• Ишенби 27 Чын куран 2024
  • Суббота 27 Апрель 2024

Күндүн ыргагы: Акча опузалаган делип блогер кармалды. Токтогулда келин асынып алды

9 Бирдин айы 2024 18:54 Бишкек Govori.TV

ТИШ ДОКТУРДА КАЗА БОЛГОН КЫЗДЫН ЖАКЫНДАРЫ ЭМНЕГЕ НААРАЗЫ?

Бишкекте Иса Ахунбаев атындагы окуу-илимий дарылоо медициналык борборунун анестезиология жана реанимация бөлүмүндө тишин дарылатуу учурунда чарчап калган үч жаштагы Алия Кубанычбекованын жакындары бүгүн, 9-февралда Саламаттык сактоо министрлигин алдына чогулушту.

Алар эксперттердин чыгарган корутундусуна нааразы болуп, түшүндүрмө талап кылышууда.

Эске салсак, Алия Кубанычбекова 2023-жылы 18-декабрда алты сааттык операциядан кийин чарчап калган.

Кыздын өлүмү боюнча Кылмыш-жаза кодексинин “Медициналык же фармацевттик кызматкер тарабынан кесиптик милдеттерди талаптагыдай эмес аткаруу” беренеси иш козголуп, анестезиолог камакка алынган.

Январь айынын аягында Бишкек шаардык соту анестезиологду үй камагына чыгарган.

ЖУРНАЛИСТ АТТОКУРОВ КАРМАЛДЫ

Журналист Эрмек Аттокуров кармалды. Чүй ОИИБдин маалыматы боюнча, Аттокуров Кылмыш-жаза кодексинин “Опузалап талап кылуу” беренесине шек саналып кармалган.

Милицияга Аттокуров менен Т.А., аттуу жаран укук коргоо органдарынын кызматтык адамдарынан 1 миллион сом опузалап талап кылган деген маалымат түшкөн.

Бул факты Чүй облустук милициясына катталып, кылмыш иши козголгон.

«Эрмек Аттокуров талап кылган сумманын 100 миң сомун алып жатканда кармалып, убактылуу кармоочу жайга киргизилген»,-деп жазылат маалыматта.

Тергөө иштери уланууда.

Эрмек Аттокуров 2023-жылдын март айында кошунасы аны үйүнөн сабаганын айтып, Чүй облустук милициясы, Сокулук райондук ички иштер бөлүмү чара көрбөй жатканына даттанган. Ошол эле учурда Эрмек Аттокуровдун кошунасы “таштандыны менин үйүмдүн алдына тыштайсын” деп ур-токмокко алганын айтып арыз жазган.

Бул иш боюнча Сокулук райондук соту былтыр Эрмек Аттокуровду күнөлүү деп таап, 30 миң сом айып салган. Ал бул чечимге каршы апелляциялык арыз менен Чүй облустук сотуна кайрылып, облустук сот тараптардын жарашуусуна байланыштуу ишти кыскарткан.

8-февраль күнү Фейсбуктагы баракчасына “ага каршы Чүй облустук жана Сокулук райондук милициясы чагымчыл иштерди даярдап жатканын” жазган.

Кошумчалай кетсек, Аттокуров буга чейин “Бешинчи каналда” жана НТС телеканалында журналист болуп иштеген.

УКМК БЛОГЕРДИ КАРМАДЫ

Блогер Батмакан Жолболдуева «опузалап акча талап кылууга» шектелип кармалганын Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитети кабарлады.

УКМК тараткан маалыматка караганда, блогер ушул жылдын январь айында Жалал-Абад шаарындагы коомдук тамактануу жайларынын бирине барып, санитардык-эпидомиологиялык талаптарга жооп бербегени үчүн видеого тарткан.

Андан кийин видеону «Фейсбуктагы» баракчасына жарыялап, талапка жооп бербеген коомдук жайды мамлекеттик санитардык-эпидемиологиялык көзөмөлдүн кызматкери калкалап жатканын жазган.

«Интернетке жүктөгөн материалды алып салуу үчүн Ооруларды алдын алуу жана мамлекеттик санитардык-эпидемиологиялык көзөмөлдөө департаментинин кызматкеринен 25 миң сом өлчөмүндө акча каражатын талап кылган. Үстүбүздөгү жылдын 6-февралында Ж.Б.Т. УКМК кызматкерлери тарабынан 25 миң өлчөмүндө акча каражатын алып жаткан жеринен кармалды», — деп айтылат маалыматта.

Эске салсак, «Акипресс» маалымат агенттигинин Баткен облусундагы кабарчысы, журналист Арзыгүл Галымбетова 2022-жылдын 25-мартында ооруканада каза тапкан. Анын өлүмүнө шектүү катары 28-мартта Батмакан Жолболдуева кармалган. Кийинчерээк 2023-жылдын 22-майында Баткен облустук соту журналисттин өлүмү боюнча актап, бирок «ээнбаштык» беренеси боюнча 50 миң сом айып салып, сот залынан бошоткон.

27 ЖАШТАГЫ КЕЛИН АСЫНЫП АЛГАН

Жалал-Абад облусунун Токтогул районунда 27 жаштагы келин өзү жашаган үйдөгү сарайда асынып алды. Бул тууралуу Жалал-Абад облустук ички иштер башкармалыгынын басма сөз кызматы билдирип, окуя 6-февралда болгонун кабарлады.

Бул факты Токтогул райондук ички иштер бөлүмүнүн маалыматтардын электрондук журналына каттоого алынып, текшерүү иштери башталган.

Каза болгон келиндин өлүмүнүн себептерин аныктоо үчүн соттук-медициналык экспертиза дайындалып, бирок маркумдун жакын туугандары сөөктү экспертизадан өткөрүүдөн баш тартышкандыктан, акт түзүлгөн.

“Азыркы учурда келиндин эмне себептен өз өмүрүнө кол салгандыгынын себептерин аныктоо максатында ыкчам иштер жүргүзүлүүдө”, — деп айтылат маалыматта.

Количество просмотров: 373