• Жума 29 Жалган куран 2024
  • Пятница 29 Март 2024
Орозо

Күндүн ыргагы: Экс-вице-премьер кайра кармалды. Оштун губернаторуна депутаттардын сыны күчөдү

16 Жалган куран 2023 18:22 Бишкек Govori.TV

КЫРГЫЗ-ТАЖИК ЧЕК АРА ТОПТОРУ ЖОЛУКТУ

Тараптар буга чейин жетишилген макулдашууга ылайык, 2023-жылдын 10-мартынан 16-мартына чейин Дүйшөмбү шаарында (Тажикстан) кыргыз-тажик мамлекеттик чек арасын делимитациялоо жана демаркациялоо боюнча Кыргызстан жана Тажикстандын өкмөттүк делегацияларынын топографиялык жумушчу топторунун кезектеги жолугушуусу болуп өттү.

Министрлер кабинетинин басма сөз кызматы билдиргендей, жолугушуунун жыйынтыгында тиешелүү Протоколго кол коюлду.

Жолугушуу достук маанайда жана өз ара түшүнүшүү деминде өттү.

Кийинки жолугушуу Кыргызстандын аймагында өткөрүлөт.

ОШ ГУБЕРНАТОРУ СЫНДАЛДЫ

Жогорку Кеңештин депутаттары парламенттин 16-марттагы жыйынында президенттин Ош облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Зиядин Жамалдиновдун ишмердүүлүгүнө сын айтышты.

«Ата журт-Кыргызстан» фракциясынын депутаты Алишер Козуев Ош облусунун башчысы Жамалдинов өзүн негизсиз каралоолор менен айыптап жатканын айтты.

Дагы бир депутат Шайлообек Атазов да кадр саясаты аксап жатканын белгилеп, иштей албаган министрлерди, облус башчыларын депутаттар менен айтышып отурбай, иштен кетүүгө чакырса, кесиптеши “Ата-Журт Кыргызстан” фракциясынын депутаты Надира Нарматова да сөз алып, президенттин Ош облусундагы өкүлү Зиядин Жамалдиновдун дарегине бир катар сындарды айтты.

Президент Садыр Жапаровдун Ош облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Зиядин Жамалдинов Жогорку Кеңештин 9-марттагы жыйынында өзүнө карата айтылгандарга жооп берип, дооматтар негизсиз экенин билдирген.

Жогорку Кеңештин 9-марттагы жыйында депутат Жусупбек Коргонбай уулу президенттин өкүлү токой чарбанын жерин, үйүн бир тууган агасына каттатып алганын айткан. Андан сырткары гектарлаган жерлерди алып алган, мүлк жыйнаган фактылар бар экенин белгилеп, мамлекет башчысына кайрылган. Мурдагы депутат Зиядин Жамалдинов президенттин Ош облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү 2021-жылы 222-июлда дайындалган.

ИЮНЬ ОКУЯСЫ БОЮНЧА СОТ ОТУРУМУ ӨТТҮ

Бүгүн, 16-мартта Бишкектин Биринчи Май райондук сотунда 2010-жылдагы июнь окуясы боюнча соттук отурум уланды. Отурумга судья Чыңгыз Бердимуратов төрагалык кылууда. Июнь окуясы боюнча иште айыпталуучулар Убактылуу өкмөттүн мурдагы мүчөлөрү Алмазбек Атамбаев, Исмаил Исаков, Бектур Асанов, Кеңешбек Дүйшөбаев жана Бактыбек Алымбеков. Асанов менен Дүйшөбаев бүгүнкү күндө башка иш боюнча камакта.  Убактылуу өкмөттүн мүчөлөрү ошол окуяларда кызмат абалынан кыянаттык менен пайдаланган деп айыпталууда. Тергөөнүн өзү 2021-жылы кайрадан улантылган.

Жактоочулар айыпталуучу Алмазбек Атамбаев чет өлкөдөн дарыланып келгиче кылмыш ишти өндүрүштөн токтотуу өтүнүчүн киргизишти.

Судья Бердимуратов өтүнүчтү канааттандырган жок. Жараянга Бекназаров күбө катары алынып келинип,  төмөндөгүлөрдү билдирди.

Башкы көзөмөлдөөчү орган 26-апрелде 2010-жылдагы июнь коогасына байланыштуу козголгон кылмыш ишин тергөө уланып жатканын билдирген. Ага ылайык, кылмыш иши Жалал-Абаддагы өзбек улуттук маданий борборунун мурдагы президенти, экс-депутат, маркум Кадыржан Батыровдун Кыргызстандан чыгып кетишинен улам «кызмат абалынан кыянат пайдалануу» беренеси менен козголгон.

