• Жума 17 Бугу 2024
  • Пятница 17 Май 2024

Экс-депутат Жолдошбаевдин кызы кармалды

30 Чын куран 2024 14:20 Бишкек Govori.TV

«Беш-Сары» ЖЧКсынын директору, Бишкек шаардык кеңешинин депутаты Наргиза Жолдошбаева кармалды. Бул тууралуу УКМКнын басма сөз кызматы кабарлады.

Маалыматта айтылгандай, УКМК «Беш-Сары» ЖЧКсынын жетекчилиги тарабынан жеке менчикти ыйгарып алуу жана үчүнчү жактарга өткөрүп берүү боюнча алдамчылык фактысын аныктоо боюнча көрүлүп жаткан иш-чаралардын алкагында, өзгөчө ири өлчөмдө салык төлөөдөн качуу фактысын да аныктады.

Белгилүү болгондой, «Беш-Сары» ЖЧКсынын директору Ж.Н.К. 2023-жылдын ноябрь айында компетенттүү органдар тарабынан түшүндүрүү иштери жүргүзүлгөндөн кийин, аталган соода-базар комплексинде соода иши менен алектенген ишкерлердин ижара акысы 30% га төмөндөтүлгөнүн, аталган ЖЧКнын жетекчилиги санариптик экономикага акырындык менен өтүү боюнча бийликтин саясатын колдоо зарылдыгы жөнүндө жалпыга маалымдоо каражаттарында билдирген.

Деген менен, аталган уюмдун жетекчилиги 2024-жылдын май айынан тарта ижара акысы үчүн мурдагы бааларды кайтаруу жана жогорулатууну көздөгөн. Мындай кадам «Беш-Сары» соода түйүнүндө жеке ишкерлик менен алектенген ишкерлердин нааразылыгынын өсүүсүнө түрткү болгон.

2024-жылдын 29-апрелинде КР Жазык-процесстик кодексинин 96-беренесине ылайык, Бишкек шаардык кеңешинин депутаты, «Беш-Сары» ЖЧКсынын директору Ж.Н.К кармалып, УКМКнын убактылуу кармоочу жайына киргизилди.

КР УКМК буга чейин КР Министрлер Кабинетинин салык реформасын ишке ашырууга көмөк көрсөтүү максатында соода жана оюн-зоок комплекстеринин ээлери менен сүйлөшүүлөрдүн жыйынтыгында соода орундары үчүн ижара акысынын наркын төмөндөтүү, ошондой эле жеке ишкерлерге жана ижарачыларга жагымдуу шарттарды түзүү боюнча макулдашуу болгонун эскертет.

Ачык булактардагы маалыматтарга таянсак, жогоруда аты аталган Наргиза Жолдошбаева экс-депутат Камчыбек Жолдошбаевдин кызы.

Теги:
Количество просмотров: 472