• Ишенби 27 Чын куран 2024
  • Суббота 27 Апрель 2024

Күндүн ыргагы: Кемпир-Абад иши боюнча дагы бир активист кармалды. Айрым кафелер той-аш өткөрбөй калышты

3 Бирдин айы 2023 17:54 Бишкек Govori.TV

БАТКЕН МЕНЕН СОГДИ ОБЛУС БАШЧЫЛАРЫ ЖОЛУКТУ

Кыргызстандын президентинин Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Абдикарим Алимбаев менен Тажикстандын Согди облусунун жетекчиси Раджаббой Ахмадзода жолугушту.

Президенттин облустагы өкүлчүлүгүнөн билдиришкендей, тараптардын жолугушуусу 2-февралда Лейлек районунун кыргыз-тажик чек арасында өткөн. Жолугушууга ошондой эле эки тараптын күч түзүмдөрүнүн жетекчилери, район акимдери, КР УКМК Чек ара кызматынын директору Уларбек Шаршеев жана ТР Чек ара кызматынын жетекчиси Раджабали Рахмонали да катышты.

Тараптар чек арадагы кырдаалды талкууга алып, андан соң үч маселе боюнча макулдашышты.

Алар: Чек ара аймактарында пайда болгон көйгөйлүү маселелерди сүйлөшүүлөр менен гана чечүү; 2023-жыл ичинде тынчтыкты сактоо багытында биргелешкен иш чараларды өткөрүү; эки облуста тең чек арага жакын жашаган жашоочулардын арасында түшүндүрүү иштерин жүргүзүү жөнүндө сүйлөшүлдү.

АКТИВИСТ КАРМАЛДЫ

Кемпир-Абад иши боюнча дагы бир жарандык активист Темир Махмудов камакка алынды. Маалыматты Бишкектин Биринчи май райондук сотунун басма сөз кызматы ырастады.

Биринчи май райондук сотунун 2023-жылдын 2-февралындагы токтомуна ылайык, М.Т.Ш.га карата бөгөт коюу чарасы катары камакка алуу түрү тергөө мөөнөтүнө, тактап айтканда 20-февралга чейин тандалды жана ал №1 тергөө абагында болот.  

Эске салсак, өткөн жылдын 23-28-октябрда Кыргызстанда оппозициялык маанайдагы бир топ саясатчы, укук коргоочу, активист жана блогер кармалган. Ушул тапта 29 кишинин 26сы тергөө абагында, үчөө ден соолугуна байланыштуу үй камагында жатат.

Кылмыш ишин козгоого алардын Кемпир-Абад суу сактагычы боюнча 22-октябрда Бишкектеги кафелердин биринде өткөргөн жыйыны негиз болгону айтылган. Ички иштер министрлиги (ИИМ) шектүүлөрдүн айыбы боюнча далилдер жетиштүү экенин билдирген.

СЮЖЕТ: ЭРКИН МЕДИАГА БАСЫМ

«Жалган маалыматтан коргонуу» жөнүндө мыйзамга таянуу менен Маданият министрлиги дагы бир төбөсү көрүнгөн «Клооп» басылмасына бөгөттөлүшү ыктымал экени тууралуу эскертүү берди. Аталган министрлик менен Байланыш тармагын жөнгө салуу жана көзөмөлдөө кызматы басылмага Коомчулукту өнүктүрүү жана инвестициялоо агенттигине (АРИС) байланыштуу макаланы веб-сайтынан өчүрүү талабы менен кат жолдогон. Расмий катта бул материалда «жалган маалымат» берилгени белгиленген. «Kлооп» бул талапка макул эмес экенин жана макаланы сайтынан өчүрбөй турганын жазган. Маданият, маалыматакетин көрүп жатат. Министрлик буга “Эркин Европа/Азаттык” радиосунун дагы бир кызматы – “Настоящее время” телеканалынын сайтына чыккан видео материал негиз болгонун айтууда. 2-февралда Бишкек шаардык соту “Азаттык Медиа” мекемесинин Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин (УКМК) аракетине каршы арызын карап, Биринчи май райондук сотунун чечимин өзгөртүүсүз калтырды. Кыргызстандагы медиа эксперттер көз карандысыз ЖМКларга карата кысым болуп жатканын белгилеп, тынчсыздануу билдирип жаткан убагы.

АЙРЫМ КАФЕЛЕР ТОЙ-АШ  ӨТКӨРБӨЙ КАЛЫШТЫ

Свердлов акимиаты Бишкек шаарындагы ири кафелердин өкүлдөрү менен келишим түздү. Бишкек мэриянын басма сөз кызматынын маалыматына ылайык, Ленин жана Свердлов райондук акимчиликтеринин өкүлдөрү шаардагы ири кафелердин жетекчилери менен жолугушуу өткөрүп, алар менен өз ара түшүнүшүү келишимин түзүп, ысырапкорчулук менен өтө турган үй-бүлөлүк иш-чараларды, диний жөрөлгөлөрдү жана тажияларды өткөрбөөгө макулдашышкан.

«Сүйлөшүүлөрдүн жүрүшүндө кафе-ресторандардын өкүлдөрү президенттин «Кыргызстанда үй-бүлөлүк салтанаттарды жана сөөк коюу каада-салттарын жөнгө салуу боюнча чаралар жөнүндө» жарлыгын ишке ашырууга багытталганы айтылды»,-деп айтылат маалыматта.

Эске салсак, президент Садыр Жапаров өткөн жылы «Кыргызстанда үй-бүлөлүк салтанаттарды жана сөөк коюу каада-салттарын жөнгө салуу боюнча чаралар жөнүндө» жарлыкка кол койгон.

СЮЖЕТ: БАЗАРБАЕВДИН ЭЛЕСИНЕ АРНАЛГАН ИШ-ЧАРА  ӨТТҮ

Бүгүн, 3-февралда белгилүү балет бийчиси Чолпонбек Базарбаевдин жаркын элесине арналган иш-чара өттү.

Иш-чарага катышкан Франциянын Кыргызстандагы элчиси Франсуа Делаус балет өнөрүнүн өзгөчөлүгүнө токтолду.

Чолпонбек Базарбаев айылдык жигит болгонуна байланыштуу орусча эки сөз билбей келип, талыкпаган эмгектин аркасында чоң ийгиликтерди багынткан. Аны бийдин кудайы деп атап коюшкан. Талантуунун учугун улаган анын жээни Канат Надырбек уулу дагы бул өнөрдү даңазалап келе жатат.

Количество просмотров: 282