• Бейшемби 24 Аяк оона 2020

Күндүн ыргагы: Эреже бузган айдоочулардын акчасына тез жардам унаасы алынат. Россияда мигранттар массалык мушташка катышты

24 июля 2020 в 18:04 Бишкек Govori.TV

КОРОНАВИРУС БОЮНЧА АКЫРКЫ АБАЛ
Акыркы сутканын ичинде коронавирус жана пневмония оорусу 921 адамдан аныкталды. Бул тууралуу коомдук саламаттыкты сактоо башкармалыгынын башчысы Айнура Акматова өкмөттөгү брифингде билдирди. Анын маалыматына ылайык, жалпы коронавирус жуктуруп алгандардын саны өлкө боюнча 31 миң 247 адамга жетти.

СТАЦИОНАРЛАРДА АБАЛ ТУРУКТАША БАШТАДЫ
Бишкектеги күндүзгү жана түнкү стационарлар жарандарга медициналык жардамдарды көрсөтүүдө. Бул тууралуу шаардык мэриядан билдиришти.
Акыркы суткада күндүзгү стационарга 2 миң 638 жаран кайрылган. Алардын ичинен 1 миң 871 жаран инфузиондук терапиядан өттү, 756сы медициналык кеп-кеңештерди алса, 11 бейтап ооруканага жаткырылды.

КООПСУЗ ШААРДАН ТҮШКӨН АКЧАГА ТЕЗ ЖАРДАМ УНААЛАРЫ АЛЫНАТ
Коопсуз шаар» долбоорунун алкагында топтолгон айып пулдар Тез жардам кызматына автоунааларды сатып алууга жумшалат. Бул тууралуу өкмөттүн аппаратынын басма сөз кызматы билдирди.

ҮЙҮНДӨ МЫЙЗАМСЫЗ ДАРЫ САТКАНДАР АНЫКТАЛДЫ
Бишкек шаарынын Арча-Бешик конушундагы жеке үйлөрдүн биринде гепарин дарысы мыйзамсыз кымбат баада сатылып жатканы аныкталды. Бул тууралуу Экономикалык кылмыштарга каршы күрөшүү кызматы (Финансы полициясы) кабарлады.

МИГРАНТТАРДЫН МУШТАШЫ: 18 АДАМ КАРМАЛДЫ
Кыргызстандын Ички иштер министрлигинин Россиядагы өкүлчүлүгү жана Россиянын Ички иштер министрлигинин Экстремизмге каршы аракеттенүү боюнча башкы башкармалыгы тарабынан Москванын Екатеринбург шаарында массалык мушташ уюштурган Кыргызстандын жана Тажикстандын жарандары кармалды. Бул тууралуу Кыргызстандын Ички иштер министрлиги билдирди.

Количество просмотров: 197