• Бейшемби 28 Жалган куран 2024
  • Четверг 28 Март 2024
Орозо

Күндүн ыргагы: Италиядан вирус менен келди деп чуу жаратты. Атамбаевдин жазасын Карамушкина алабы?

27 Бирдин айы 2020 21:28 Бишкек Govori.TV

МОСКВАДА ЖЭЭНБЕКОВ ЭМНЕ ТУУРАЛУУ СӨЗ КЫЛДЫ
Президент Сооронбай Жээнбеков иш сапары менен Россия Федерациясынын Москва шаарына учуп кетти Кыргыз Республикасынын Президенти Сооронбай Жээнбеков бүгүн, 27-февралда эки күндүк иш сапары менен Россия Федерациясынын Москва шаарына барды.

КООМДОГУ КОРОНАВИРУС КОРКУНУЧУ
Бүгүн Жогорку Кеңештин жыйынеыда депутат Иса Өмүркулов Айыл чарба министрлигине Эркинбек Чодуев жетекчи болуп келгени мекеменин ишинде эч кандай өзгөрүү болбой жатканын айтты.

КАРАМУШКИНА АТАМБАЕВДИН ОРДУНА КАМАККА ОЛТУРУУГА ДАЯР
Жогорку Кеңештин депутаты Ирина Карамушкина УКМКнын тергөө абагында отурган Алмазбек Атамбаев жана Сапар Исаковдун ден-соолугу боюнча дарыгерлер консилиум өткөрүү керектигин талап кылды.

ДЕПУТАТ МАНДАТЫН МЫЙЗАМСЫЗ АЛГАНБЫ?
Каракол шаардык кеңешинин депутаты Тууганбек Чолпонбаев жараксыз паспорт менен мыйзамсыз мандат алууга шектелүүдө. Бул тууралуу Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитети билдирет.

“АЗИЯ НЬЮС” МИНИСТРГЕ 300 МИҢ ТӨЛӨЙТ
Бишкек шаардык соту «Азия Ньюс» гезитин ички иштер министри Кашкар Жунушалиевге 300 миң сом төлөп берүүгө милдеттендирген чечим чыгарды. Чечим 26-фералда чыкканын «Азаттыкка» гезиттин коомдук жактоочусу, жарандык активист Адил Турдукулов билдирди.

ЭРЕЖЕ БУЗГАН АЙДООЧУЛАРДЫН 57% АЙЫП ТӨЛӨДҮ
Кыргызстанда «Коопсуз шаар» долбоору ишке кирген бир жыл ичинде жол эрежесин бузуу боюнча 1 млн. 32 миң 673 токтом чыгарылган.

Количество просмотров: 584