• Шейшемби 7 Бугу 2024
  • Вторник 7 Май 2024

Күндүн ыргагы: Депутаттар Байсалов менен «акыя» айтышты. Качып бара жаткан чиновниктер кармалды

20 Кулжа 2023 18:37 Бишкек Govori.TV

ЖАШЫРЫЛГАН МҮЛКТҮ МЫЙЗАМДАШТЫРУУ

Президент Садыр Жапаров “Жеке жактардын активдерин ыктыярдуу легалдаштыруу жана мунапыс берүү жөнүндө” мыйзамга кол койду.  Сунушталган мыйзамдын максаты жеке адамдардын мүлкүн жана кирешелерин мыйзамдуу экономикалык жүгүртүүгө активдерди декларациялоо учурундагы абалы боюнча жеке жактарга таандык, анын ичинде башка адамдарга номиналдуу катталган жана/же Кыргыз Республикасынын чегинен тышкары жерде жайгашкан активдерди ыктыярдуу декларациялоо аркылуу легалдаштыруунун укуктук механизмин түзүү; Кыргызстандын экономикасына ички жана тышкы инвестициялардын көбөйүшү; көмүскө экономиканын үлүшүн азайтуу; активдердин сакталышынын кепилдиктерин камсыз кылуу жана алардын ээлерин ушул Мыйзамда каралган өздөрүнө таандык болгон активдерди ыктыярдуу декларациялоого чейинки мыйзамдардын талаптарын бузулгандыгы үчүн Кыргыз Республикасынын мамлекеттик органдары тарабынан куугунтуктоодон коргоо аркылуу тартууга багытталган

Белгилей кетсек, аталган мыйзам долбоорлору  4-майда Жогорку Кеңеште колдоо тапкан. Мыйзамды 56 депутат колдоп, экөө каршы добуш берген.

Министрлер кабинети көмүскө экономиканы азайтуу үчүн легалдаштыруу өнөктүгү бир жылга созулуп, байлыгын ачыкка чыгаргандарга кылмыш иши козголбойт деген кепилдик берилерин билдирген.

Оппозициялык маанайдагы депутаттар жана айрым жарандык коом өкүлдөрү легалдаштыруу кампаниясын коррупционерлердин кызыкчылыгын көздөгөн демилге катары сыпатташкан.

ДЕПУТАТТАР БАЙСАЛОВДУ СЫНДАДЫ

Бүгүн, 20-июнда Жогорку Кеңештин Социалдык саясат боюнча комитет жыйыны өттү. Анда “Улуттук илимдер академиясынын Э. Гареев атындагы ботаникалык багы илим-изилдөө институтун сактоо жана өнүктүрүү боюнча чаралар жөнүндө” Жогорку Кеңештин 2022-жылдын 11-майындагы токтомунун аткарылышы тууралуу маселе каралды. Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Эдил Байсалов токтом аткарылганы тууралуу маалымат берди.

Жогорку Кеңештин Социалдык саясат боюнча комитети Бишкектеги Ботаникалык бак боюнча токтом аткарылган жок деген бүтүмгө келди.

Жыйында депутаттар тарабынан Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Эдил Байсаловдун дарегине бир катар сындар айтылып, кайым айтышуулар орун алды.

Натыйжада депутат Жамгырчиевдин сунушу менен комитет “Буга чейинки токтом аткарылбаганы үчүн чара көрүү, андан соң ошол токтомдо көрсөтүлгөндөрдү аткаруу” деген маанидеги чечим кабыл алды.

БЕЙӨКМӨТ МЫЙЗАМЫНА КАРШЫ КОЛ ТОПТОЛУУДА

Бейөкмөт уюмдар жөнүндөгү мыйзам долбооруна каршы петиция түзүлдү. Активисттер бул демилгени кайтарып алуу үчүн кол топтоп жатышат.

«Депутат Надира Нарматова жана Жогорку Кеңештин башка депутаттары «Коммерциялык эмес уюмдар жөнүндө» мыйзамга жана Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексине өзгөртүүлөрдү киргизүү демилгесин көтөрүшкөн. Жыйынтыгында “чет элдик өкүл” түшүнүгү киргизилип, ошондой эле катардагы жарандык активдүүлүк үчүн колдонула турган кылмыш-жаза жоопкерчилиги киргизилүүдө. Бул өзгөртүүлөрдүн кабыл алынышы көз карандысыз маалымат каражаттарынын, жарандык коомдун жана сөз эркиндигинин талкаланышына алып келет. Мунун баары саламаттыкты сактоо жана билим берүү тармактарына, ичүүчү сууга жетүү, сапаттуу мамлекеттик кызматтарга ээ болуу жана башка көптөгөн нерселерге таасирин тийгизет. Биз, Кыргызстандын жарандары, чет элдик өкүлдөр тууралуу мыйзам долбоорун чакыртып алууну талап кылабыз. Биз конституциялык принциптерди жана эл аралык келишимдерди сактоого, ошондой эле Кыргызстанда сөз эркиндигин, көз карандысыз маалымат каражаттарын, коммерциялык эмес уюмдарды жана жарандык коомду коргоого чакырабыз. Биздин өлкө эркин бойдон калуусу зарыл», — деп жазылат билдирүүдө.

