• Жекшемби 28 Чын куран 2024
  • Воскресенье 28 Апрель 2024

Күндүн ыргагы: Эне-баланы өлтүргөн Ашыралиевге өкүм чыкты. Атазов Жапаров менен Ташиевдин кабыл алуусун суранды

3 Жетинин айы 2023 18:07 Бишкек Govori.TV

ТМУ САММИТИ

Кыргызстандын президенти Астанада өтүп жаткан ТМУга мүчө өлкөлөрдүн башчыларынын онунчу саммитинде сүйлөп жатып, 2025-жылы Улуу Жибек Жолунун бир бутагында жайгашкан Жалал-Абад шаарын Түрк дүйнөсүнүн туристтик борбору деп жарыялоону сунуштады.

Мамлекет башчысы өз билдирүүсүндө Түрк кызматташтык уюмдары – ТҮРКСОЙ, Түрк Академиясы жана Түрк маданияты жана мурасы фондунун ортосундагы өз ара аракеттенүүнү мындан ары да күчөтүүгө жана туристтик индустрияны өнүктүрүү иштерин активдештирүүгө чакырды.

Белгилей кетсек, учурда Астанада Түрк мамлекеттер уюмуна мүчө өлкөлөрдүн башчыларынын саммитинин кезектеги онунчу жыйыны өтүүдө. Саммиттин ишине уюмга мүчө — Кыргызстан, Азербайжан, Казакстан, Түркия жана Өзбекстандын мамлекет башчылары катышууда.

Венгриянын премьер-министри жана Түркмөнстандын Халк Маслахатынын төрагасы саммиттин ишине ТМУга байкоочу макамы бар өлкөлөр катары катышууда.

Саммиттин алкагында өлкө лидерлери уюмдун күн тартибиндеги актуалдуу маселелерди талкуулашат, көп тараптуу кызматташтыктын негизги багыттарын камтыган Астана актысын жана саммиттин жыйынтыктоочу Декларациясы кабыл алынды.

ЧЕК АРА МАСЕЛЕСИН ЧЕЧҮҮ

Кыргызстан Тажикстан менен мамлекеттик чек ара тилкесин делимитациялоону жыл аягына чейин бүтүрүүнү пландоодо. Бул тууралуу Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров 3-ноябрда Бишкекте жакырчылыкты жана теңсиздикти жоюуга арналган улуттук форумда билдирди. Анын айтымында, Садыр Жапаров менен Эмомали Рахмон өкмөттөр аралык комиссияга 2024-жылга чейин чек араны тактоо иштерин бүтүрүү тапшырмасын берген.

Эске салсак, эки өлкөнүн чек арасынын жалпы узундугу 970-980 чакырымды түзөт. Былтыр эки өлкөнүн лидерлери жолукканда жалпысынан 664 чакырымга байланыштуу орток пикир бар экенин ырастаган. Ушул тапта эки өлкөнүн атайын комиссиялары тактала элек тилкелер боюнча сүйлөшүүлөрдү жүргүзүп жатат.

2-октябрда чейин Ташиев менен Ятимов кездешип, чек ара боюнча протоколго кол коюшкан. Анда бул документ кыргыз-тажик чек арасы боюнча соңку чечимди кабыл алууга негиз болору айтылган.
Кыргыз-тажик чек арасынын такталбаган тилкелеринде пикир келишпейтиктерден улам жаңжалдар чыгып турган.

АТАЗОВ БИЛДИРҮҮ ТАРАТТЫ

Жогорку Кеңештеги бир мандаттуу Свердлов округунан депутат Шайлообек Атазов «Азаттык» жазып чыккан жагдай тууралуу комментарий берди. Ал шайлоодо ага тарапташ болгон адамдар милициянын убактылуу кармоочу жайларына 3-4 сааттка камалып, кыйноого кабылганын, учурда алардын абалы тууралуу маалымат жок болуп жатканын жазган.
«Мага жеткен маалымат боюнча аларды «шайлоо учурунда Матраимов акча берген деп жазгыла» деп жатышыптыр. Ата-энелери ыйлап келишти. Алардын учурдагы абалы боюнча жеткиликтүү маалымат жок болуп жатат»,-деп жазды Атазов.
Депутат соңку жагдайдан улам президент Садыр Жапаровго, Улуттук коопсуздук комитетинин  төрагасы Камчыбек Ташиевге кайрылып, болуп жаткан окуялар тууралуу аларга «туура эмес маалымат» жеткирилип жатат деп билдирип, кабыл алуусун суранды.
Президенттин администрациясы, УКМК буга байланыштуу азырынча комментарий бере элек.
Мунун алдында «Азаттык» Атазовдун мандатына байланыштуу маселе жаралганын, шайлоодо ага иштеген бир канча тарапташы сурак бергенин жазып чыккан.

