• Ишенби 27 Чын куран 2024
  • Суббота 27 Апрель 2024

Күндүн ыргагы: Эт саткандарды опузалаган депутат кармалды. Саясатчылардын рейтингинде ким алдыда?

27 Теке 2023 18:22 Бишкек Govori.TV

ЖАЛАЛ-АБАДДА СОТ АДИЛЕТТИГИ ҮЙҮ АЧЫЛДЫ

Президент Садыр Жапаров 27-июлда Жалал-Абад облусундагы жумушчу сапарынын алкагында Жалал-Абад шаарындагы Сот адилеттиги үйүн ачты. Президенттин басма сөз кызматынын билдиришинче, бул жай мурдагы университеттин үч кабаттуу имаратында жайгашкан, оңдоп-түзөөгө бюджеттен 40 миллион сомдон ашык каражат жумшалган. Президенттин резервдик фондунан дагы 14 миллион сом берилген.
«Бул каражатка имаратты оңдоп-түзөөдөн сырткары, сот отурумдары өтчү залдардын эмеректери толук жаңыланды, санариптик программалар орнотулду, майып жана улгайган адамдарга шарт түзүлдү. Сот адилеттиги үйүндө Жалал-Абад облустук, Жалал-Абад шаардык, Жалал-Абад облусунун административдик соттору жана Жогорку Сотко караштуу Сот департаментинин облустук башкармалыгы жана анын кызматтык бөлүмдөрү жайгашкан. Бир күндө 350-400 адамды тейлөөгө мүмкүнчүлүк бар»,-деп жазылган маалыматта.
Садыр Жапаров өз сөзүндө «Кыргызстанда көз карандысыз сот адилеттигинин тутуму орноп, жарандардын жана бизнестин укуктарын тийиштүү деңгээлде корголушу керектигин баса белгиледи»,-деп көрсөтүлгөн.
Март айында Ысык-Көл облусундагы Каракол шаарында алгачкы Сот адилеттиги үйү ачылган.
Жыл башында парламентте Жогорку Соттун төрагасы Замирбек Базарбеков Кыргызстанда соттор дагы деле толук эркин эмес экенин моюнуна алган. Ал судьялардын ишин чектеген мыйзамдар бар экенин, аларды оңдоого аракеттер көрүлүп жатканын билдирген.

ЭЛ КАЙСЫ САЯСАТЧЫГА ИШЕНЕТ?

АКШнын Эл аралык республикалык институту сурамжылоо жүргүзгөн. Анда кайсы саясатчыга эл ишене турганы боюнча суроолор узатылган.

Сурамжылоо 5-майдан 25-майга чейин жүргүзүлгөн. Ага 18 жаштан жогорку курактагы 1500дөй кыргызстандык катышты.

Садыр Жапаровго респонденттердин 35 пайызы ишенерин айткан, 2022-жылдын сентябрында бул көрсөткүч 38 пайызды көрсөткөн.

Экинчи орунда УКМКнын төрагасы Камчыбек Ташиев турат, ага сурамжылоого катышкандардын 14 пайызы ишенет. Көрсөткүч да өткөн жылдын сентябрына салыштырмалуу 4 пайызга төмөндөгөн.

Үчүнчү сапта Жогорку Кеңештин депутаты Нуржигит Кадырбеков. Ага былтыр ушундай сурамжылоого катышкандардын 11 пайыз ишеним көрсөткөн, быйыл 13 пайыз.

«Бүтүн Кыргызстан» фракциясынын лидери Адахан Мадумаровго респонденттердин 6 пайызы ишенерин айткан. Өткөн жылдын сентябрь айында бул көрсөткүч 10 пайыз болгон.

АЙЫЛДЫК КЕҢЕШТИН ДЕПУТАТЫ КАРМАЛДЫ

Чүй облусунун Аламүдүн районунун Таш-Мойнок айылдык кеңешинин депутаты эт сатуучулардан акча опузалоого шектелип кармалды. Бул тууралуу Октябрь райондук милициясынан билдиришти.

Маалыматка караганда, 14-июль күнү милицияга К.А. аттуу жаран арыз менен кайрылган. Ал билдиргендей, быйыл январь айынан баштап, Орто-Сай базарында бир жаран «Эт» бөлүмүнүн  башчысы болом, сатуучулар тапкан акчанын бир бөлүгүн бериши керек, болбосо соода орундарынан ажыратам деп коркутуп, акча алып жүргөн.

