• Дүйшөмбү 29 Чын куран 2024
  • Понедельник 29 Апрель 2024

Күндүн ыргагы: Кемпир-Абад ишиндеги 7 айыпталуучу абактан чыкты. Пара алган тергөөчү кармалды

12 Чын куран 2023 19:20 Бишкек Govori.TV

ЖКДА БАШ ПРОКУРОР ОТЧЕТ БЕРДИ

Бүгүн, 12-апрелде Жогорку Кеңештин жыйынында өткөн жылдагы өлкөдөгү мыйзамдуулуктун абалы жана аны чыңдоо боюнча прокуратура органдары тарабынан аткарылган иштер тууралуу Башкы прокурордун отчету каралды. Жыйында Баш прокурор Курманкул Зулушев депутаттарга аткарылган иштер тууралуу маалымат берди.  Ал эми талкуу маалында депутаттар ар кыл тармактарда орун алган мыйзам бузууларды белгилеп, айрым коррупциялык жагдайларга көңүл бурушту.

Алсак, депутаттар Медербек Алиев менен Эмиль Токтошев жер мыйзамдарын бузууга тиешелүү көйгөйлөрдү көтөрүшүп, бул жаатта жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары тарабынан жасалган кылмыш иштери боюнча сөз кылышты. Башкы прокурордун айтымында, прокуратура органдары тарабынан бул багытта 3 миңге жакын мыйзам бузуулар катталып, 1247 прокурордук чара көрүү актысы түзүлгөн.

Жыйында депутат Дастан Бекешев массалык баш аламандыкка даярданган деп айыпталган активисттер менен саясатчылардын ишине кызыкты. Ал эмне үчүн иштин айрым материалдары жашыруун сырга ээ болгонун сурады.

Ал эми депутат Тазабек Икрамов Чүй облусундагы “жер мафиясына” тиешелүү көйгөйгө өзгөчө көңүл буруп, чара көрүүнү айтса, депутат Өмүрбек Бакиров кыргызстандык мигранттардын Украинадагы согушка катышканы боюнча маалымат барбы, деп сурады. Депутатка жооп берген Зулушев фактылар бар экенин айтты.

ЖАПЫРТ КАРМАЛГАНДАР АБАКТАН ЧЫКТЫ

Массалык башаламандык уюштурууга даярдык көрүү иши боюнча кармалгандардын бир катары үй камагына чыгарылды. Маалыматка ылайык, райондук соттун 12-апрелдеги токтому менен Клара Сооронкулова, Мамбетжунус Абылов, Таалайбек Мадеминов, Чынгыз Капаров, Гулнара Журабаева, Улукбек Маматаев жана Асия Сасыкбаевалар 2023-жылдын 20-июнуна чейин үй камагына чыгарылды.

Үй камагына чыгарылган активист Улукбек Маматаев үй камагына ден соолугуна байланыштуу чыгарылганын айтып, күнөөсүз экенин далилдөө үчүн күрөшөрүн айтты.

Белгилей кетсек, буга чейин Кемпир-Абад иши боюнча абакта отурган Орозайым Нарматова, Перизат Суранова, Нурлан Асанбеков, Талантбек Эшалиев үй камагына чыккан.

Кыргыз-өзбек чек арасындагы Кемпир-Абад суу сактагычынын жери Өзбекстанга өтүп жатышына каршы пикирин ачык билдирип чыккан 30га жакын адам 2022-жылдын 23-октябрында кармалган.

Алардын 20дан ашыгынын абактагы мөөнөтү 20-апрелге чейин узартылган. Бир нечеси саламаттыгынан улам үй камагына чыгарылган. Адам укугун коргогон уюмдар активисттерди бошотууну кыргыз бийлигинен бир нече ирет талап кылган.

ТЕРГӨӨЧҮ КАРМАЛДЫ

Свердлов РИИБдин тергөөчүсү опузалап пара алып аткан жеринен кармалды. Бул тууралуу УКМКнын басма сөз кызмтанан кабарлашты.

Маалыматка ылайык, УКМК тарабынан укук коргоо органдарындагы коррупцияны азайтуу боюнча жүргүзүлүп жаткан иш-аракеттердин алкагында, опузалап пара талап кылган Бишкек шаарынын Свердлов РИИБнин тергөөчүсүнө карата КР Кылмыш-жаза кодексинин 343-беренеси (Опузалап пара алуу) боюнча кылмыш иши козголгон.

2023-жылдын 11-апрелинде Кыргыз Республикасынын ИИМдин Ички иликтөө кызматы менен биргеликте жүргүзүлгөн атайын иликтөө иш-чараларынын натыйжасында 100 миң сом өлчөмүндө акча каражатын иш бөлмөсүндө алып жаткан жеринен тергөөчү кармалды.

Тергөөнүн жүрүшүндө ал кылмыш ишин тергөөдө, жеке баюу максатында, жабырлануучуга карата кылмыш ишин токтотуп берүү үчүн 2000 АКШ доллары өлчөмүндө акча талап кылгандыгы аныкталды. Кармалган жаран КР Кылмыш-жаза процессуалдык кодексинин 96-беренесине ылайык, КР УКМКнын тергөө абагынын убактылуу кармоочу жайына киргизилди.

Учурда башка тиешелүү кызмат адамдарын жана ушул сыяктуу башка фактыларды аныктоо боюнча тиешелүү тергөө-ыкчам иш-чаралары жүргүзүлүүдө.

ШАЙЛООГО ТАЛАПКЕРЛЕР АРЫЗ БЕРҮҮДӨ

№ 26 Ленин бир мандаттуу шайлоо округу боюнча Жогорку Кеңешинин депутатын мөөнөтүнөн мурда шайлоодо талапкерлигин добушка коюу ниети жөнүндө арыз берген талапкердин саны 15ке жетти.

Белгилей кетсек,  депутаттыкка талапкерлерди көрсөтүү 2023-жылдын 27-апрелинде (кошуп алганда) аяктайт. Бишкектин Ленин бир мандаттуу шайлоо округу боюнча Жогорку Кеңештин депутатын мөөнөтүнөн мурда шайлоо 28-майга дайындалган. Аталган округ боюнча Жогорку Кеңештин депутаты Жаныбек Абировдун ыйгарым укуктары кафеде болгон мушташтан улам мөөнөтүнөн мурда токтотулган.

Борбордук шайлоо комиссиясы Жогорку Кеңештин депутатын мөөнөтүнөн мурда шайлоону өткөрүүгө жалпысынан 18,6 миллион сом жумшаларын кабарлаган.

АЖЫЛЫК САПАРДЫН БААСЫ

2023-жылдагы ажылык сапардын баасы 3900 доллар болду. Бул тууралуу муфтияттын басма сөз кызматы кабарлайт. Төлөмдөрдү кабыл алуу 12-апрелден башталат.

«Ажыга барууга 1000 долларын төлөп мүмкүнчүлүк алган ар бир талапкер ушул жылдын 17-апрелине чейин РСК банктын иштөө убактысы бүткөнгө чейин калган 2900 долларын төлөөсү керек», — деп айтылат билдирүүдө.

Көрсөтүлгөн баалар Аалымдар кеңеши, Борбордук текшерүү комиссиясы, муфтият кызматкерлери жана ажылыкты уюштуруу боюнча убактылуу республикалык штабынын мүчөлөрү тарабынан иштелип чыккан.

Белгилей кетсек, быйылкы ажылык сапарына Кыргызстан үчүн 6 миң квота бөлүнгөн.

Количество просмотров: 294