• Жума 19 Чын куран 2024
  • Пятница 19 Апрель 2024

Күндүн ыргагы: Эне-балдардын өлтүрүлүшү коомдун үрөйүн учурду. Нарында өзгөчө кырдаал жарыяланды

17 Бирдин айы 2023 18:51 Бишкек Govori.TV

ЭНЕ-БАЛДАР КИШИ КОЛДУУ БОЛДУ

Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитети  үч адамды өлтүрүүгө шектелген адам мурда УКМКда кызмат өтөгөн деген маалыматка комментарий берип, билдирүү таратты.

Маалыматта үрөй учурган кылмышта шектүү катары кармалган 1986-жылы туулган жаран 2006-жылы Мамлекеттик күзөт кызматына жумушка алынып, 2021-жылга чейин кызмат өтөгөн. Мамлекеттик күзөт кызматы 2010-жылдан кийин жоюлуп, түзүмдүк бөлүм катары УКМКга киргизилген. Ал 2021-жылы пенсияга эмгек стажына байланыштуу УКМКнын 9-кызматынан бошотулганы айтылат.

Эскерте кетсек,16-февраль күнү түндө Бишкектеги батирлердин биринен апасы, кызы жана уулунун сөөгү табылган. Милиция кызматкерлери кылмышка шектүү катары 1986-жылы туулган жаранды кармашкан. Маалыматтар боюнча 1972-жылы туулган аял бычакталып каза болгон. Анын 18 жаштагы кызынын жансыз денеси жуунучу бөлмөдө табылган. Ал эми кичинекей бала муунтулуп көз жумганы анын сөөгү жумшак оюнчуктардын арасынан табылганы айтылат.

ЖАПЫРТ КАМАЛГАНДАРДЫН БӨГӨТ ЧАРАСЫ КАРАЛДЫ

Бүгүн, 17-февралда Кемпир-Абад иши боюнча жапырт кармалгандардын баш коргоо чарасын өзгөртүү боюнча соттук отурумдар уланды. Бүгүн, Кемпир-Абад ишинде кармалган аялдардын баш коргоо чарасы каралды. Сот залына саясатчы Асия Сасыкбаева, укук коргоочу Рита Карасартова, Конституциялык соттун мурунку судьясы Клара Сооронкулова жана БШКнын мурдагы мүчөсү Гульнара Джурабаевалар алынып келинди. Сот чечими менен аладын камактагы мөөнөтү узартылды.

Эске салсак, 2022-жылдын октябрында Кемпир-Абад суу сактагычынын жери Өзбекстанга өтүп жатышына нааразычылыгын билдирген саясатчы, активист, укук коргоочу жана жарандык активисттер камакка алынган.  Ички иштер министрлиги шектүүлөрдүн айыбы боюнча далилдер жетиштүү экенин билдирген. Камалгандар мунун баарын саясий куугунтук деп атап келет.

Биринчи Май райондук сотунун аларды 20-февралга чейин камакта кармоо тууралуу чечимин Бишкек шаардык соту күчүндө калтырган. Ал эми иш жашыруун деген макам алдында карала турганы 18-январда белгилүү болгон.

 “АЗАТТЫКТЫН” СОТУ ЖЫЛДЫ

Бишкектин административдик сотунда бүгүн, 17-февралда Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлигинин «Азаттыктын» сайтын бөгөттөгөн чечимин мыйзамсыз деп табуу арызын кароону улантты. Бүгүнкү отурумда маданият министрлигинин өкүлү видео жана сүрөт тартууга каршы экенин айтты. «Азаттыктын» жактоочусу Акмат Алагушев ага каршы болуп, соттук отурумду фото-видеого тартууга уруксат берүүнү өтүндү. Судья Акылбек Досалиев соттук отурумду башында гана тартууга уруксат берди. «Азаттык Медианын» ишин кароону 2-мартка жылдырды.

СНХ: Бакыт Асанов (кесип берем) телегадан тазаны

Былтыр 26-октябрда Маданият министрлиги «Азаттыктан» Баткен окуясы тууралуу «Кыргызстан тараптын Тажикстанга кол салуусу» деген тариздеги маалыматты өчүрүү талабын койгон. «Эркин Европа/Азаттык» радиосунун президенти Жейми Флай билдирүү жасап, жогоруда аталган материалда журналистиканын эл аралык стандарттары сакталганын белгилеген.

Министрлик 23-январда «Азаттык Медианын» ишмердигин токтотуу өтүнүчү менен сотко кайрылды. «Азаттык Медиасынын» «Демирбанктагы» эсебине бөгөт коюлган. Жогорку Кеңештин Жалпыга маалымдоо каражаттарын аккредиттөө комиссиясы «Азаттык Медиа» мекемесинин кызматкерлерине берилген аккредитациялык ырастамаларды 17-ноябрдан тартып чакыртып алган.

