• Шейшемби 19 Жалган куран 2024
  • Вторник 19 Март 2024
Орозо

Күндүн ыргагы: Чыла болгон мал базар жабылат. Көлбаевдин кылмыштуу тобунун мүчөсү кармалды

6 Бирдин айы 2023 18:00 Бишкек Govori.TV

ЖАПАРОВ ЭРДОГАНГА КӨҢҮЛ АЙТТЫ

Президент Садыр Жапаров Түркиянын президенти Режеп Тайып Эрдоганга өлкөдө көптөгөн курмандыктарга жана ири кыйроолорго алып келген жер титирөөгө байланыштуу көңүл айтты. Бул тууралуу президенттин басма сөз кызматы билдирди.

Буга чеийн Түркияда кыргызстандыктарга консультативдик-укуктук жардам көрсөтүү үчүн ыкчам штаб түзүлгөнү кабарланган эле. КР Тышкы иштер министрлигинин алдын ала маалыматы боюнча, катталган жер титирөөдө жабыркагандардын арасында Кыргызстандын жарандары жок.

 Кыргызстандын Түркиядагы элчилиги Анталия жана Стамбул шаарларындагы башкы консулдуктары менен биргеликте курмандыктар жана жабыркагандарды, анын ичинде Кыргызстандын жарандарын тактоо боюнча Түркиянын компетенттүү органдары менен иш алып барууда.

Эскерте кетсек, бүгүн, 6-февралда таңга жуук Түркия жана Сириянын аймагында очогунда 7,8 баллга жеткен катуу жер титирөө катталган.

 Түркиянын вице-президенти Фуат Октай катуу зилзалада бери дегенде 284 киши каза болгонун, кеминде 2323 киши жараат алганын ырастады. Анын билдиришинче, Кахраманмараш, Газиентеп жана Малатья шаарларында мерт болгондор, жабыркагандар көп. Сириянын мамлекеттик маалымат каражаттары 230дан ашуун киши набыт болгонун жазууда.

БАЛЧЫК БАСКАН МАЛ БАЗАР

Буга чейин Балчык баскан мал базардын маселелерин чечип, көңүл бурууну суранган кайрылуу Акылбек Жапаровдун дарегине жолдонгон. Кайрылуу тартылган видеону Говори.ТВга окурмандар жиберген. Бүгүн, 6-февралда Министрлер кабинетинен түзүлгөн комиссия, айыл чарба министрлигинин тиешелүү жетекчилери, Аламүдүн районунун акими аталган базардын абалы менен таанышып, текшерүү үчүн барышкан. Натыйжада иретке келтирүү иштери соңуна чыкмайын базарды жабуу талабы айтылганы белгилүү болду

ЖАРАНДЫ КӨЧКҮ БАСЫП КАЛДЫ

Бүгүн, 6-февраль күнү саат 00:30 чамасында Чоң-Алай РИИБдин нөөмөт бөлүгүнө Чоң-Алай районунун тургуну 27 жаштагы жаран үйүнөн чыгып кеткен бойдон дайынсыз болуп жаткандыгы кабарланган.

Жүргүзүлгөн иш-чаралардын негизинде ошол эле күнү саат 05:25 чамасында жарандын жансыз денеси кар көчкүнүн алдынан табылган.

Алгачкы текшерүүнүн жүрүшүндө 6-февраль күнү саат 10:30 чамасында Чоң-Алай районунун тургуну, 27 жаштагы тургуну Чоң-Алай РИИБдин уруксат берүү тутумунда каттодо турган өзүнүн сайсыз 16 калибрдеги бир найлуу ок атуучу куралын алып, ошол айылдын беш мергенчиси менен карышкыр атуу үчүн Чоң-Алай районунун Кулчу айылынын тоолоруна барып, ал жерде жолду кыскартуу максатында, жаран мергенчилерден бөлүнүп башка жолго түшүп дайынсыз жоголгон. Мергенчилер анын артынан барган учурда маркумдун баскан жолдон узундугу 300 метр, туурасы 50 метр кар көчкү жүргөндүгү аныкталган.

Аталган маалымат Чоң-Алай РИИБдин маалыматык электрондук журналына катталып, текшерүү иштери уланууда.

УКТ МҮЧӨСҮ КАРМАЛДЫ

Опузалап акча талап кылган уюшкан кылмыштуу топтун мүчөсү кармалды. УКМК тараткан  маалыматка ылайык, УКМКнын Жалал-Абад областтык башкы башкармалыгы тарабынан 120 миң сом акча каражатын талап кылып жаткан учурда К.Көлбаевдин уюшкан кылмыштуу топтун мүчөсү  пара алып жаткан жеринен кармалган.

Такталгандай, кармалган адам физикалык зомбулук көрсөтөм деп коркутуу жолу менен кысым көрсөтүп, Жалал-Абад шаарынын тургунуна 2 млн 900 миң сом карызга милдеттендиргенин билдирген. Бул факты боюнча облустун башкы башкармалыгы тарабынан Кылмыш-жаза кодексинин (Опузалап талап кылуу) беренеси боюнча каралган кылмыштын негизинде кылмыш иши козголгон. Учурда кармалган жаранга Жалал-Абад шаардык сотунун чечими менен 12-мартка  чейин камакка алуу түрүндөгү баш коргоо чарасы тандалып алынган.

Ошондой эле, УКМК Жалал-Абад облусу боюнча башкы башкармалыгы облусунун тургундарын уюшкан кылмыштуу топтор тарабынан мыйзам бузуунун бардык фактылары боюнча байланышууга жана билдирүүгө чакырат.

ГЕННАДИЙ БАЗАРОВ ДҮЙНӨДӨН КАЙТТЫ 

Кинорежиссер Геннадий Базаров менен коштошуу зыйнаты эртең, 7-февралда өтөт. Бул тууралуу Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлигинин басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалым болгондой, коштошуу иш-чарасы А. Малдыбаев атындагы Кыргыз улуттук академиялык опера жана балет театрында саат 10:00дө башталат. Маркумдун сөөгү «Ала-Арча» көрүстөнүнө коюлат.

Белгилей кетсек, Кыргыз ССРинин искусствосуна эмгек сиңирген ишмер, Кыргыз Республикасынын Эл артисти, автордук кыргыз киносунун негиздөөчүлөрүнүн бири, режиссёр жана сценарист Геннадий Базаров 6-февралда 81 жаш курагында салды.

Количество просмотров: 4998