• Жекшемби 12 Бугу 2024
  • Воскресенье 12 Май 2024

Күндүн ыргагы: COVID-19дун экинчи толкуну болобу? Алайда апасынын өлүмүнө өспүрүм кызы шектелүүдө

29 Чын куран 2020 20:44 Бишкек Govori.TV

КОРОНАВИРУС: ӨЛКӨДӨГҮ АКЫРКЫ АБАЛ

29-апрелга карата Кыргызстанда коронавирус жуккан жаңы 21 учур катталды. Бул тууралуу саламаттык сактоо министрлигинин коомдук саламаттык сактоо башкармалыгынын башчысы Айнура Акматова билдирди.
Акматованын айтымында Кыргызстанда бир сутка ичинде 6 медициналык кызматкер коронавирус жуктуруп алган. муну менен COVID-19 вирусун жуктурган медицина кызматкерлеринин жалпы саны 191 адамга жетти. Ал эми бул илдетти жугузуп алгандардын ичинен 10бейтаптып абалы оор деп бааланууда.Муну менен катар эле Кыргызстанда бир сутка ичинде коронавирустан 21 бейтап айыгып, ооруканадан чыкты.

КОРОНАВИРУС: БОРОНОВ МААЛЫМАТ БЕРДИ

Кыргызстан эпидемиянын туу чокусуна жетти деп айтууга болбойт, деп билдирди бүгүнкү брифингде биринчи вице-премьер-министр Кубатбек Боронов. Ошол эле учурда Боронов коронавирустун экинчи толкуну болушу тууралуу ар кандай божомолдор бар экенин айтты. Мындан тышкары, биринчи вице-премьер министр Кыргызстанда той-аштарды өткөрүүгө азырынча уруксаат берилбей турганын белгилеп,эл аралык жана ички аба каттамдардын ачылышы боюнча түшүндүрмө берди.

АСРАНДИЕВ МААЛЫМАТ БЕРДИ

Бүгүнкү күнгө карата Кыргызстанга реалдуу түрдө 120,8 млн доллар келди. Бул тууралуу вице-премьер-министр Эркин Асрандиев маалымат жыйында билдирди. Анын айтымында, алар өлкөнүн бюджетинде кирешелик жоготуулардан улам, тышкы жардам катары башка жолдорду издеп жаташат. Пандемиянын айынан чек аралар жабылды, бул бажы жана салыктар жактан биздин негизги кирешелерибизди кыскартты, дейт Асрандиев. Ал кошумчалагандай кафе, ресторандардын толук кандуу иштешине уруксат өлкөдө өзгөчө абал, өзгөчө кырдаалдар режимдери толук алынгандан кийин берилет. 

КОЙ-ТАШ БОЮНЧА СОТТУК ОТУРУМ ЖЫЛДЫ

Бишкек шаарынын Биринчи май райондук сотунда Кой-Таш окуялары боюнча ачылган кылмыш ишин кароо айрым адвокаттардын келбей калгандыгына байланыштуу 6-майга жылдырылды. Бул тууралуу КСДП партиясынын расмий өкүлү Кундуз Жолдубаева өзүнүн «Фейсбук» баракчасына жазды. Отурумга мурдагы президент Алмазбек Атамбаевди бүгүн, 29-апрелде Бишкектин Биринчи май райондук сотуна алып келишкен, бирок айрым адвокаттардын келбей калгандыгына байланыштуу соттук отурум 6-майга жылдырылды.

АЛАЙДА ӨСПҮРҮМ АПАСЫНЫН ӨЛҮМҮНӨ ШЕКТЕЛҮҮДӨ

Алай районунун Жошолу айыл өкмөтүндөгү 10-класстын окуучусу апасынын өлүмүнө шектелүүдө. Бул тууралуу Ош шаары, Кара-Суу жана Ноокат райондорунун басма сөз кызматынан билдиришти. Маалыматка ылайык, окуя 24- апрель күнү болгон. Анда 16 жаштагы кыз апасы менен уруша кетип, эшикке илинүүчү темир кулпу менен апасынын башына 2-3 жолу уруп, башка бөлмөгө кирип жатып алган. Жаракат алган 52 жаштагы апасы кансырап, жаткан жеринде каза болгон.

Количество просмотров: 627