АШЫРАЛИЕВ ӨМҮР БОЮ АБАККА КЕСИЛДИ

Үч адамды өлтүрүүгө айыпталган Чынтемир Аширалиев күнөөлүү деп табылып, өмүр бою эркинен ажыратылды. Мындай чечимди Бишкектин Октябрь райондук сотунуну судьясы чыгарды.

Бүгүн, 3-ноябрда Бишкектин Октябрь райондук сотунда үч адамды өлтүрүүгө шектелип кармалган Чынтемир Ашыралиевдин иши каралып, анда Ашыралиев акыркы сөз сүйлөп, жеңил жаза сураган.

«Кандай чечим кабыл алсаңыз дагы жаза өтөөгө макулмун, бирок анын алдында тергөө иштеринин жүрүшүндөгү кемчилик, каталарды эске алып жеңилирээк жаза берүүңүздү суранам»,-деди ал.

2-ноябрда болгон соттук отурумда прокурор судьядан Ашыралиевди өмүр бою эркинен ажыратууну суранган.

Үстүбүздөгү жылдын февраль айында Бишкекте 51 жаштагы аял, анын 17 жаштагы кызы жана жети жаштагы уулу өз үйүндө мыкаачылык менен өлтүрүлгөн. Кылмышка шектүү катары 36 жаштагы Чынтемир Ашыралиев кармалган. Кылмыш иши тергелип бүтүп, июнь айында сотко өткөн. Ашыралиев УКМКда 15 жыл иштеген. 2021-жылы өткөн парламенттик шайлоодо Баткендеги бир мандаттуу №2 шайлоо округунан талапкерлигин койгон.

МИЛИЦИОНЕРЛЕР КАРМАЛДЫ

Бишкек шаардык ички иштер башкармалыгынын жана Свердлов райондук ички иштер башкармалыгынын айрым кызматкерлери чет элдик жарандардан пара талап кылган фактылар аныкталды. Бул тууралуу УКМКнын басма сөз кызматы кабарлады.  Маалыматка ылайык, Бишкек шаардык ички иштер башкы башкармалыгынын жана Свердлов райондук ички иштер башкармалыгынын айрым кызматкерлери Пакистандын жарандары менен кылмыштуу бүтүмгө барып, сойкулук кылганы үчүн кылмыш жоопкерчилигине тартабыз деп Пакистандын жаранын коркутуп, мындай аракеттер үчүн административдик жоопкерчилик каралганына карабастан андан 3500 АКШ доллары өлчөмүндө акча талап кылгандыгы аныкталды. Мындан тышкары, жүргүзүлгөн иликтөө иштеринин алкагында жогоруда аталган ИИМдин кызматкерлери жана Пакистандын жарандары сойкулук үчүн жайды уюштурууга жана кармоого катыштыгы бар экендиги, алар интимдик мүнөздөгү кызматтарды көрсөтүп жүргөн башка Пакистандын жарандарын камкордукка алып, ал үчүн системалуу түрдө акча алып жүрүшкөндүгү тууралуу маалымат түшкөн. 2-ноябрда КР ИИМдин Ички иликтөө кызматынын катышуусунда акча каражатын берип жаткан жеринен “ортомчу” Пакистандын жараны, андан кийин Бишкек шаардык ички иштер башкы башкармалыгынын жана Свердлов райондук ички иштер башкармалыгынын кызматкерлери кармалды»,-деп айтылат маалыматта.

Учурда козголгон кылмыш ишинин алкагында бул кылмышка тиешеси бар адамдардын чөйрөсүн аныктоо боюнча комплекстүү тергөө иш-чаралары жүргүзүлүүдө.

Количество просмотров: 469