• Бейшемби 18 Чын куран 2024
  • Четверг 18 Апрель 2024

Күндүн ыргагы: Чекисттер бандиттердин унааларын тартып алды. Аскердик кызмат өтөө мөөнөтү узарабы?

7 Тогуздун айы 2022 18:10 Бишкек Govori.TV

ПРЕЗИДЕНТ ОРУСИЯГА БАРБАЙТ

Бүгүн, 7-октябрда президент Садыр Жапаров Россия Федерациясынын президенти Владимир Путин менен телефон аркылуу сүйлөштү. Президенттин басма сөз кызматы тартакан маалыматта айтылгандай, өлкө лидерлери кыргыз-орус эки жана көп тараптуу кызматташтыгынын актуалдуу маселелерин, өлкөлөрдүн интеграциялык бирикмелердин алкагындагы өз ара аракеттенүүсүн талкуулашты. Белгилей кетсек, буга чейин Садыр Жапаровдун басма сөз катчысы Эрбол Султанбаев билдирдүү таратып, президент иш жадыбалына байланыштуу Орусиянын Санкт-Петербург шаарындагы КМШга мүчө өлкөлөрдүн бейформал саммитине катышпай турганын айткан.

ЗОМБУЛУКТУ МЫЙЗАМ ООЗДУКТАЙБЫ?

Бишкекте “Үй-бүлөлүк зомбулуктан сактоо жана коргоо маселелери боюнча айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндөгү” мыйзам долбоорун талкуулаган отурум болду. Анда Жогорку Кеңештин депутаттары, бейөкмөт уюмдардын өкүлдөрү, көз карандысыз эксперттер үй-бүлөлүк зомбулуктун алдын алуу жана аларга каршы аракеттенүү боюнча чечимдерди күчөтүүнү талкуулашты.

УКТ МҮЧӨЛӨРҮНҮН УНААЛАРЫ АЛЫНДЫ

УКМК КР Кылмыш-жаза кодексинин 261-беренесинин 1-бөлүгүндө (Уюшкан топту түзүү же ага катышуу) каралган кылмыштын белгилери боюнча Кылмыштардын бирдиктүү реестрине катталган кылмыш иштерин тергөө учурунда, К.А. уюшкан кылмыштуу тобунун айрым активдүү мүчөлөрүнүн брондолгон автоунаалары мамлекеттин пайдасына алынды. Бул туурасында УКМКнын басма сөз кызматы тараткан маалыматта айтылат. Маалыматка ылайык, жүргүзүлгөн ыкчам-иликтөө иш-чараларынын натыйжасында жалпы баасы 33 миллион сомдон ашык болгон 5 премиум класстагы брондолгон автоунаалар алынды.

АКТИВИСТ КАРМАЛДЫ

7-октябрда Бишкектеги Орусиянын элчилигинин имаратынын алдында акцияга чыккан жарандык активист Өндүрүш Токтонасыровду милиция кармап кетти. Милиция бул аракетин сот мындай мүнөздөгү митингдерди өткөрүүгө тыюу салганына байланыштырды. Биринчи май РИИБине жеткирилген активист кийин кайра бошотулганы белгилүү болду. Кошумчалай кетсек, Өндүрүш Токтонасыров элчиликтин алдына Орусиянын Украинага каршы агрессиясын токтотууну талабы менен чыккан.

АСКЕРДИК КЫЗМАТ ӨТӨӨ

Коргоо министрлиги аскердик кызмат өтөө мөөнөтүн айрым учурда 14 айга чейин узартууну сунуштап жатат. Аталган мыйзам долбоору өкмөттүн сайтында коомдук талкууга коюлду.
Учурда Кыргызстанда аскерге чакырылгандар 12 айдан кийин үйүнө кайтат. Сунушталган долбоордо эгер УКМК, Чек ара кызматы, Ички иштер же Өзгөчө кырдаалдар министрликтери сыяктуу мамлекеттик органдар демилгелесе, кызмат өтөөгө чакырылган жоокер эки айга чейин кармалып калышы мүмкүн. Башкача айтканда, муктаждык жаралган учурда 14 айга чейин алып калууга укук берилет.

МЭР БАТИР АКЫСЫН КӨТӨРГӨНДӨРГӨ КАЙРЫЛДЫ

Бишкек шаарынын мэри Эмилбек Абдыкадыров ижарага батир берген жарандарды бааны көтөрбөөгө чакырды. Абдыкадыровдун айтымында, пандемияга байланышкан экономикалык кризиске, тышкы саясий факторлорго (россиялыктардын массалык түрдө келиши сыяктуу) жана башка ар кандай себептерге байланыштуу борбор калаада турак жайга суроо-талап кескин түрдө жогорулады.

Количество просмотров: 444