НАРЫНДА ӨЗГӨЧӨ КЫРДААЛ ЖАРЫЯЛАНДЫ

Нарын облусунун аймагында өзгөчө кырдаал режими киргизилди. Бул тууралу ӨКМдин басма сөз кызматы билдирет. Маалыматка ылайык, Бишкек-Нарын-Торугарт унаа жолунунда 5 тилкесинде болжолдуу 10 000 м3 кар көчкү түшүп жол жабылгандыгына жана кар көчкү түшүү коркунучу сакталгандыгына байланыштуу 2023-жылдын 17-февралынан тартып, Нарын облусунун аймагына Кыргыз Республикасынын Президентинин Ыйгарым укуктуу өкүлүнүн буйругунун негизинде Өзгөчө кырдаал режими киргизилди.

Учурда жеринде тазалоо иш-чараларын жүргүзүү максатында Нарын шаардык ӨКБдан 5 куткарууч жана башка керектелүүчү техникалар тартылган. Алдын ала маалымат боюнча жабыркагандар жок.

Кошумчалангандай, жабылган жол каттамы кооптуу аймактардагы кар көчкүлөрүн атайын атып түшүрүп, тазалагандан кийин ачылары, ал эми ага чейин айдоочулардан жана жүргүнчүлөрдөн жолго чыкпай турууну өтүнүчү айтылган.

ЖАЛАЛ-АБАДДА КАР КӨЧКҮ ЖҮРДҮ

Жалал-Абаддын Ала-Бука районуна караштуу Штамберди участкасында «Фуголд Майниг» алтын казуучу фирмасына кар көчкү түшкөн. ӨКМдин басма сөз кызматы билдиргендей, фирмада иштеген төрт кызматкер кар алдында калгандыгы тууралуу маалымат түшкөн. Төрт жаран кен казуучу компаниянын кызматкерлери тарабынан чыгарылып, аларга биринчи медициналык жардам көрсөтүлгөн. Учурда баарынын абалы туруктуу экени айтылууда.

Жерине райондук Өзгөчө кырдаалдар бөлүмүнүн тийиштүү кызматкерлери тартылган. Бирок Ала-Бука — Каныш-Кыя — Кировка унаа жолунун 45-чакырымына кар күрткү түшүп, автоунаа өтө албагандыктан алар туруктуу ордуна кайтышкан.

Ал арада ӨКМ маалымат тараттып, 16-февраль күнү болжол менен саат 01:30да “Mercedes-Benz” спринтер үлгүсүндөгү автоунаанын айдоочу жана 1 жүргүнчүсү Ала-Бука-Жаны-Базар-Кировка автоунаа жолунун 80-90- чакырымында кар көчкү түшүп, өтө албай калгандыгы маалымдалганын жана учурда аларды издөө иштери жүруп жатканын билдирди.

ПРОКУРАТУРАНЫН ЭКС-КЫЗМАТКЕРИ КАРМАЛДЫ

Пара талап кылуу фактысы боюнча прокуратура органынын мурдагы кызматкери кармалды. УКМК тараткан маалыматка ылайык, 16-февралында  УКМКнын Жалал-Абад облусу боюнча башкы башкармалыгы тарабынан системалык түрдө мамлекеттик кызматкерлерден акчалай пара талап кылуу жана алдамчылык фактысы боюнча прокуратура органдарынын мурдагы кызматкери кармалды.

«Кармалган жаран, мурдагы кызмат ордунда иштеген фактысына таянып, жана ошондой эле кара өзгөй максатты көздөп президенттин, УКМК төрагасы жана Башкы прокурор менен байланышы бар деген жалган маалыматты жамынып алып, мыйзамсыз текшерүү иштерин жүргүзүп, майда мыйзам бузууларды таап, коркутуу жолу менен мамлекеттик кызматкерлерден акчалай пара алып келген. Айта кетсек, Жалал-Абад областынын мамлекеттик органдарынын кызмат адамдарынан 3 миң жана 10 миң АКШ долларын алуу фактысы такталды. Кармалган жаран алдамчылык жол менен, кээ бир жарандарды 150 000 сом насыя алууга мажбур кылып, кымбат чөнтөк телефонун алдырып, кийинчерээк өзү тартып алган. Ошондой эле, шектүү бир нече ирет алдамчылык жолу менен, айдоочу күбөлүк алып берем деген убада берип, жарандардан көп суммадагы акча алып келген”, — деп айтылат маалыматта.

Количество просмотров: 1035