• Жекшемби 5 Бугу 2024
  • Воскресенье 5 Май 2024

Күндүн ыргагы: ИИМ ондой журналисттин үйүн тинтип, өздөрүн суракка алды. Депутат Жамгырчиев ЖКга келди

16 Үчтүн айы 2024 18:21 Бишкек Govori.TV

КЫРГЫЗ-ТАЖИК ЧЕК АРАСЫН ТАКТОО

Топографиялык жумушчу топтор кыргыз-тажик мамлекеттик чек арасынын 38,35 чакырымын макулдашты. Бул тууралуу Министрлер кабинетинин басма сөз кызматы кабарлады.

Жетишилген макулдашууга ылайык, 10-январынан 16-январына чейин эки өлкө ортосундагы мамлекеттик чек арасын делимитациялоо жана демаркациялоо боюнча Өкмөттүк делегацияларынын укуктук маселелер боюнча топографиялык жумушчу топторунун жана жумушчу топторунун кезектеги жолугушуусу болуп өттү.  

«Бул жолугушууда топографиялык жумушчу топтор кыргыз-тажик мамлекеттик чек арасынын 38,35 чакырымын макулдашышты. Жолугушуунун жыйынтыгында тиешелүү протоколго кол коюлду»,-деп жазылат маалыматта.

Кыргызстан менен Тажикстандын чек арасынын жалпы узундугу 972 чакырымды түзөт. 2002-жылдан 2020-жылдарга чейин чек аранын 519 чакырымы такталса, 2022-жылы эки өлкөнүн президенттери жолукканда, жалпысынан 664 чакырым тилке боюнча орток пикир бар экенин ырасташкан.

ЖУРНАЛИСТТЕРДИН ЖАПЫРТ СУРАККА АЛЫНЫШЫ

16-январдын таңында “Айт, айт десе” жана “Темиров LIVE” долбоорлорунун мурдагы жана азыркы ондой кызматкеринин үйүндө тинтүү болуп, милиция аларды суракка алып кетти. Ал эми “Темиров LIVE” медиасынын кеңсесинде тинтүү жүрүп, мөөр басылып, тийиштүү техникалар алынды.

ИИМ суракка алып кеткендердин катарында “Айт, айт десе” жана “Темиров LIVE” долбоорлорунун директору, Кыргызстандан чыгарылган иликтөөчү журналист Болот Темировдун жубайы Махабат Тажыбек кызы баш болгон он чакты медианын азыркы жана мурунку кызматкерлери бар.

Бул арада Ички иштер министрлиги “Айт Айт Десе” жана “Temirov Live” баракчаларындагы массалык башаламандыктарга чакырык жасаган материалдарга байланыштуу кылмыш иши козголгонун билдирди. Иш Кылмыш жаза кодексинин “Массалык башаламандыктар” беренесинин үчүнчү бөлүгү “Бийлик өкүлдөрүнүн мыйзамдуу талаптарына жигердүү баш ийбөөгө жана массалык башаламандыктарга чакырыктар, ошого тете жарандарга зомбулук көрсөтүүгө чакырыктар” менен тергелип жатат.

Ал эми Жогорку Кеңештин депутаты Тазабек Икрамов Кыргызстанда журналисттер менен эркин жалпыга маалымдоо каражаттарына байланыштуу акыркы окуялар сөз эркиндиги менен демократияга кедергисин тийгизе турганын билдирди.

Кошумчалай кетсек, кечээ, 15-январда УКМК кызматкерлери Бишкекте 24.kg маалымат агенттигинин кеңсесин тинтүүгө алып, имаратка мөөр басып, компьютер процессорлорун алып кетишкен. Ал эми басылманын башкы директору менен редакторлору сурак берип чыгышкан. Алар Кылмыш-жаза кодексинин “Согушту пропагандалоо” беренеси менен козголгон кылмыш ишинде күбө катары суралганын, маалыматтарды ачыкка чыгарбоо катына кол коюп бергенин айтышты.