Эске салсак, бейөкмөт уюмдарга көзөмөлдү күчөтөт деп сынга кабылган «чет өлкөлүк өкүл» тууралуу мыйзам долбоорун ЖК депутаты Надира Нарматова жазып, былтыр ноябрда коомдук талкууга чыгарган. Башында өзү жалгыз автор болуп көрсөтүлгөн документке дагы 32 депутат демилгечи болуп кошулган. Бирок кийин алардын айрымдары авторлуктан кайра баш тартып жатышат.

“Адилет” укуктук клиникасы бул “чет өлкөлүк өкүл” мыйзамын талдап чыгып, анын 98% Орусиянын “чет элдик агенттер” тууралуу мыйзамынан көчүрүлүп алынганын аныктаган.

ЖАРАТЫЛЫШ ӨНҮКТҮРҮҮ ФОНДУНДАГЫ КОРРУПЦИЯ

Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитети Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министринин мурдагы орун басары, министрликтин Чүй облустук башкармалыгынын азыркы директору кармалганын кабарлады.

Аталган мекеменин басма сөз кызматы тараткан маалыматка караганда, алар «коррупциялык схема түзүүгө» шек саналып жатат. Долбоорлорду кароо жана аларды бюджеттен каржылоо боюнча эксперттик комиссиянын туруктуу мүчөсү болуп турган адам  15-июнда «Ак-Жол автожол» өткөрүү пункту аркылуу өлкөдөн чыгууга аракет кылуу учурунда кармалган. Долбоорлорду тандоо жана комиссиянын кароосуна коюу боюнча эксперттик комиссиянын катчысы болгон жаран 18-июнда «Манас» эл аралык аэропортунан кармалган.
Атайын кызмат алар жеке долбоорлорду өз кызыкчылыгы бар жерлерге киргизип турганын, натыйжада аффилирленген чарба жүргүзүүчү субъектилерге өзгөчө ири өлчөмдөгү бюджеттик каражаттар мыйзамсыз бөлүнүп, эсептен чыгарылганын маалымдады.
Кармалгандар УКМКнын тергөө абагына камалды.

Эске салсак, УКМК 14-июнда «Кумтөр Голд» компаниясы бөлгөн акчадан 400 миллион сом туура эмес пайдаланылган деген шек менен «Жаратылышты өнүктүрүү фонду» уюмунун жетекчилиги кармалганын билдирген.

КАРЫНДАШЫНА БОЛУШУП ОК АТКАН ЖАРАН СОТТОЛДУ

Чүй райондук соту адам өлтүрүүгө шектелген Сухраб Жумакуловду үч жылга эркинен ажыратуу чечимин чыгарды. Бул тууралуу жактоочу Кайсын Абакиров билдирди.

Анын айтымында, Жумакуловго алгач Кылмыш жаза кодексинин 122-беренесинин (“Адам өлтүрүү”) 2-бөлүгү (“Бейбаштык максатта”) жана 267-беренеси (“Куралды, ок-дарыларды мыйзамсыз жүгүртүү”) боюнча айып коюлган. Сот чечиминде ал беренелер 123-беренеге (“Аффект абалында адам өлтүрүү”) алмаштырылды.

2022-жылы июль айында Чүй милициясы Бишкек–Торугарт автожолунун 69-чакырымында ок жеген 47 жаштагы эркек киши “Тез жардам” барганча көз жумганын маалымдаган.

Милициянын версиясы боюнча, эртең менен Токмок шаарында 33 жаштагы келин бараткан жерине жетип алуу үчүн аялдамага чыгып, жолдогу машиналардын бирине отурган. Айдоочу ыдык көрсөткөнүнөн ал агасына телефон чалып, башка машинага түшүп кеткен, бирок ал артынан барып, күч колдонуп, чачынан сүйрөп, аны сыртка чыгарууга аракет кылган. Ошол учурда келиндин агасы барып калып, травматикалык тапанчадан ок чыгарган.

Шектүү катары 36 жаштагы Сухраб Жумакулов кармалган. Карындашы бийликке кайрылып, агасынын ишинин калыс тергелишин жана аны үй камагына коё берүүнү суранган. 

Количество просмотров: 163