• Ишенби 11 Бугу 2024
  • Суббота 11 Май 2024

Күндүн ыргагы: Экс-депутаттын камактагы мөөнөтү узартылды. Өкмөттүн айласын кетирген коронавирус

1 Бугу 2020 0:24 Бишкек Govori.TV

КОРОНАВИРУС: ӨЛКӨДӨГҮ АКЫРКЫ АБАЛ

30апрелге карата Кыргызстанда коронавирус жуккан жаңы 17 учур катталды. Бул тууралуу саламаттык сактоо министрлигинин коомдук саламаттык сактоо башкармалыгынын башчысы Айнура Акматова билдирди. Муну менен өлкө боюнча коронавирус жуктургандардын саны 746ны түздү.

ӨКМӨТ ПАРЛАМЕНТТЕ МААЛЫМАТ БЕРДИ
Бүгүн, 30-апрелде Жогорку Кеңештин жыйынында премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев баштаган өкмөт мүчөлөрү өзгөчө абал шартындагы аткарылган иштер тууралуу маалымат беришти. Өкмөт башчы Мухамедкалый Абылгазиев өзгөчө кырдаал шартындагы антикризистик программа учурда иштелип жатканын белгилеп, долбоор май айында жарыя кылынарын айтты. «Республика – Ата Журт» фракциясынын мүчөсү, депутат Руслан Казакбаев өкмөткө өзү менен өзү эле алектене бербей, тажрыйбалуу эксперттерди да тартып, кеңеш түзүүнү сунуш кылды.

КАРАМУШКИНА ПАРЛАМЕНТТЕ ЖЕМЕГЕ КАЛДЫ

Ирина Карамушкина Кыргызстанга коронавирус илдетин кичи ажыга баргандар алып келгенин белгилеп, аларды текшербей, үйлөрүнө таратып жиберген мамлекеттик кызматкерлерди да шалаакылыгы үчүн жоопко тартуу маселесин көтөрдү. Карамушкинанын сөзүнөн кийин бир нече депутаттар “Карамушкина ооруну умрага баргандар алып келди деген сөзү үчүн жооп берсин” деген талаптарын коюшту. депутат Төрөбай Зулпукаров айрым депутаттар башка депутаттар тууралуу туура эмес маалыматтарды таратып жатканын билдирди. Ал эми депутат Өмүрбек Бакиров Карамушкинанын айткан сөзү боюнча укуктук баа берүүнү сунуш кылды.

АЖЫМАТОВДУН СӨӨГҮ АЛА-АРЧАГА КОЮЛАТ

Журналист, акын Зайырбек Ажыматов кечээ, 29-апрелде көз жумду. Маркум 1-майда жерге берилерин акындын жакындары билдирген.
Белгилүү болгондой, акындын сөөгү Бишкектеги Ала-Арча көрүстөнүнө коюлат.
Маркумдун артында жубайы, 4 баласы (2 уул, 2 кыз) калды. Зайырбек Ажыматов жарык дүйнөгө 1976-жылы 27-майда Аксы районунун Ак-Жол айылында келген. Калеминен жаралган ырлары «Жалгыздык» (1996-жыл), «Мелмил» (2005-жыл), «Нөлү көп жылдар» (2011-жыл) деген аталыш менен жыйнак болуп басылып чыккан.

ОСМОНАЛИЕВДИН КАМАКТАГЫ МӨӨНӨТҮ УЗАРДЫ

Бишкек шаарынын Биринчи май райондук сотунда экс-депутат Каныбек Осмоналиевдин бөгөт чарасы каралып, камактагы мөөнөтү 3-июлга чейин узартылды. Мындай чечимди Биринчи май райондук соту кабыл алды. Бул тууралуу анын жактоочулары билдирди.
Эске салсак, 2-мартта Ала-Тоо аянтында камактагы экс-депутат Садыр Жапаровду колдогон митинг өтүп, акциядан кийин көпчүлүк эл Ак үй тарапка агылган. Алар менен күч органдарынын ортосунда кагылышуу чыгып, милиция элди күч менен тараткан.
Митингден кийин Улуттук коопсуздук комитети (УКМК) бийликти күч менен басып алууга аракет жасаган деген шек менен Жогорку Кеңештин экс-депутаты Каныбек Осмоналиевди жана мурдагы судья Анар Дубанаеваны кармаган.

ОКУУ ПРОЦЕССИНДЕГИ ӨЗГӨРҮҮЛӨР

Жалпы республикалык тестирлөө 21-22-июнь күнү болуп өтөт. Бул тууралуу өкмөт үйүндөгү маалымат жыйында билим берүү жана илим министри Каныбек Исаков билдирди. Анын айтымында, 13-июль күнү тестирлөөнүн жыйынтыктары чыгат. Ошондой эле министр Кыргызстанда быйыл мектеп жана жогорку окуу жайларда окуу жылы дистанттык түрдө аяктай турганын айтты. Ал эми бала бакчалар карантиндик режим толук алынып, эпидемиологиялык абал жакшырганда ачылат. 

Количество просмотров: 211