• Шаршемби 24 Чын куран 2024
  • Среда 24 Апрель 2024

Күндүн ыргагы: COVID жуктургандар 40 миңден ашты. Көчөдөгү элге бычак шилтеген жаран кармалды

10 Баш оона 2020 18:15 Бишкек Govori.TV

КОРОНАВИРУС: ЭПИДЕМИОЛОГИЯЛЫК АБАЛ

Кыргызстанда 10-августка карата коронавирустун жаңы 258 учуру катталды. Бул тууралуу коронавируска каршы Республикалык штабдан билдиришти. Штабдын маалыматына караганда, жалпы коронавирус жуктуруп алгандардын саны өлкө боюнча 40 миң 177 адамга жетти. Ошол эле учурда ооруканалардан бир сутка ичинде 407 бейтап айыгып, 11 медкызматкерден вирус табылды. Тилекке каршы аталган илдеттен бир күн ичинде 6 киши ажал тапты.

ЭЛ АРАЛЫК КАТТАМДАР ЖАНДАНУУДА

Кыргызстан Түркия жана Бириккен Араб Эмираттары менен аба каттамын жандандырды. Бул тууралуу өкмөт үйүндөгү маалымат жыйында Жарандык авиация агенттигинин директору Курманбек Акышев билдирди.
Ошондой эле Акышев эл аралык аба каттамдары жандана баштаганына байланыштуу өкмөт кыргызстандыктардын чек арадан чыгуусуна уруксат берген буйрукту иштеп чыкканы жатканын кошумчалады. Белгилей кетсек, коронавирус пандемиясына байланыштуу март айында Кыргызстан чек арасын жаап, каттамдар токтогон. Андан бери Кыргызстанга чертердик, жүк ташуучу жана гуманитардык рейстер гана катап жатат.

КОЙ-ТАШ ОКУЯСЫ: СОТ ОТУРУМУ КАЙРА ЖЫЛДЫ

Бүгүн, 10-августта Бишкектеги Биринчи май райондук сотунда Кой-Таш окуясы боюнча сот отуруму өттү. Райондук соттун басма сөз кызматы билдиргендей, бүгүнкү сот отурумунда мамлекеттик айыптоочулар тарабынан айыптоо актысын жарыялоо улантылмак, бирок жактоочулардын келбегендигине байланыштуу жыйын 12-август саат 10:00гө жылдырылды.

БИШКЕКТЕ АДАМДАРГА БЫЧАК МЕНЕН КОЛ САЛГАН ЖАРАН КАРМАЛДЫ

Бишкекте 1 кишини бычак менен жарадар кылган жаран кармалды. Бул тууралуу Милициянын кайгуул кызматынан билдиришти. Кайгуул милициясынан билдиришкендей, 8-август күнү болжол менен саат 22:40та 102 кызматына Рыскулов-Заводская көчөлөрүнүн кесилишинде белгисиз бир адам көчөдө бара жаткан адамдарга бычак менен кол салганы тууралуу маалымат түшкөн. Окуя жерине келген милиция кызматкерлери 49 жаштагы С.Э. аттуу жаран бычактан жаракат алып, ооруканага жеткирилгенин аныктаган. Бул кылмышка шектүү катары 28 жаштагы М.Б. аттуу жаран кармалып, Ленин райондук милициясына жеткирилген.

ЖОЛ КЫРСЫГЫ 2 АДАМДЫН ӨМҮРҮН АЛДЫ

Балыкчы-Чолпон-Ата-Каракол жолунун 29-чакырымында «Хундай-Соната» жана «Камаз» автоунааларынын катышуусунда жол кырсыгы болду. Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматы кырсыктан эки киши (1992-жылы туулган аял киши жана бир эркек) мүрт кеткенин, дагы бир адам жабыркаганын билдирди. Куткаруучулар каза болгондордун сөөгүн Ички иштер министрлигинин (ИИМ) кызматкерлерине өткөрүп беришти. Ал эми жаракат алган адамды «Тез жардам» кызматы Чолпон-Ата шаардык ооруканасына алып кеткен. Белгилей кетсек, Кыргызстанда соңку айларда жол кырсыктары көп катталууда.

ЕКАТЕРИНБУРГДАН ОШКО 219 КЫРГЫЗСТАНДЫК КЕЛДИ

Бүгүн Ош шаарына «Урал аба жолдору» авиакомпаниясынын Екатеринбург—Ош багыты боюнча чартердик каттамы менен Кыргызстандын 219 жараны кайтып келди. Бул тууралуу Республикалык штабдан билдиришти. Маалыматка ылайык, бул каттам менен Ошко Кыргызстанга кайтууга курч муктаждыгы бар жарандар Екатеринбург, Челябинск, Тюмен, Сургут, Магнитогорск, Салехарда Ханты-Мансийск, Жаңы Уренгой, Надым, Курган жана Пермден кайтып келишти. Алардын арасында эки жашка чейинки 12 бала бар.

БАТКЕНДЕ КООМДУК ТРАНСПОРТ ЖҮРӨ БАШТАДЫ

Баткен облусунда район, шаар аралык коомдук транспорттордун иштөөсүнө уруксат берилди. Мындай чечим облустук штабдын отурумунда кабыл алынды. Айдоочулар жана жүргүнчүлөр учурдагы кырдаал талап кылган бардык санитардык-эпидемиологиялык эрежелерди, талаптарды так сакташы керек. Автотранспорт агенттигинин жетекчилигине коомдук транспорттордо санитардык норманы сактоо боюнча айдоочуларга жана жүргүнчүлөргө түшүндүрүү иштерин жүргүзүү, унааларды байма-бай дезинфекциялоо, аларын ишине такай рейддерди жүргүзүп туруу тапшырмалары коюлду.

Количество просмотров: 444