• Жума 19 Чын куран 2024
  • Пятница 19 Апрель 2024

Күндүн ыргагы: Кайра жапырт камоолор болду. Үрөй учурган кырсык 6 адамдын өмүрүн алды

6 Кулжа 2023 19:27 Бишкек Govori.TV

УКМК ЖАПЫРТ КАРМООЛОРДУ ЖҮРГҮЗДҮ

Улуттук коопсуздук комитети «бийликти күч менен басып алууга аракет жасаган» деген айып менен бир канча адам камалганын билдирди. Анда атайын кызмат ондогон адам калайман каршылык акцияларын уюштурууга даярданып жүргөнүн, мыйзамсыз аракеттерге бөгөт коюлганын кабарлады. Негизги уюштуруучусу «Элдик кеңеш» саясий партиясынын жетекчиси экени аныкталды деп билдирди.
«Соттун санкциясы менен чогултулган аудио-видео материалдардын негизинде кылмыш иши козголду. Аталган кылмыштуу топ жыл бою тарапкерлерди, өлкөдөгү нааразы болгон жарандарды тартуу үчүн максаттуу иш жүргүзгөнү аныкталды. Негизги уюштуруучу жана идеялык шыктандыруучу катары жарандык активист, “Элдик Кеңеш” саясий партиясынын төрагасы экени аныкталды. Тергөөдө белгилүү болгондой, бул топко жүздөн ашуун адам тартылган, алардын милдеттери так бөлүштүрүлгөн», — деп жазылган маалыматта.

Кармалгандар жана алардын жакындары, адвокаттары азырынча буга байланыштуу комментарий бере элек.
Юстиция министрлигинин сайтындагы маалыматка ылайык, «Элдик кеңеш» партиясынын жетекчиси Роза Нурматова экени жазылган. Кармалгандардын арасында жарандык активист Гүлжигит Исаков дагы бар экени белгилүү болду. 64 жаштагы Нурматова 2011 – Камчыбек Ташиев президенттикке талапкерлигин койгондо анын өкүлү болгону, кийин Садыр Жапаров менен Камчыбек Ташиевдин тарапташтарынын штабын жетектегени айтылууда. Ал эми активист Гүлжигит Исаков чек арамаселелерин көтөрүп келген.
Эске салсак, 5-июнда УКМК “бийликти басып алууга аракет жасаган” деген шек менен бир топ кишини кармап жатканы айтылып, видеолор тараган.

ПОЛИТКЛИНИКА МЕНЕН ЭЛТРДИН СОТУ ӨТТҮ

6-июнда Бишкектин Биринчи май райондук сотунда мамлекеттик ЭлТР телеканалынын көз карандысыз “ПолитКлиника” медиасына каршы доо арызы боюнча соттук отурум болду.

Сотто ЭлТР телеканалынын юристи Азизбек Ибрагимов судьядан “ПолитКлиника” порталынын “электр энергиясы үчүн чет өлкөлөрдөн алынган карыз” тууралуу маалыматын жалган деп таап, аны Интернеттен алып салууну милдеттендирүүнү суранды. Андан тышкары маалыматты төгүнгө чыгарып, моралдык зыян катары соттон “ПолитКлиника” редакциясынан 7 миллион сом, материалдын автору журналист Тыныстан Асыпбектен 3 миллион сом өндүрүп берүүнү өтүндү.

“ПолитКлиниканын” адвокаты Алтынай Исаева ЭлТР материалды толук өчүрүүнү талап кылып жатканын айтып сюжеттеги ар бир сүйлөмгө жооп берүү үчүн соттон убакыт берүүнү сурады. Жыйынтыгында жараян 21-июнда уланмай болду.

Эске салсак, 4-февралда «ПолитКлиника» ЭлТРдин «Садыр Жапаров энергетикага карыз алган эмес» дегени калп» деген тема менен ачык булактарга таянган материал жарыялаган. Анда басылма ЭлТРдин 31-январда чыккан «Кайсы президент энергетикага көп карыз алган?» аттуу сюжетин анализдеп, андагы маалыматтар чындыкка дал келбей турганын билдирген.

Ал эми ЭлТР «ПолитКлиникадан» видеоматериалды өчүүрүп, төгүндөөгө чыгарууну талап кылууда. Мамлекеттик ЭлТР телеканалы «ПолитКлиниканы» сотко берген.

ЖЕКШЕНАЛИЕВДИН СОТУ СОЗУЛДУ

Бүгүн, 6-июнда Бишкектин Биринчи май райондук сотунда блогер Ырыс Жекшеналиевдин иши каралууда.

Мамлекеттик айыптоочу келбегендигине байланыштуу сот отурум 13-июнь, саат 14:00гө жылдырылды.

15-майдагы жараянда шектүү акыркы сөзүн сүйлөп, сот өкүм чыгармак, бирок кеңешүү бөлмөсүнөн чыккан судья Мирбек Сатарбек уулу иш кайра жанданганын, кошумча экспертизаларды даярдоо керектигин айткан.

