• Жума 19 Чын куран 2024
  • Пятница 19 Апрель 2024

Күндүн ыргагы: Эпидемиянын экинчи толкуну болжолдонууда. Ошто бир айыл карантинге алынды

11 Баш оона 2020 19:24 Бишкек Govori.TV

COVID-19: ЭПИДЕМИОЛОГИЯЛЫК АБАЛ

Кыргызстанда акыркы бир сутка ичинде COVID-19 вирусунун 4 адам каза болуп, илдеттин 278 жаңы учуру катталды. Бул тууралуу Коомдук саламаттыкты сактоо башкармалыгынын башчысы Айнура Акматова брифингде билдирди. Ошол эле учурда бүгүнкү күнгө карата 535 бейтап сакайса, 8 медициналык кызматкерден таажы илдети табылды. Ушуну менен өлкөдө коронавирус жуктургандардын жалпы саны 40 миң 455 учурга жетти. Анын 32 миң 764ү сакайды, 1478и каза болду.

ЭПИДЕМИЯНЫН ЭКИНЧИ ТОЛКУНУНА ДАЯРДЫК

Премьер-министр Кубатбек Боронов 11-августтагы брифингде эпидемиянын экинчи толкунуна карата даярдык тууралуу айтып берди. Коронавирус жуктурган бейтаптарды дарылоо үчүн күзгө карата 12 оорукана даярдалат. Ошондой эле өкмөт башчы октябрь айына чейин саламаттык сактоо уюмдарына дары-дармек, дезинфекция каражаттары, антисептиктер жана башкалардын 3 айлык бөксөрбөс запасын камдоо пландаштырылып жатканын белгиледи.

МЕКТЕПТЕРДЕ ОКУТУУНУН ФОРМАСЫ КАНДАЙ БОЛОТ?
Мектептерде окуу салттуу, дистанттык жана аралаш түрдө жүргүзүлөт. Бул тууралуу өкмөт үйүндөгү маалымат жыйында билим берүү министринин орун басары Надира Жусупбекова билдирди. Ал эми эпидемиологиялык абал турукташканга чейин калк жыш жайгашкан аймактарда — шарттуу атаганда «кызыл зоналарда» 2, 3, 4, 6, 7, 8, 10-класстар дистанттык түрдө билим алат.

БИШКЕКТЕГИ ЖАҢЫ ПАРККА ЫКТЫЯРЧЫ КЫЗДЫН ЫСЫМЫ ЫЙГАРЫЛАТ

Бишкек шаарынын түштүк тарабында жаңы сейил багы пайда болот. Президент Сооронбай Жээнбеков бүгүн, 11-августта Бишкек шаарынын түштүк тарабында жаңы сейил багына барганында коронавирус инфекциясы пандемиясына каршы күрөшүүдө баа жеткис салым кошкон дарыгерлердин жана ыктыярчылардын элесине арнап, ага Адинай Мырзабекованын атын ыйгарууну сунуштады.
Эске салсак, 22-жаштагы Адинай Мырзабекова Бишкектеги стационарлардын биринде ыктыярчы болуп иштеп жүрүп каза болгон.

ОШТО БИР АЙЫЛ КАРАНТИНГЕ АЛЫНДЫ

Ош облусундагы Папан айыл өкмөтүнө караштуу Тогуз-Булак айылынын алты тургуну күйдүргүгө (Сибирь жарасы) кабылган деген шек менен ооруканага түштү. Папан айыл өкмөтүнүн башчысы Курбанбек Мияшев жергиликтүү басылмаларга билдиргендей, учурда айыл карантинге алынып, мал алып кирип-чыгуу токтотулган. Анын айтымында оорукана түшкөн алты киши — элге таратылган малды союуга катышкандар. Ал эми союлган уйдун этин 288 киши жеген.

БИШКЕК МЭРИЯСЫНДАГЫ КАДРЛЫК ӨЗГӨРҮҮЛӨР

Бишкек мэриясында кайрадан кадрдык өзгөрүүлөр болду. Тиешелүү буйрукка калаа башчысы Азиз Суракматов кол койду, — деп билдирет мэриянын басма сөз кызматы.
Маалыматка ылайык, мэриянын борбордук аппаратынын эл аралык мамилелер жана протокол бөлүмүнүн башчысы болуп Беккул Жекшенкулов дайындалды. Ал буга чейин жеке сектордо жана эл аралык уюмдарда иштеп келген. Ал эми Коомдук-мамлекеттик капиталдык курулуш башкармалыгынын башчысы болуп Болотбек Апилов дайындалды.

Количество просмотров: 450