• Жума 29 Жалган куран 2024
  • Пятница 29 Март 2024
Орозо

Күндүн ыргагы: Кетпес атыккан Разаков кызматтан кетти. Бекназаровдун элчиликке көңүлү жокпу?

11 Бирдин айы 2020 20:01 Бишкек Govori.TV

Разаков элдин эсинде эмнеси менен калды

Бүгүн вице-премьер-министр Жеңиш Разаков өз арызына ылайык ээлеген кызматынан бошотулду. Бир катар маанилүү кызматтарда олтуруп, 2018-жылдан бери вице-премьер болуп келген Разаков бир катар чырлуу окуяларда аты аталган

Саймаитинин ишин иликтеген комиссиянын жыйыны уланды Жогорку Кеңеште Кытай жараны Айэркен Саймаитиге байланыштуу маалыматтарды иликтөө боюнча түзүлгөн убактылуу депутаттык комиссиясынын кезектеги отуруму өттү. Бул жолку отурумга Мамлекеттик бажы кызматынын төрагасы Алтынбек Торутаев, Башкы прокуратуранын өкүлү Кумарбек Байдылдаев, жеке ишкер Руслан Эсеналиевдер чакырылып депутаттардын суроолоруна жооп беришти.

Бекназаров тил үйрөнө элек
ЗКТ; Кыргызстандын Малайзиядагы атайын жана ыйгарым укуктуу элчиси болуп дайындалган Бекназаров мындан бир нече күн мурда китебинин бет ачаарын өткөргөн. Анда ал жаңы кызматы тууралуу да кеп козгоп, ушул аптада өзүнүн милдеттерин аткаруу үчүн Куала-Лумпурга кетээрин билдирди.

Жасалма жардыргыч табылды
2020-жылдын 9-февралында саат 7:45 чамасында Бишкек шаардык ИИБ нөөмөт бөлүмүнө жашоочулардын биринен батирдеги чыгып жаткан катуу ызы-чуу тууралуу телефон чалуу кабыл алынган.

Бишкекте карышкыр колго түштү
Интернетте Бишкек шаарынын чок ортосундагы Респуликанский көчөсүнөн карышкыр колго түшүрүлгөнү тууралуу видео тарады. Автордун айтымында карышкыр шаар аралап жүргөн жана аны мектептин жанынан кармашкан.

Количество просмотров: 159