• Ишенби 27 Чын куран 2024
  • Суббота 27 Апрель 2024

Күндүн ыргагы: Коомдук транспорттор айыпка жыгылды. Кыргызстан Казакстандан электр энергиясын сатып алат

12 Баш оона 2020 19:30 Бишкек Govori.TV

COVID-19: АКЫРКЫ АБАЛ

12-августка карата Кыргызстанда коронавирус менен дарыланып жаткан 6 бейтап каза болуп, акыркы бир суткада таажы илдетинин жаңы 304 учуру катталды. Ошол эле учурда коронавирус диагнозу менен дарыланып жаткан 263 бейтап айыгып, үйлөрүнө чыгарылды. Мындан тышкары, 14 ак халатчан аталган илдетке кабылып, өлкөдө вирус менен катталгандардын жалпы саны 40 миң 759ду түздү.

ПРЕЗИДЕНТ ТҮШТҮККӨ БАРДЫ

Президент Сооронбай Жээнбеков 12-13-август күндөрү Баткен, Жалал-Абад жана Ош облустарын кыдырат. Жээнбеков иш сапары алкагында медициналык, социалдык, айыл чарба, өнөр жай жана билим берүү объектилеринин ишмердиги менен таанышат.
Ошондой эле коронавирус инфекциясы пандемиясы шарттарында ирригацияны жакшыртуу, ички жолдорду реконструкциялоо долбоорлорунун ишке ашырылышынын жүрүшүнөн кабар алат..

ТОКТОГУЛ СУУ САКТАГЫЧЫНДА СУУНУН КӨЛӨМҮ АЗ

Токтогул суу сактагычындагы суу өткөн жылга караганда 2,2 млрд кубга аз. Бул тууралуу «Кабар» агенттигиндеги маалымат
жыйында энергетика жабдыктарын иштетүү жана оңдоо кызматынын башчысы Улугбек Мамыралиев билдирди. Анын айтымында, учурда суу сактагычтагы суунун көлөмү 14,4 млрд куб метрди түзөт. Суунун келиши секундасына 739, чыгышы 345 кубду түзүүдө.
Мындан тышкары, Мамыралиев кыш мезгилинде жарыктын өчүрүлүшүн болтурбоо үчүн капиталдык жана башка оңдоо иштер жүргүзүлгөнүн жана ошондой эле Казакстандан электр энергиясын сатып алуу боюнча иш жүрүп жатканын кошумчалады.

САЯСАТ ТАЛДООЧУ ИИМГЕ СУРАК БЕРДИ

Саясат талдоочу Айданбек Акматов Ички иштер министрлигине сурак берип чыкты. Маалыматты ал бүгүн, 12-августта Govori.TVга ырастады. Акматов 11-августта Ички иштер министрлигине «Фейсбуктагы» баракчасына «Олигархат же үч баштуу ажыдаар» деген посту үчүн күбө катары сурак берип чыккан.

КООМДУК ТРАНСПОРТТУН АЙДООЧУЛАРЫНА АЙЫП САЛЫНДЫ

Бишкек шаардык транспорт башкармалыгынын адистери, Мамлекеттик санитардык-эпидемиологиялык көзөмөл борборунун кызматкерлери шаарда эл ташыган коомдук транспортту текшерип жатат.Мэриянын басма сөз кызматынан биллиргендей, коронавирус илдетине байланыштуу автоунаалардын ичинде санитайзерлер коюлуп, санитардык тазалык жана аралык сакталышы керек экенин эскертет. 1-июндан бери 2 632 маршрутка, автобус жана троллейбус текшерилди. Анын ичинен 217 транспорт каражатында санитардык талаптар сакталбаганы үчүн айдоочуларына 370 500 сом айыппул салынган.

БОЛГОНБАЕВ КТРКДАН КЕТТИ

Азамат Болгонбаев Коомдук телерадиоберүү корпорациясынын (КТРК) Байкоочу кеңешинин төрагалык кызматын тапшырып, кеңештеги мүчөлүгүн да токтотконун «Фейсбуктагы» баракчасына жазды. Бирок анын себебин түшүндүргөн жок. Болгонбаев мындан ары чыгармачылык менен алектенерин баса белгилеген. Белгилей кетсек, төкмө акын Азамат Болгонбаев КТРКнын Байкоочу кеңешинин төрагасы болуп ушул жылдын 6-февралда шайланган болчу.

Количество просмотров: 379