• Ишенби 20 Чын куран 2024
  • Суббота 20 Апрель 2024

Күндүн ыргагы: Кайсы депутаттар вирус жуктурду сыр бойдон калды. Жээнбеков миллион адам чогулган Москвадагы парадга барат

22 Кулжа 2020 18:27 Бишкек Govori.TV

КОРОНАВИРУС БОЮНЧА АКЫРКЫ АБАЛ

22-июнуна карата республика боюнча СOVID-19 инфекциясынын жаңы 205 учуру катталды муну менен бүгүнкү күндө тажы илдетин Кыргызстанда 3356 адам жугузду. Бул тууралуу Саламаттыкты сактоо министри Сабиржан Абдыкеримов билдирди.

ДЕПУТАТТАРДАН КОРОНАВИРУС ТАБЫЛДЫ

Жогорку Кеңештин эки депутатынан жана аппараттын үч кызматкеринен коронавирус аныкталды.  Парламенттин басма сөз кызматынан билдиришкендей, коопсуздук чараларынан улам инфекция жуктурган депутаттардын жана аппарат кызматкерлеринин ысымдары ачык айтылбайт жана  соңку кырдаал Жогорку Кеңештин ишине азырынча таасир бербейт. Бүгүнкү күндө Жогорку Кеңештин депутаттары жана аппарат кызматкерлери толук ПЦР-текшерүүдөн өтүп бүтө элек. Буга чейин Жогорку Кеңешке жакында эле депутат болгон Бейшеналы Нурдинов коронавирус жуктуруп алганы айтылган. Мындан тышкары, “Өнүгүү-Прогресс”, “Бир бол”, КСДП фракцияларында вирус жуктургандар бар экени кабарланган.

ЖЭЭНБЕКОВ ЖЕҢИШ ПАРАДЫНА КАТЫШАТ

3 Сооронбай Жээнбеков Россия Федерациясынын президенти Владимир Путиндин чакыруусу менен 24-июнда 1941-1945-жылдардагы Улуу Ата Мекендик согуштагы Жеңиштин 75 жылдыгына арналган иш-чарага катышат. Бул тууралуу президенттин басма сөз кызматы билдирди. Президенттик аппараттын тышкы саясат бөлүмүнүн башчысы Данияр Сыдыковдун айтымында, иш сапардын алкагында президент Москвадагы Кызыл аянттагы аскер парадына жана Кремль дубалындагы Белгисиз солдаттын күмбөзүнө гүл коюу аземине катышуусу пландаштырылууда.

ПРЕЗИДЕНТ БОЛОТ ШЕРДИН ЖАКЫНДАРЫНА КӨҢҮЛ АЙТТЫ

Президент Сооронбай Жээнбеков, Жогорку Кеңештин төрагасы Дастанбек Жумабеков премьер-министр Кубатбек Боронов баштаган өлкө жетекчилери Жогорку Кеңештин III-V чакырылыштарынын депутаты, коомдук ишмер Болот Шердин мезгилсиз дүйнөдөн кайтканына байланыштуу көңүл айтышты. Көрүнүктүү мамлекеттик жана коомдук ишмер, милициянын генерал-лейтенанты Болот Шер 21-июнда 61 жашында мезгилсиз дүйнөдөн өттү. Болот Шердин сөөгү 23-июнда, саат 11:00дө Талас облусунун Манас районунун Чон-Капка айылында коюлат.

Количество просмотров: 249