ЖМК МЫЙЗАМЫ

16-январда Жогорку Кеңештин Транспорт, коммуникациялар, архитектура жана курулуш боюнча комитети Министрлер кабинети сунуштаган “Жалпыга маалымдоо каражаттары жөнүндө” мыйзам долбоорун караган жок.

Жыйында депутат Улугбек Ормонов бул маанилүү документ экенин айтып отурумга маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министри менен ички иштер министри өздөрү келип, суроолорго жооп бериши керектигин билдирди. Сунуш добушка коюлуп колдоо тапты.

Эске салсак, “Жалпыга маалымдоо каражаттары жөнүндө” мыйзам долбоору 15-январда Жогорку Кеңештин Эл аралык иштер, коргоо, коопсуздук жана миграция боюнча комитетинин күн тартибинен да алынган.

Эске салсак, президенттин администрациясы сунуштаган жалпыга маалымдоо каражаттары (ЖМК) тууралуу жаңы мыйзам долбоору 2023-жылдын май айында коомдук талкууга коюлган.

Президенттин администрациясы 2022-жылы сентябрда “Жалпыга маалымдоо каражаттары жөнүндө” долбоорду коомдук талкууга чыгарган. Документ сөз эркиндигин чектейт деген сын -дооматтан кийин 5-декабрда жумушчу топ түзүлгөң.Андан бери мыйзам долбоорунун бир нече варианты иштелип чыгып администрация менен медиа коомчулук орток пикирге келген эмес.

Документте веб-сайттар Юстиция министрлигинен милдеттүү түрдө жалпыга маалымдоо каражаты болуп катталууга тийиш деген талап коюлган. Бул сунуш ача-пикир жаратууда.

“Адилет” укуктук клиникасынын юристтери аталган мыйзам долбоорунда адам укугун жана эркиндигин чектеген олуттуу алешемдиктер, тобокелдиктер бар экенин белгилеп келет.

ЖАМГЫРЧИЕВ ЖЫЙЫНГА КЕЛДИ

Жогорку Кеңештин депутаты Эмил Жамгырчиев 16-январда парламенттин Укук тартиби, кылмыштуулук менен күрөшүү жана коррупцияга каршы аракеттенүү боюнча комитетинин жыйынына катышып, ага козголгон кылмыш иши тууралуу комментарий берип, кесиптештерине кайрылды.

Эске салсак, 10-январда парламент депутат Эмил Жамгырчиевди кылмыш жоопкерчилигине тартууга уруксат берген. Ага «чек арадан мыйзамсыз өткөн» деген айып коюлган.

9-январда комиссия жабык жыйынында Эмил Жамгырчиевди кылмыш жоопкерчилигине тартууга уруксат берген. Ал эми депутат Жамгырчиев фракциялашы Нилуфар Алимжанованын иш бөлмөсүнө кирип, Жогорку Кеңештин имаратынын 2-кабатындагы терезеден секирип түшүп качып кеткени маалымдалган.

Соцтармакта «депутаттын качып кетип жаткан учуру» деген видео тараган. Кийин ал УКМКга суракка барганы маалымдалган.

ДАЧА СУ КЫРСЫГЫНЫН КУРМАНДЫКТАРЫ ЭСКЕРИЛДИ

Чүй облусунун Дача СУ айылында «Боинг-747» жүк ташыгыч учагынын кыйрашынын кесепетинен каза болгондор эскерилди. Бул тууралуу президенттин облустагы өкүлчүлүгүнөн билдиришти.

Маалыматка ылайык, иш-чарага президенттин Чүй облусундагы өкүлүнүн орун басары Гүлмира Кыштобаева, курман болгондордун жакындары катышты.

Эске салсак, 2017-жылдын 16-январында Түркиялык  авиакомпаниясынын жүк ташуучу Boeing-747-400F учагы “Манас” аэропортуна жакын жердеги Дача СУ айылында кыйроого учураган. Ал Гонконг-Стамбул багыты боюнча бара жаткан. Учак кырсыгынан 39 адам, экипаждын 4 мүчөсү – Түркиянын жарандары жана 35 Кыргызстандын жараны каза болгон.

Количество просмотров: 128