• Жума 19 Чын куран 2024
  • Пятница 19 Апрель 2024

Күндүн ыргагы: Депутат кабинеттен чыгарылса, журналист өлкөдөн айдалды…

23 Жетинин айы 2022 18:40 Бишкек Govori.TV

ЖАПАРОВ ЕРЕВАНГА КЕЛДИ

Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаров бүгүн, 23-ноябрда Армения Республикасына иш сапары менен келди.  Садыр Жапаровду Армениянын вице-премьер-министри Мгер Григорян тосуп алды. Аэропорттун флагштокторуна Жамааттык коопсуздук келишими уюмуна мүчө-мамлекеттердин мамлекеттик желектери илинип, килем төшөлүп, ардак кароол тизилди.

Эске салсак, Мамлекет башчысы иш сапардын алкагында ЖККУнун Жамааттык коопсуздук кеңешинин кезектеги сессиясына катышат.

Анда уюмга мүчө-мамлекеттердин башчылары ЖККУнун жоопкерчилик чөйрөсүндөгү учурдагы кырдаалды жана эл аралык коопсуздуктун актуалдуу маселелерин талкуулашат. Мындан тышкары ЖККУга мүчө-мамлекеттердин ортосундагы шериктештикти бекемдөөгө, ошондой эле Уюмдун ишмердүүлүгүн жөнгө салууга багытталган бир катар документтерге кол коюу пландалууда.

Кыргыз президентин коштоп кеткен расмий делегациясынын курамында: тышкы иштер министри Жээнбек Кулубаев; коопсуздук кеңешинин катчысы Марат Иманкулов; коргоо министри Бактыбек Бекболотов; президенттин администрациясынын тышкы саясат бөлүмүнүн башчысы Муратбек Азымбакиев бар

ЭЛДИК КУРУЛТАЙ

«Элдик Курултай чакыруу жөнүндө» президенттин жарлыгына ылайык, үстүбүздөгү жылдын 25-26-ноябрь күндөрү Токтогул Сатылганов атындагы улуттук филармонияда Биринчи Элдик курултай өтөт.

Эл өкүлү Дастан Жумабеков курултайда коомдогу орчундуу маселелер талкууланышы керектигин айтат.

5-ноябрда Кыргызстандын бардык облустарында, Бишкек, Ош шаарларында жана чет өлкөдөгү эмгек мигранттарынын арасында жергиликтүү курултайлар өтүп, делегаттар шайланган.  Элдик курултайга 1074 делегат катышат. Курултай институту былтыр 5-майдан тартып күчүнө кирген Конституцияда жазылган. Ага ылайык, ушул жылдын 1-сентябрына чейин атайын мыйзам кабыл алынып, курултай жыл аягына чейин жыйынга чогулушу керек болчу.

Кошумчалай кетсек, Элдик курултайга байланыштуу 24-27-ноябрь күндөрү айрым көчөлөр убактылуу жабылат. Элдик курултай Токтогул Сатылганов атындагы филармонияда өтөрү пландалууда. Милициянын кайгуул кызматы жол кыймылы аймактардан келген курултайдын катышуучуларын тоскоолдуксуз өткөрүү үчүн убактылуу гана чектелерин эскертти.

ДЕПУТАТТАР КЕСИПТЕШИН КОРГОШТУ

Бүгүн, 23-ноябрда Жогорку Кеңештин айрым депутаттары кесиптешти Өмүрбек Бакировдун кабинетинен чыгарылышын сындашты. Алардин бири депутат Тазабек Икрамов президенттин иш башкармалыгынын жетекчисинин орун басары Элмира Үсөнованы жумуштан алууну сунуштады.

Жыйында сөз алган Адахан Мадумаров депутаттын макамы боюнча маселени көтөрдү.

Ал эми депутат Бакиров ага кабинет бериле электигин айтты.

Эске салсак, 17-ноябрда эл өкүлү Өмүрбек Бакиров УКМК төрагасы Камчыбек Ташиев менен кайым айтышкан. Ташиевге болушуп депутат Фархат Исмаилов кесиптеши менен мушташып кете жаздаган.

Андан соң парламенттин чарбалык иштерин караган президенттин иш башкармалыгы Бакировго 7-кабаттагы кабинетти бошотуп коюу талабы менен кат жөнөткөн. Эртеси эле депутаттын буюм-тайымдарын коридорго чыгарып салышкан.

ЖУРНАЛИСТ ӨЛКӨДӨН ЧЫГАРЫЛАТ

Бүгүн, 23-ноябрда Бишкек шаардык соту журналист Болот Темировдун ишин карап, чечимин чыгарды. Отурумда сот журналист Болот Темировду Кыргызстандан чыгаруу чечимин кабыл алган. Ал эми биринчи инстанциянын өкүмүнүн калган бөлүгү күчүндө калтырылды.

Соттун өкүмү окулган соң Болот Темировду милиция кызматкерлери күч менен алып чыгып, унаага салып кетишти.

Отурумда прокурор соттук коллегиядан Темировду ага тагылган Кылмыш-жаза кодексинин беренелери боюнча күнөөлүү деп табууну өтүнгөн. Ошондой эле журналистти өлкөдөн чыгаруу айтылган, анткени айыптоочунун айтымында, ал Кыргызстандын жараны эмес.

Ал эми Темиров соттогу акыркы сөзүндө күнөөсү жок экенин дагы бир жолу айтып, ага карата иш козгогон жана айып таккан күч органдарын акыйкат иштөөгө чакырган болчу.

Эске салсак, 27-октябрда Башкы прокуратура Болот Темирого карата райондук соттун чечимине каршы Бишкек шаардык сотуна апеляциялык арыз менен кайрылган.

Ага чейин Бишкектин Свердлов райондук соту тарабынан ага карата ачылган иштерде кылмыштын курамынын жоктугуна байланыштуу Темиров акталган. Ал эми «документ жасалмалоо» деген беренеси боюнча айыптуу деп табылып, бирок иштин мөөнөтү эскирип кеткенине байланыштуу жаза чара чегерилген эмес.

КЫРСЫКТА 8 АДАМ КӨЗ ЖУМДУ

Баткен облусундагы жол кырсыгында сегиз адам каза болду. Бул тууралуу облустун жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкармалыгынын басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, жол кырсыгы күн мурун, 22-ноябрда саат 19:30дар чамасында Кадамжай районундагы Ош – Раззаков жолунда катталган. Анда «Мерседец-спринтер» унаасы менен «Опел вектра» унаасы кагылышып, натыйжада 8 адам каза болгон жана бир адам Баткен облустук биргелешкен ооруканасына жеткирилген.

Учурда тергөө иштери жүрүп жатат.

ИИМдин маалымдашынча, 2021-жылдан 2022-жылдын 1-сентябрына чейин Кыргызстанда 11 722 жол кырсыгы катталган. Андан 1 247 адам мерт болгон.

Количество просмотров: 264