20 жаштагы блогер Ырыс Жекшеналиев 2022-жылдын 14-августунда УКМКнын экс-төрагасы Абдил Сегизбаевдин Нарын облусундагы Жетим-Тоо кени боюнча айткан эски видеосун жарыялаганы үчүн ИИМге суракка чакырылып, кармалган.

Жекшеналиевге карата «Массалык башаламандыктар» («Бийлик өкүлдөрүнүн мыйзамдуу талаптарына жигердүү баш ийбөөгө жана массалык башаламандыктарга чакырыктар, ошого тете жарандарга зомбулук көрсөтүүгө чакырыктар») беренеси боюнча кылмыш иши козголгон.

Мамлекеттик айыптоо аны бул иш боюнча алты жылга эркинен ажыратууну суранган. Жогорку Кеңештин депутаттары жана укук коргоочулар сотту активистти бошотууга, ал эми ИИМди ага карата кылмыш ишин толук токтотууга чакырышкан.

АЖИЕВ 2 АЙГА КАМАЛДЫ

Кыргызстанда вебкам студияларды уюштурган деген шек менен кармалган Даниел Ажиев 29-июлга чейин Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин (УКМК) тергөө абагына камалды. Мындай чечимди 5-июнда Бишкектин Биринчи май райондук соту чыгарганын мекеменин басма сөз кызматы билдирди.

Атайын кызмат Даниел Ажиев жетектеген “трансулуттук туруктуу кылмыштуу топтун ишмердүүлүгүнө бөгөт коюлганын” 5-июнда кабарлаган. Топтун мүчөлөрү чет мамлекеттерде да Даниел Ажиев түзгөн аянтчаларда интимдик мүнөздөгү кызматтарды көрсөтүп, көп суммада киреше алып турганы ага “модел” делген кыздар тартылганы аныкталган.

Кылмыш ишинин алкагында бул топтун активдүү үч мүчөсү кармалып, аларга айып тагылган.

Даниел Ажиев 31-майда Кыргызстандын аймагынан чыгып кеткендигине байланыштуу ага издөө жарыяланып УКМКнын суранычы менен Өзбекстандан Бириккен Араб Эмираттарына (БАЭ) учууга аракет кылган жеринен кармалып, 4-июнда Кыргызстанга өткөрүлгөн.

Эске салсак, Даниел Ажиев 2020-жылы улуттар аралык кастыкты козуткан деп айыпталып кармалган. Тергөө маалында Ажиевдин психикалык саламаттыгын соттук-психиатриялык экспертизадан өткөрүүнү талап кылынып, экспертиза «Ажиев психикалык жактан дарыланууга муктаж» деген корутунду чыгарган. Ажиевге карата козголгон кылмыш иши токтотулган.

 “КАРАКОЛ” АЭРОПОРТУНДА ЖУМУШЧУЛАР КАЗА БОЛДУ

«Каракол» аэропортун куруп жаткан жумушчуларды металл конструкциясы басып калып, эки жаран каза болду. Бул тууралуу Ысык-Көл облустук милициясынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, кырсык 5-июнда, саат 17:30дар чамасында болгон. Бир жумушчу окуя болгон жерден эле каза болгон. Экинчиси ооруканада реанимацияда көз жумган. Дагы бир киши реанимацияда оор абалда жатат, -деп айтылат маалыматта.

Кошумчалангандай, окуя облустук милициянын маалыматтык журналына катталып, экспертиза дайындалганын, анын жыйынтыгы менен чечим кабыл алынат.

Ал эми маркумдардын жакындары курулуш жүрүп жаткан жерге барып, президентке кайрылуу менен жооптуу адамдарды жазага тартууну талап кылышты. Окуянын видеосун социалдык тармактарга тарады.

ЖОЛ КЫРСЫКТА 6 АДАМ КӨЗ ЖУМДУ

Бишкек–Ош автожолунун Суусамырдын тушундагы тилкесинде бүгүн 6-июнда эртең менен болгон жол кырсыгы алты адамдын өмүрүн алды. Саламаттык сактоо министрлиги жалпысынан , алардын төртөө ошол жерден мерт кеткенин, экөө ооруканага жеткирип баратышканда үзүлгөнүн, сегизи Жайыл райондук ооруканасына жаткырылганын билдирди.

Чүй облустук милициясынын жол коопсуздугун көзөмөлдөө мекемеси кырсык болжол менен саат 07:00 чамасында Бишкек–Ош автоунаа жолунун 178-чакырымында болгонун, рулу оң жактагы «Тойота-Альфарт» машинасы каршы тилкеге чыгып, “Мерседес-Бенц» жеңил машинасы менен сүзүшкөнүн маалымдады.

Кыргызстанда былтыр бир жыл ичинде 7 миңдей жол кырсыгы катталып, 600дөн ашуун өмүр кыйылган.

Количество просмотров: 222