгенин айтып, аны соцтармактагы баракчасына жайгаштырган.

Количество просмотров: 268