• Жума 19 Чын куран 2024
  • Пятница 19 Апрель 2024

Күндүн ыргагы: Карыянын акчасын уурдаган шектүү кармалды. Жапырт камоолор боюнча маалымат угулду

25 Тогуздун айы 2022 18:13 Бишкек Govori.TV

ТЕМИР ЖОЛДУН КУРУЛУШУ

Президент Садыр Жапаров бүгүн, 25-октябрда, Балыкчы – Кочкор — Кара-Кече темир жолунун курулушунун жүрүшү менен таанышты. «Кыргыз темир жолу» улуттук компаниясы» мамлекеттик ишканасынын башкы директору Азамат Сакиев мамлекет башчысына Ысык-Көл облусунун Балыкчы шаарына жакын жерде жүрүп жаткан Балыкчы — Кочкор темир жол тилкесин куруу боюнча жүргүзүлүп жаткан иштер тууралуу маалымат берди. Жыл соңуна чейин 5 чакырым жолду аяктоо пландалууда, учурда иштин 85%ы – 4,5 чакырым жол тилкесин түптөө иштери бүттү, ал эми 3,7 чакырым жол тилкесине рельстер орнотулган. Мындан сырткары, чет элдик инвестиция тартуу боюнча да сүйлөшүүлөр жүрүп жатат. Президент Садыр Жапаров курулуштун жүрүшү менен таанышып чыгып, талап кылынган сапат стандарттарын сактоо менен бирге иштин темпин басаңдатпоону тапшырды. Келечекте Балыкчы – Кочкор — Кара-Кече багытындагы темир жолду долбоорлонуп жаткан Кытай-Кыргызстан-Өзбекстан темир жолу менен туташтыруу пландалууда.
Эске салсак, бул Кыргызстандын эгемендик жылдарындагы алгачкы темир жол курулушу болуп саналат.

МАССАЛЫК КАМООЛОР

Бүгүн, 25-октябрда Жогорку Кеңештин Укук тартиби, кылмыштуулук менен күрөшүү жана коррупцияга каршы аракеттенүү боюнча комитетинде массалык баш аламандык уюштурууга аракет кылган деген шек менен камалган саясатчы жана активисттер боюнча маселе каралды Жыйынга маалымат берүү үчүн күч оргадарынан тийиштүү өкүлдөр келген. Жыйын учурунда депутат Алишер Эрбаев камалгандардан алынган аудио жана видео жазуулар экспертизадан өтүшү керектигин айтты. Ал эми ички иштер министринин орун басары Эркебек Аширходжаев эми экспертиза жүргүзүлөрүн белгиледи. Белгилей кетсек, 22-октябрда Кемпир-Абад суу сактагычын колдоо комитети түзүлгөн. Анын курамына активисттер, саясатчылар жана депутаттар кирген. 23-октябрда массалык тинтүү иштери башталып, 20дан ашык адам кармаган. Ал эми кечээ алардын дээрлик бардыгы эки айга СИЗО-1 мекемесине камакка алынды.

КАРЫЯНЫН АКЧАСЫН УУРДАГАН ЖАРАН КАРМАЛДЫ

Токмоктогу мал базарда карыянын 120 миң сом акчасын уурдоого шектелген адам кармалды. Бул тууралуу Чүй облустук милициянын басма сөз кызматынан билдиришти. Маалыматка караганда, уурулукка шектүү катары Токмок шаарынын 1983-жылы туулган Г.У. аттуу тургуну кармалган. Учурда ал Токмок шаардык милициясынын убактылуу кармоочу жайына камакка алынган. Учурда тергөө уланууда. Буга чейин ИИМ аталган факт боюнча Кылмыш-жаза кодексинин 205-беренесинин (Уурулук) негизинде кылмыш иши козголгонун маалымдаган. Эскерте кетсек, 16-октябрда социалдык тармактарда Токмоктогу мал базарда 120 миң сом акчасын уурдаткан карыянын видеосу тараган. Кайдыгер эмес жарандар карыяга 115,5 миң сом чогултуп беришкен.

ШЕКТҮҮ КАРМАЛДЫ

Бишкекте адам өлтүрүүгө шектелген жаран кармалды. күн мурун, 23-октябрда болжол менен саат 21:10до «102» кызматына Абдыкадыров көчөсүндө белгисиз аял сабалган абалда жатат деген маалымат келип түшкөн. Айтылган дарекке келген кайгуул кызматкерлери үй ээси менен ошол батирде убактылуу жашаган жарандын ортосунда уруш чыккандыгын такташкан. 83 жаштагы үй ээси катуу сабалып, эс учуна келбей, ооруканага жетпей көз жумган. Ыкчам кармоо иш-чараларынын жүрүшүндө кылмышка шектүү катары 2000-жылы туулган Ы.Н. аттуу жаран кармалып, Ленин райондук ИИБнин Тергөө кызматына андан ары тийиштүү чара көрүү үчүн жеткирилген.
Бул факты Ленин райондук ИИБнин Кылмыштардын бирдиктүү реестрине катталып, сотко чейинки өндүрүшкө алынган.

7 МИЛЛИОНУНЧУ ЖАРАН

Кыргызстандын жети миллионунчу жашоочусу Жакшылык төрөт үйүнөн чыгарылды. Кыргызстандын жети миллионунчу жашоочусу Баткен облусунун Кызыл-Кыя шаарында 19-октябрда таңкы саат 2:10до төрөлгөн. 7 миллионунчу кыргызстандык фермер Валижан Абдурасуловдун үй-бүлөсүндө төрөлгөн. Апасы — Айжаркын Сыраждинова, 1982-жылы туулган. Бул анын төртүнчү баласы. Ымыркайдын салмагы 3,9 кг, бою 54 см. Белгилей кетсек, Жакшылыктын депозиттик эсебине мамлекеттен 1 миллион сом которулуп, ал аны жашы жеткенде өз муктаждыктарына колдоно алат.

WHATSAPP ҮЗГҮЛТҮККӨ УЧУРАДЫ

Кыргызстанда WhatsApp тиркемеси иштебей калды. Бул тууралуу социалдык тармактын колдонуучулары жазды. Алар билдирүү жөнөтө албай калгандыктарын, сүрөт, видео жүктөп, текст жазганда маселе жаралганын айтышты.Эске салсак, кечээ өлкөдө интернет үзгүлтүккө учураган.
Санариптик өнүктүрүү министрлиги интернеттин жарым-жартылай үзгүлтүккө учурашынын себебин түшүндүргөн. Анда магистралдык линиялардын биринде авария болуп, интернет иштебей калганы кабарланган.

Количество просмотров: 365