• Жума 26 Чын куран 2024
  • Пятница 26 Апрель 2024

Күндүн ыргагы: Кемпир-Абад ишине коюлган “жашыруун” гриф талкууда. Таштанды тарифи өзгөрөт

31 Үчтүн айы 2023 18:01 Бишкек Govori.TV

БАШКЫ ПРОКУРОРДУН БАСМА СӨЗ ЖЫЙЫНЫ

Бүгүн, 31-январда Башкы прокурор Курманкул Зулушев 2022-жыл ичиндеги прокуратура органдарынын ишмердүүлүгү тууралуу маалымат жыйын өткөрдү. Анын айтымында, 2022-жылы өлкө аймагында 45 миң 96 кылмыш иши катталган. Мындан тышкары Зулушев коомдо резонанс жараткан суроолорго жооп берди. Анда Керемет банктын» ишинин алкагында Түркиядан эки жаран кармалганы белгилүү болду. Маалымат жыйында Башкы прокурорго журналисттер тарабынан мурдагы саламаттык сактоо министри Алымкадыр Бейшеналиевдин иши, ич ара пикир келишпестиктер боюнча суроо узатылды.

УЛУТТУК БАНК МААЛЫМАТ БЕРДИ

Бүгүнкү күндө Кыргызстандын системасында накталай чет элдик валюта жетиштүү. Бул тууралуу “Кабар” агенттигинде өткөн маалымат жыйынында Улуттук банктын расмий өкүлү Аида Карабаева билдирди. Анын айтымында, валюта боюнча абал туруктуу. Буга чейин базарда накталай АКШ доллары тартыш болуп, буга Кыргыз Республикасынын негизги соода өнөктөштөрүнө каршы санкциялардын киргизилиши себеп болгон. Ошондой эле маалымат жыйында алдын ала эсеп менен Улуттук банк 2022-жылы жасаган интервенциялардан 9 миллиард сом киреше тапканы маалымдалды. Карабаева банк интервенцияны пайда табуу үчүн эмес валюта рыногундагы абалды жөнгө салуу үчүн жасай турганын, түшкөн кирешенин так суммасы тышкы аудитордук текшерүүнүн жыйынтыгында белгилүү болорун билдирди. Маалыматка ылайык, өлкөнүн негизги банкы былтыр валюта рыногуна 486 млн. доллар сатып, 190 млн. доллар сатып алган. Интервенция доллардын курсу кескин көтөрүлүп же түшүп кеткенде жасалат. Кошумчалангандай, Улуттук банк эсептик ченди 13% менен сактап калган жана 2022-жылдын жыйынтыгы боюнча жылдык инфляция 14,7% болгон.

КЕМПИР-АБАД ИШИНЕ КОЮЛГАН «ЖАШЫРУУН» МАКАМ ТАЛКУУДА

«Кемпир-Абад» боюнча кармалгандардын иши «Жашыруун» деген грифке кирди. Бул алардын айтымында жакындарына жана өздөрүнө кооптуулукту жаратып, адилет сот жүргүзүү мүмкүнчүлүгүнөн ажыраткан. Буга байланыштуу тегерек стол өтүп, анда “Кемпир-Абад окуясын классификациялоого негиз барбы?”,-деген суроо талкууланды. Жактоочулар Кемпир-Абад ратификациядан өткөндөн кийин, бул маселеде эмне сыр болушу мүмкүн экендигин экендигин сынга алышты Жыйынга президенттик аппараттын, аткаруу бийликтин өкүлдөрү чакырылган. Бирок, келишкен жок.

БАЛАСЫН САБАГАН АЯЛ КАМАЛДЫ

Баткенде эки жашар кызын сабаган келин 30-январда Кадамжай райондук ички иштер бөлүмүнүн убактылуу кармоочу жайына 48 саатка камалды. Бул тууралуу Баткен облустук ички иштер башкармалыгынын басма сөз кызматы билдирди. Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлиги Кадамжай районунда апасы сабаган кыз жана анын эки бир тууганы Совет айылындагы “Кут кадам” үйүнө жайгаштырылганын кабарлаган. Милициянын маалыматы боюнча, 27-январда келиндин күйөөсү милицияга арыз жазып, аялы кызын уруп, зомбулук көргөзүп келгенин билдирген. Ал ошол эле райондун Марказ айылынын тургуну менен 2020-жылдын март айынан бери жарандык никеде жашап жүрүп, 2021-жылы кыздуу болушканын жана жакындан бери пикир келишпестиктен чогуу жашабай калышканын айткан. Милиция билдиргендей, окуя 5-январда болгон – келин өзүнүн кызын уруп, телефонуна тартып, жолдошуна WhatsApp менен жиберген. Факт боюнча Кылмыш-жаза кодексинин 138-беренесинин 2-бөлүмүнүн 2-пункту “Баланы же алсыз абалдагы же күнөөлүүдөн материалдык же башкадан көз каранды болгон адамды уруп сабоо” менен кылмыш иши козголгон.

ТАШТАНДЫ ҮЧҮН ТАРИФ КӨТӨРҮЛДҮ

Бүгүн, 31-январда Бишкек шаардык кеңешинин депутаттары катуу тиричилик таштандыларын ташып чыгууга тарифти көтөрүү боюнча токтом долбоорун жактырышты. Тарифти көтөрүүгө шаардык кеңештин айрым депутаттары каршы болду. Ал эми мэр Эмилбек Абдыкадыров таштандыга тарифти көтөрүүнү саясатташтырбаш керектигин белгилеп, төмөндөгүлөрдү билдирди. Муниципалитет тарифти көтөрүү демилгесин күйүүчү майдын жана тетиктердин кымбатташы, Европа реконструкциялык жана өнүктүрүү банкынан алынган насыяны жабуу зарылдыгы тургандыгы менен байланыштырган. Белгилей кетсек, Бишкекте таштанды чыгаруу боюнча тарифке акыркы алты жылдан бери өзгөрүү кире элек болчу.

Количество просмотров: 344