• Жекшемби 28 Чын куран 2024
  • Воскресенье 28 Апрель 2024

Күндүн ыргагы: Кайра шайлоо талапкерлерди нааразы кылды. Парламентте Байсаловдун отставкасы дагы талап кылынды

11 Аяк оона 2023 19:03 Бишкек Govori.TV

КАЙРА ШАЙЛОО: АЛДЫН АЛА ЖЫЙЫНТЫК

Бүгүн, 11-сентябрда Борбордук шайлоо комиссиясында өткөн жыйында Ленин райондук ички иштер башкармалыгынын башчысынын орун басары Нарисбек Кыдырбаев №26 Ленин шайлоо округундагы шайлоо учурунда келип түшкөн кайрылуулар боюнча маалымат берди.

Анын айтымында, жалпысынан 27 материал каттоого алынган.

Буга чейин айрым талапкерлер кечээ өткөн шайлоонун жыйынтыгына нааразы болуп, президент Садыр Жапаровго кайрылуу жолдошкон.

Аталган округдан Жогорку Кеңештин депутаттыгына 24 талапкер ат салышты. Алардын 19у — эркек, бешөө -аялдар.

Ага ылайык, алдын ала жыйынтык боюнча Самаков жалпы добуштардын 26,14% алган.

ЭНЕРГЕТИКАДАГЫ АБАЛ

Быйыл кышында электр жарыгын өчүрүүлөр болбойт. Бул тууралуу Энергетика министри Таалайбек Ибраев билдирди.

Министр мындан тышкары калкка көмүр берүү үстүбуздөгү жылдын 5-августунан башталганын кошумчалап, анын баасына токтолду.

Ушул эле маалымат жыйында Бишкек шаарында Кара-Кече кенинин көмүрүн сатууга жана жагууга салынган тыюу кайрадан алынып, уруксат берилгени маалым болду.

БАЙСАЛОВДУ КЫЗМАТТАН АЛУУ СУНУШУ

Жогорку Кеңештин Социалдык саясат боюнча комитетинин жыйынында депутат Шайлообек Атазов министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Эдил Байсаловдун кызматтан кетишин талап кылды.

Айтымында, билим берүү, саламаттыкты сактоо жана социалдык өнүктүрүү министрлери алмашты.

Ошондой эле депутат чечим кабыл алуу үчүн ЖКда депутаттык комиссия түзүүнү сунуштады.

Эске салсак, Жогорку Кеңеш июнь айында Байсаловду кызматтан алуу сунушун президентке жөнөтүү тууралуу токтом кабыл алган. Парламенттеги “Ишеним”, “Ата Журт-Кыргызстан” фракциялары жана “Мекенчил” депутаттык тобу анын отставкасын кароо демилгесин көтөргөн.

АЗЕРБАЙЖАН ЫСЫК-КӨЛГӨ МЕЙМАНКАНА КУРАБЫ?

Бүгүн, 11-сентябрда ЖК комитетинде КРдин Министрлер Кабинети жана Азербайжан Республикасынын Өкмөтүнүн ортосундагы Ысык-Көлдүн жээгинде 5 жылдыздуу мейманкана куруу үчүн инвестициялар жөнүндө Макулдашуунун долбоору каралып, жактырылды.

Маалыматка ылайык, парламенттин Бюджет комитетинде Азербайжан менен Ысык-Көлдүн жээгинде беш жылдыздуу мейманкана куруу боюнча макулдашууну карайбыз. Бул үчүн министрлер кабинети Кара-Ой айылынан 17 гектар жер бөлүп бермекчи. Анын 12 гектарына курулуш түшсө, төрт гектары парк, бир гектары пляж болот. Өкмөт пансионатка чейинки жолду куруп, мейманкананы 10 жылга чейин салыктан бошотуу милдетин алып, мөөнөтүн узартуу мүмкүнчүлүгү менен жерди 49 жылга берет. Өз кезегинде Азербайжан үч жылдын ичинде мейманкананы куруп бүтүшү керек, жумушчуларынын 70 пайызын жергиликтүү тургундар түзүшү кажет.

ТЕМИРОВДУН СОТУ ЖЫЛДЫ

Иликтөөчү журналист Болот Темировду өлкөдөн чыгарууга негиз болгон сот чечиминин мыйзамдуулугу боюнча маселе 11-сентябрда Жогорку Сотто каралды. Адвокат Бакытбек Автандилдин айтымында, соттук отурум эртең, 12-сентябрда уланат:

Белгилүү болгондой, Жогорку Соттон Свердлов райондук жана Бишкек шаардык сотторунун чечимдерин жокко чыгаруу боюнча арыз берилген.

Былтыр ноябрда Бишкектин Свердлов райондук соту Темировду маңзат жана чек арадан мыйзамсыз өтүү деген айыптар боюнча актап, документке (паспорт) байланыштуу айыптуу деп тапкандан кийин ал дароо Кыргызстандан Москвага мажбурлап жөнөтүлгөн.

Ички иштер министрлиги Темировдун депортацияланышын «Анын Кыргызстандан мыйзамсыз алган паспорту жараксыз деп табылганы, Орусиянын жараны болгону үчүн чыгарылды» деп түшүндүргөн. Өзү мындай чечим мыйзамсыз экенин айтып келет.

Количество просмотров: 398