• Жекшемби 28 Чын куран 2024
  • Воскресенье 28 Апрель 2024

Күндүн ыргагы: Коронавирус күч алганда партиялар кычады…

25 Аяк оона 2020 18:02 Бишкек Govori.TV

ПАРТИЯЛАР ПРЕЗИДЕНТКЕ КАЙРЫЛЫШТЫ

Бүгүн, 25-сентябрда парламенттик шайлоого аттанган «Бүтүн Кыргызстан», «Реформа» жана «Чоң казат» партиялары президент Сооронбай Жээнбековго кайрылуу жолдоду. Партиялар Жээнбековдун «шайлоодо кандай гана мыйзам бузуу болбосун, анын ичинде добуш сатып алуу фактыларына чара көрүлөт» деген сөзүн мисалга келтирип, сөзүнүн өтөөсүнөн чыгууну суранышты.

ШАЙЛОО БЮЛЛЕТЕНДЕРИ АЙМАКТАРГА ЖИБЕРИЛДИ

Борбордук шайлоо комиссиясы билдиргендей, 24-сентябрда шайлоо бюллетендери аймактарга жиберилди. Анын алдында «Учкун» ачык акционердик коомунун имаратында даяр болгон шайлоо бюллетендерин кабыл алуу жана аларды Жалал-Абад, Ош, Баткен, Нарын, Ысык-Көл, Талас жана Чүй облустарынын аймактык шайлоо комиссияларына тапшыруу боюнча актыга кол коюлду.

ПАРТИЯЛАР МЕНЕН МЕДИА УЮМДАР КЕЛИШИМ ТҮЗДҮ

Шайлоого катышып жаткан саясий партиялар менен маалымат каражаттары «Сөз эркиндиги тууралуу келишим» түзүштү. Келишим түзүүгө шайлоого аттанып жаткан 16 партиянын 14ү катышты.
Иш-чарага келген партиялардын өкүлдөрү сунушка макулдугун билдирип, келишимге кол коюшту.

КОРОНАВИРУС: АКЫРКЫ АБАЛ

Кыргызстанда 25-сентябрга карата 175 адамдан коронавирус табылды. Бул соңку бир айдагы эң жогорку көрсөткүч. Илдетке каршы республикалык штабдын маалыматына ылайык, ооруп жаткан бейтаптардын 142и айыкты. Каза болгондор катталган жок.
Өлкөдө COVID-19 вирусуна чалдыккандардын жалпы саны 45 932 кишиге жетти.

КОРОНАВИРУС КОРКУНУЧУ

Бишкек шаардык мэриясы райондук акимиаттардан түзүлгөн мобилдүү топтор менен шаардагы эл көп чогулуучу аймактарды кыдырууну жана ишкерлерге түшүндүрүү иштерин жүргүзүүнү улантып жатат. Бул жолу борбордогу «Глобус» жана «Фрунзе» соода түйүндөрүндө текшерүү жүргөн. Анда көпчүлүк имараттарда дезинфекциялык килем, кирип бара жатканда колду тазалоо жана дене табын өлчөө каражаттардын жоктугу аныкталган. Мэрия Глобус» жана «Фрунзе» соода түйүндөрүндө коронавирус жуктуруп алуу коркунучу бар экенин айтты.

ТОЙ БЕРГЕНДЕР АЙЫПКА ЖЫГЫЛДЫ

Өкмөттүн Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн орун басарлары, аппарат жетекчиси жана тийиштүү кызматкерлерден түзүлгөн облустук комиссия, район шаарларда беткап тагуу режими жана санитардык талаптардын аткарылышы боюнча мекеме ишканаларга рейд жүргүзүүдө. Жалпы облус боюнча 63 мамлекеттик мекеме ишканалардын санитардык абалы текшерилди. 24-сентябрь күнү жүргүзүлгөн рейддин жыйынтыгы менен үйүндө көп адам топтоп, той өткөргөн 9 жаранга 3000 сомдон айып салынды.

МАТРАИМОВ КЫЗМАТТАН КЕТКЕН ЭМЕС

Ош облусуна караштуу Кара-Суу районунун акими Тилек Матраимов кызматтан кетүү тууралуу арыз жазган жок. Бул тууралуу өкмөттүн Ош облусундагы өкүлчүлүгүнөн билдиришти. Маалыматка караганда, Мартаимов кыска убакыттагы эс алууга чыккан. Белгилей кетсек, буга чейин социалдык тармактарда Матраимов район башчылыгынан кетти деген кептер тараган болчу.

Количество просмотров: 485