• Ишенби 4 Бугу 2024
  • Суббота 4 Май 2024

Күндүн ыргагы: Экс-министрдин баласы кармалды. УКМК Ажиевден канча акча алынганын айтты

17 Тогуздун айы 2023 18:23 Бишкек Govori.TV

НАРМАТОВАНЫН МЫЙЗАМЫ. ПАРЛАМЕНТТИК УГУУ ӨТТҮ

Бүгүн, 17-октябрда Жогорку Кеңеште «Коммерциялык эмес уюмдар жөнүндө» жана «Кылмыш-жаза кодексине өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө» мыйзам долбоору боюнча парламенттик угуу өттү. Жарандык коомдун, укук коргоо органдарынын, мамлекеттик органдардын өкүлдөрү катышкан жыйында аймактарда иш алып барган бейөкмөт уюмдардын өкүлдөрү парламент депутаты Надира Нарматова демилгелеп жаткан мыйзам долбоорун артка кайтарып алууну суранышты. Алардын бири “Интербилим  Ош” уюмунун жетекчиси Гүлгакы Мамасалиева бул мыйзам долбоорунда бейөкмөт уюмдарын киши өлтүргүчкө теңеп койгонун айтып нааразы болду.

Ал эми Эл аралык ишкердик кеңештин аткаруучу директору Аскар Сыдыков Сыдыков эл аралык уюмдар Кыргызстанга колдоо көрсөтүүдө демократиянын, адам укуктарынын жана сөз эркиндигинин абалына биринчи кезекте көңүл бурушарын белгилеп буларга токтолду.

Журналист Семетей Аманбеков документти парламент колдобошу керек деген пикирин айтты.

Бейөкмөт уюмдарга көзөмөлдү күчөтөт деп сынга кабылган «чет өлкөлүк өкүл» тууралуу мыйзам долбоорун ЖК депутаты Надира Нарматова жазып, былтыр ноябрда коомдук талкууга чыгарган. Башында өзү жалгыз автор болуп көрсөтүлгөн документке дагы 32 депутат демилгечи болуп кошулган. Бирок кийин алардын айрымдары авторлуктан кайра баш тартып жатышат.

Ал эми депутат Надира Нарматова мыйзам долбоору сөз эркиндигин, бейөкмөт же эл аралык уюмдардын ишин чектебей турганын айтып ишендирүүдө.

ЭКС-МИНИСТРДИН УУЛУ КАРМАЛДЫ

Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитети коррупцияга шек саналып кармалган мурдагы жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министри Динара Кутманованын уулу Кемелбек Кутманов Түркиядан Кыргызстанга алып келингенин 17-октябрда билдирди.

Иликтөө иштеринин жүрүшүндө Кутманов кылмыш жоопкерчилигинен качуу үчүн 29-майда Казакстанга чыгып, кийин Москвада жүргөнү, 19-июндан тарта Түркиянын Стамбул шаарында жашап жатканы аныкталган. “Интерпол” аркылуу издөө жарыяланган соң Кутманов кармалып, Стамбулдагы атайын миграциялык лагерге жайгаштырылган.

Мекеменин маалыматына ылайык, тергөөнүн жүрүшүндө Кутманов Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министрлиги менен “Жаратылышты өнүктүрүү фондунун” ишине кийлигишип, андагы долбоорду каржылоонун 10% өзүнө алып турганы далилденгени айтылат.

Ошондой эле көрсөтмөлөрдүн негизинде Кутманов чарба жүргүзүүчү беш субъектиден 17 миллион сомдон ашык суммада кенемте алганы, “Жашыл Мурас” фонду боюнча да 7 млн 560 миң сом алганы аныкталганы жазылган.  Ички иштер министрлиги экс-министрдин уулуна 27-июнда эл аралык издөө жарыяланганын, түрк миграция кызматы аны 11-июлда кармаганын билдирген.

Анын алдында мурдагы министр Динара Кутманова уулун Түркиядан белгисиз бирөөлөр кармап кетип, “Кыргызстандагы айрым адамдардын буюртмасы менен” деп алгач 2 миллион доллар талап кылып, кийин 600 миң долларга түшүрүп коё беришкенин, аны ким уурдап, ким буюртма бергенин аныктоо өтүнүчү менен ИИМге да, УКМКга да кайрылып, бирок жооп албаганын билдирген. ИИМ кийин Кутмановдун уурдалганы боюнча маалыматты четке каккан.

25-июлда УКМК мурдагы жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министри Динара Кутманова коррупцияга шектелип кармалганын билдирген.

СУДЬЯ ПАРА АЛУУГА ШЕКТЕЛҮҮДӨ

Бишкек шаарынын Ленин райондук сотунун судьясы кармалып, Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин тергөө абагына камалды. Бул тууралуу атайын кызматтан билдиришти.

Мурда маалымдалгандай, УКМК тарабынан көрүлгөн сот тутумундагы коррупциялык көрүнүштөрдү жоюу боюнча системалуу иш-чаралардын жүрүшүндө, каралып жаткан кылмыш иши боюнча оң чечим чыгарып берүү үчүн 2 миң доллар өлчөмүндө пара талап кылуу жана алуу фактысы учурунда Ленин райондук сотунун судьясы, ошондой эле ортомчу катары иш алып барган судьянын консультанты жана судьянын жакын досу кармалды.

2023-жылдын 5-сентябрында УКМК тарабынан чогултулган материалдарынын негизинде, Башкы прокурор аталган судьяга карата КР Кылмыш-жаза кодексинин 342 жана 343-беренелеринде («Опузалап пара талап кылуу жана алуу)» каралган кылмыш белгилери боюнча экинчи кылмыш иши козголгон. 16-октябрында КР Судьялар кеңешинин чечиминин негизинде Ленин райондук сотунун судьясы Биринчи май райондук сотунун чечими менен УКМКнын тергөө абагына камакка алынды. Учурда тергөө иштери жүрүп жатат.

УКМК АЖИЕВДЕН КАНЧА АКЧА АЛЫНГАНЫН АЙТТЫ

Вебкам-студия иштеткен Даниел Ажиевдин мыйзамсыз иштеринен мамлекетке 500 миң АКШ доллары алынды. Бул тууралуу Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитеттин басма сөз кызматы билдирди.

Ажиевге карата кылмыш ишин иликтөөнү улантууда. Жүргүзүлгөн иликтөө иштеринин натыйжасында Ажиев башка өлкөнүн жарандарынын ичинен 300дөн ашык “веб-камера моделдеринин” операторлору кирген адамдардын тобун жетектегени аныкталган. Ал тарабынан кылмыштуу аракеттерден мыйзамсыз алынган акча каражаттарынын жүгүртүүсү ай сайын болжол менен 300 миң АКШ долларын түзгөн. Бул иш боюнча топтун 8 активдүү мүчөсү кылмыш жоопкерчилигине тартылып, алардын алтоосу, анын ичинде Ажиев өзү кармалып, экөөнө издөө жарыяланган.

Улуттук коопсуздук комитети веб-кам студияларды иштетүүгө айыпталган Даниел Ажиев мамлекетке өз ыктыяры менен 44 миллион сом берген деген маалыматты четке какты.

Эс салсак, Даниел Ажиев Өзбекстанда 2023-жылдын 5-июнунда веб-камера студияларын уюштурган деген айып менен кармалган. Биринчи Май райондук соту аны алгач 29-сентябрга чейин УКМКнын тергөө абагына камакка алган. Кийин камактагы мөөнөтү 2023-жылдын 29-ноябрына чейин узартылган.

Количество просмотров: 535