Аталган факт боюнча Кылмыш-жаза кодексинин 208-беренеси (акча опузалоо) боюнча кылмыш иши козголгон.

Тергөө жана ыкчам-издөө иш-чараларынын жүрүшүндө 1987-жылы туулган А.А. аттуу жаран акча алып жатканда кармалды. Ал Чүй облусунун Аламүдүн районунун Таш-Мойнок айылдык кеңешинин депутаты экендиги аныкталды. Шектүү адамдын жашаган жерин тинтүү учурунда уруксат берүүчү документтери жок, такталбаган үлгүдөгү курал-жарактар жана акча каражаттары табылган. Бардык керектүү экспертизалар дайындалгаН. Учурда шектүү убактылуу кармоочу жайга камакка алынган.

ТАРБИЯЧЫГА ИШ КОЗГОЛДУ

Бишкектеги бала бакчада үч жашар баланы сабаган тарбиячы кылмыш иши козголду. Бул тууралуу Башкы прокуратурадан билдиришти.

Маалыматка караганда, №94 балдар бакчасынын тарбиячысы Б.М. өзүнүн кызматтык милдеттерин аткаруу учурунда Ж.О. аттуу үч жашар баланын денесине эч бир себепсиз залал келтирип, анын дене боюнун жана психикалык жактан өнүгүүсүнө коркунуч келтиргендиги аныкталган.

«Бирок, Октябрь райондук ИИБнын тергөөчүсү текшерүүнүн жыйынтыгы менен бала бакчанын тарбиячысынын аракеттеринде кылмыштын курамы болбогондугуна байланыштуу кылмыш ишин козгоодон баш тартып, материалдарды укук бузуулар жөнүндө кодекстин алкагында кароого жөнөткөн. Тергөөчүнүн аталган чечими райондук прокуратура тарабынан жокко чыгарылып, жаш баланын денесине залал келтирүү фактысы боюнча Кылмыш-жаза кодексинин 187-беренеси (баланы тарбиялоо боюнча милдеттерди аткарбоо) боюнча кылмыш иши козголду»,-деп жазылат маалыматта.

Ошондой эле, негизсиз процессуалдык чечим чыгарууга жол берген Бишкек шаарынын Октябрь райондук ИИБнын кызмат адамдарын тартиптик жоопкерчиликке тартуу жөнүндө сунуш киргизилди.

СУУ ТАРТЫШТЫГЫНА БАЙЛАНЫШТУУ ЧЕКТӨӨЛӨР АЛЫНДЫ

Бишкек шаарында ичүүчү суу боюнча абалдын жакшырышына байланыштуу унаа жуучу жайларды, мончолорду, бассейндерди жана башка объектилерди иштетүүгө уруксат берилди.
Ичүүчү суунун жетишсиздигин жоюу боюнча активдүү иш-чаралардын алкагында унаа жуучу жайлардын, мончолордун, бассейндердин жана суу менен камсыздоого көз каранды башка объекттердин иштөөсүнө убактылуу чектөөлөр алынып салынды.
Аталган объектилердин ээлери «Бишкексууканал» өндүрүштүк-эксплуатациялык башкармалыгынын чектөөнүн убактылуу пломбасын өздөрү чечип, бул тууралуу райондогу кураторуна билдире алышат.

«Ичүүчү суунун тартыштыгынан улам мурда киргизилген чектөөлөр көптөгөн ишканаларга жана шаар тургундарына кыйынчылыктарды жана ыңгайсыздыктарды жаратты. Бирок, бизнес чөйрөсүнүн жана калктын биргелешкен аракетинин натыйжасында көйгөйдөн чыгууга жана суу түтүктөрүндөгү жүктү азайтуу мүмкүн болду», — деп белгилешти мэриядан.

Кырдаалдагы оң өзгөрүүлөргө карабастан, «Бишкексууканал» башкармалыгы бардык тараптарды мындан ары да суу ресурстарына кам көрүүгө жана ичүүчү сууну үнөмдүү пайдаланууга чакырат.

Количество просмотров: 231