• Жума 29 Жалган куран 2024
  • Пятница 29 Март 2024
Орозо

Күндүн ыргагы: Депутаттар жыйында ызылдаша кетишти. Вирус жугузгандар 1082 адамга жетти

14 Бугу 2020 19:29 Бишкек Govori.TV

КОРОНАВИРУС: АКЫРКЫ АБАЛ

Кыргызстанда коронавирус жуктурган дагы 38 жаңы учур катталды. Бул тууралуу Саламаттык сактоо министринин орун басары Мадамин Каратаев өкмөт үйүндө өткөн маалымат жыйында билдирди. Учурда Республиканын аймагында коронавирус жуктургандар 1082ге жетти. Каратаевдин айтымында жаңы учурлардын арасынан алтоо медицина кызматкерлери.

107 КЫРГЫЗСТАНДЫК МЕКЕНИНЕ КЕЛДИ

Бүгүн, 14-майда Бишкекке Катар жана Кувейттен «Jazeera Airways» авиакомпаниясынын «Эль-Кувейт – Доха – Бишкек» рейси аркылуу Кыргызстандын 107 жараны кайтып келди. Бул тууралуу  ТИМдин басма сөз кызматынан билдиришти. Маалыматка ылайык, учуп келген жарандардын баардыгы обсервацияга жөнөтүлдү.

БАЛАСЫ ӨЛҮК ТӨРӨЛГӨН КЕЛИНДИН ОКУЯСЫ ТАЛКУУДА

Буга чейин социалдык түйүндөрдө видео тасма тарап, анда аксылык экенин айткан кош бойлуу келин төрөтканалардан кабыл албай жатканын ыйлап айтып берген. Ага кош бойлуулуктун мөөнөтү жана документтери жок болгонун себеп кылышкан. Бул маселе коомчулукта кызуу талкууланып жатат. Ал эми бүгүн өкмөт үйүндөгү маалымат жыйында саламаттык сактоо министринин орун басары Мадамин Каратаев  түшүндүрмө берип, окуяга байланыштуу ыкчам жумушчу топ түзүлгөнүн билдирди.

ЖАҢЫ ДЕПУТАТТАР АНТ БЕРДИ

Жогорку Кеңештин бүгүн, 14-майдагы отурумунда жаңы мандат алган 2 депутат ант берди. БШК «Кыргызстан» фракциясынан депутат катары Шаршенбек Абдыкеримов менен Жаныбек Жоробаевди каттаган. Жогорку Кеңештин төрагасы Дастанбек Жумабеков жаңы депутаттардын иштерине ийгиликтерди каалады.

ПАРЛАМЕНТТЕГИ КАЙЫМ АЙТЫШУУ

Бүгүн, 14-майда Жогорку Кеңештин жыйынында парламентке өтүү үчүн босоголук чекти 9 пайыздан 7 пайызга төмөндөтүүгө багытталган мыйзам долбоору каралды. Анда айрым депутаттары бул мыйзамды карап чыккан тармактык комитеттин төрагасы Канат Керезбековду мыйзамсыздыкка жол берди деп айыпташты. Комитеттин төрагасы Канат Керезбеков эч кандай мыйзам же регламент бузулбаганын белгилеп, эмоцияга алдырбоого чакырды. Талашка акыркы чекитти Жогорку Кеңештин төрагасы Дастан Жумабеков койду. Ал эч кандай регламент бузулбаганын белгилеп, иш өз нугунда жүрүп жатканын айтты.

Количество просмотров: 182