Кылмыш ишине байланыштуу быйыл 20дай саясатчы сурак берген.

Мындан 13 жыл мурун жайында, апрель окуясынан көп өтпөй Кыргызстандын түштүгүндө улуттар аралык жаңжал чыгып, анын кесепетинен 400дөн ашуун адам каза болгон.

ЗИЛАЛИЕВ КАЙРАДАН КАРМАЛДЫ

Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитеттин маалыматына караганда, козголгон кылмыш ишинин алкагында Өнөр жай, энергетика жана жер казынасын пайдалануу мамлекеттик комитетинин мурдагы жетекчиси кармалды. Ал 2017-жылы аталган комитетти башкарып турганда ыйгарым укуктарына таянып, пайдалуу кендери бар жерлерге лицензия берүү маселесин чечип берүүнү убада кылып, жарандан 50 миң АКШ доллары өлчөмүндө акча алганы аныкталды.

Бирок шектүү айтылган убадаларын аткарган эмес жана алган акчасын кайтарып берген эмес. Тергөөнүн жүрүшүндө чогултулган далилдердин негизинде 15-мартта Зилалиев УКМКнын тергөө абагынын убактылуу кармоочу жайына киргизилди.

2020-жылы Башкы прокуратура экс-вице-премьер Дүйшөнбек Зилалиевге 2010-2017-жылдары мамлекеттик органдарда жетекчилик кызматты ээлеп тургандагы ишмердүүлүгү боюнча «мыйзамсыз баюу» беренесинин негизинде кылмыш ишин козгогон. Ал Биринчи Май райондук сотунун чечими менен күнөөлүү деп табылып, жети жылга кесилген. Кийин 2021-жылы 23-июнда Жогорку сот Зилалиевге «мыйзамсыз баюу» боюнча коюлган айыпты жокко чыгарып, ишти кайра кароого Бишкектин Биринчи Май райондук сотуна жөнөткөн.

ДАРЫГЕР КАРМАЛДЫ

Саламаттыкты сактоо министрлигине караштуу Улуттук госпиталдын башкы дарыгерине кылмыш иши козголду. УКМК тараткан маалыматка ылайык, башкы дарыгер калктын социалдык жактан аялуу катмарынын укуктарын чектеген жана жеңилдиктерди алуу мүмкүнчүлүгүнөн ажыраткан ар кандай коррупциялык схемаларды түзүүгө, үзгүлтүксүз опузалоо, тендер өткөрүүдө акчаны кайтарып алуу,  жогорулатылган баада мамлекеттик сатып алуулар, дары-дармектерди жасалма эсептен чыгаруу сыяктуу аракеттерге айыпталууда.

УКМК мындай фактылардын 20дан ашык учурлары катталганын билдирди. 2022-жылдын октябрь айында иммуномодуляциялоочу дары-дармектерди жеткирүү боюнча тендердин жыйынтыгында жеңүүчү компания ашыкча баада жеткирилген, анын натыйжасында бюджет 36 млн 205 миң 791 сом зыян тарткан. Мындан тышкары, 2022-жылдын май айында дары-дармектерди, ошондой эле 25 млн 510 миң 700 сомго медициналык кол каптарды сатып алууда мыйзамсыз келишим түзүү жолу менен бир булактан сатып алуу ыкмасы колдонулган.  Стерилдүү эмес медициналык кол каптардын бир пакетинин базардагы чекене баасы 500 сомдон ашпайт, ал эми министрлик аларды бир пакетке 1200 сомдон, 5 млн 356 миң сомго сатып алган.

Саламаттыкты сактоо министрлигинин жылдык бюджети донордук жана гранттык каражаттарды кошпогондо 700 млн сомдон ашык. Анын ичинен 370 миллион сому дары-дармектерди жана медициналык буюмдарды сатып алууга, ошондой эле учурдагы керектөөлөргө жумшалат.

Атайын кызматтын текшерүүсү мамлекетке өзгөчө ири өлчөмдө жана 40 миллион сомдон ашкан зыянды аныктады. Учурда башка коррупциялык фактыларды, жогоруда аталган схемаларга тиешеси бар кызмат адамдарын аныктоо боюнча тергөө-ыкчам иш-чаралары жүргүзүлүүдө.

Количество просмотров: 413