• Шаршемби 24 Чын куран 2024
  • Среда 24 Апрель 2024

Күндүн ыргагы: Депутаттар кезексиз жыйынга чогулууну талап кылууда. Дарыларды катып жаткан кампалар табылды

14 Теке 2020 19:11 Бишкек Govori.TV

КОРОНАВИРУС БОЮНЧА АКЫРКЫ АБАЛ

Кыргызстанда 14-июлга карата коронавирус жуктурган дагы 421 жаңы учур катталды. Бул тууралуу саламаттыкты сактоо башкармалыгынын башчысы Айнура Акматова өкмөт үйүндө өткөн маалымат жыйында билдирди. Жаңы катталгандардын арасынан  94ү медкызматкерлери. Акматованын  маалыматына ылайык, өткөн сутка ичинде пневмониядан 45 адам каза болсо, ал эми 2 бейтап COVID-19 инфекциясынан көз жумду.

КОРОНАВИРУСКА КАРШЫ АРАКЕТТЕР

Бүгүн, 14-июлда премьер-министр Кубатбек Боронов өлкөдөгү азыркы кырдаалга байланыштуу эпидемиологиялык абалды жана коронавируска каршы күрөшүү үчүн көрүлүп жаткан иштер боюнча онлайн маалымат жыйын берди. Анда премьер-министр керектүү делинген дарыларды катып жаткан эки кампа табылганын айтты. Боронов өлкө боюнча 3 айдын ичинде 488 миллион 300 миң сом медицина кызматкерлерине кошумча төлөм катары төлөнүп берилгенин белгилеп, Бишкек шаары боюнча эмгек өргүүдөгү 235 медицина кызматкери ишке чакыртылганын кошумчалады.

СТАЦИОНАРДА ИШТЕГЕН СТУДЕНТ КЫЗ КАЗА БОЛДУ

Бишкектеги күндүзгү стационарлардын биринде ыктыярчы болуп иштеп жаткан 5-курстун студенти каза болду. Бул тууралуу чогуу иштеген кесиптештери маалымдады. Каза болгон кыз Медициналык академиянын 5-курсун аяктаган. Стационарлардын бириндеги абалы орто жана жеңил бейтаптар тейленүүчү “кызыл зонада” бир команданын курамында чогуу иштегенине 11 күн болгон. 14-июлга караган түнү жумуш аяктагандан кийин Мырзабекова эс алганы жатып, ошо бойдон өзүнө келбей каза болгон. 

КҮНДҮЗГҮ СТАЦИОНАРЛАРГА 27 МИҢДЕН АШЫК АДАМ КАЙРЫЛДЫ

Бишкекте 13-июлга карата күндүзгү стационарларга 27 миң 169 жаран кайрылган. Бул тууралуу Бишкек шаарынын мэриясынан билдиришти. Маалыматка ылайык, анын ичинен 20 миң 317 жаранга тамчылатма дары куюлса, 6 миң 687сине медициналык кеп-кеңеш берилген. 12 стационарда 241 дарыгер, медайым, санитар, ординатор жана ыктыярчылар иштеп жатат.

ДЕПУТАТТАР КЕЗЕКСИЗ ЖЫЙЫНГА ЧОГУЛУУНУ ТАЛАП КЫЛУУДА

Жогорку Кеңештин маалымат кызматы айрым депутаттардын кезексиз жыйынга чогулууну талап кылганы тууралуу билдирүү таратты. Анда Жогорку Кеңештин регламентине ылайык, төрага кезексиз сессияны президенттин, өкмөттүн же депутаттардын үчтөн биринин сунушу менен гана өткөрө ала турганы айтылат. Ошондой эле кезексиз жыйын өткөрүү сунушунда анын себеби, каралуучу маселе жана датасы жазылышы керек. Буга чейин Жогорку Кеңештин депутаттары Жанар Акаев, Наталья Никитенко парламенттин кезексиз жыйынын өткөрүү талабы менен төрага Дастанбек Жумабековго кайрылышкан болчу.

БОТАНИКАЛЫК БАКТА ӨРТ ЧЫКТЫ

Бишкек шаарынын Октябрь районундагы Ботаникалык бактын аймагындагы куураган чөп күйүп, өрт чыкты. Өзгөчө кырдаалдар министрлиги билдиргендей, тилсиз жоо бакчанын жалпы 3000 чарчы метр аянтына жайылган. Учурда өрттүн себеби такталып жатат.

Количество просмотров: 297