• Ишенби 27 Чын куран 2024
  • Суббота 27 Апрель 2024

Күндүн ыргагы: Коронавирус күчөгөнүнө карабай, шайлоо өтмөк болду. Вирустан бир күндө 10 адам каза тапты

3 Теке 2020 18:31 Бишкек Govori.TV

КОРОНАВИРУС БОЮНЧА АКЫРКЫ АБАЛ

Кыргызстанда 3-июль саат 10:00гө карата коронавирус жуктурган дагы 506 жаңы учур катталды. Бул тууралуу саламаттыкты сактоо башкармалыгынын башчысы Айнура Акматова өкмөт үйүндө өткөн маалымат жыйында билдирди. Анын айтымында, өлкө боюнча жалпы ооругандардын саны 6767 кишиге жетти. Жаңы катталгандардын арасынан  73ү медкызматкерлери. Ал эми 3-июлга карата дагы 125 адам коронавирус оорусунан дарылангандан кийин айыгып, ооруканадан чыкты. Акматованын  маалыматына ылайык өткөн сутка ичинде пневмониядан 23 адаи каза болсо, ал эми 10 бейтап COVID-19 инфекциясынан көз жумду.

ЧҮЙДӨ БИР КАТАР ЧЕКТӨӨЛӨР КИРДИ

Эпидемиологиялык кырдаалга байланыштуу Чүй облусунда бир катар чектөөлөр киргизилди. Бул тууралуу өкмөттүн Чүй облусундагы өкүлчүлүгүнүн аппаратынын жетекчиси Гүлнура Мамбетисаева брифингде билдирди. Анын айтымында, санитардык талаптардын аткарылышы боюнча Аламүдүн, Сокулук жана Ысык-Ата райондордунда рейд жүрүүдө. Мындан тышкары, Мамбетисаева 3-июлга карата облус аймагында 569 адам үй шартында дарыланып жатканын кошумчалап, облус аймагындагы жарандарды эрежелерди сактоого чакырды.

«УНАА» МЕКЕМЕСИ КАРАНТИНГЕ ЖАБЫЛАТ

 «Унаа» мамлекеттик мекемесинин Бишкек шаарындагы, Аламүдүн жана Ысык-Ата районундагы бөлүмдөрү 6-июлдан баштап 19-июлга чейин карантинге жабылат. Бул тууралуу Мамлекеттик каттоо кызматынан билдиришти. «Бишкек жана Чүйдө эпидемиологиялык кырдаал начарлап кеткенине, «Унаа» мамлекеттик мекемесинин кызматкерлеринен коронавирус аныкталганына байланыштуу COVID-19 вирусунун массалык жайылуусуна жол бербөө максатында бөлүмдөр карантинге жабылат», — деп айтылат маалыматта.

191 КЫРГЫЗ ЖАРАНЫ МЕКЕНИНЕ КЕЛДИ

Кыргызстанга Бириккен Араб Эмиратынан Кыргызстандын 191 жараны, анын ичинде балдар кайтып келди. Каттам дүйнөдөгү коронавируспандемиясына байланыштуу эл аралык жүргүнчү ташуу авиабилдирүүлөрүнүн токтошунан улам чет өлкөдөгү Кыргызстандын жарандарын кайтаруу боюнча жүргүзүлгөн иштин алкагында КР Президенти жана Өкмөтүнүн тапшырмасын аткаруу үчүн эмират тарабынан жетишилген сүйлөшүүлөрдүн негизинде ишке ашырылды.

ШАЙЛОО 4-ОКТЯБРДА ӨТӨТ

Президент Сооронбай Жээнбеков «Жогорку Кеңештин депутаттарын шайлоону дайындоо жөнүндө» жарлыкка кол койду. Бул тууралуу президенттин расмий сайтында жарыяланды.
Маалыматка ылайык, шайлоо 2020-жылдын 4-октябрында өтөт. «Жаңы чакырылыштагы Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоо 2020-жылдын 4-октябрына, жекшембиге дайындалсын», — деп жазылат жарлыкта.
Эске сала кетсек, буга чейин шайлоонун өтүү убактысы өлкөдөгү абалга байланыштуу кайсы убакта өтөөрү белгисиз болуп келген.
эм Борбордук шайлоо комиссиясынын төрайымынын орун басары Абдыжапар Бекматов алдыда боло турган парламенттик шайлоонун үгүт иштерине пандемияга байланыштуу бир топ эреже киргизилерин айтты. Анын айтымында алдыдагы шайлоодо үгүт иштеринин 50 пайызга жакыны аралыктан болоорун айтты. Мындан тышкары Бекматов шайлоого ат салыша турчу саясий партиялардын өзүн расмий көрсөтүп, тааныштырып чыгуу үчүн 10 күн бар экенин кошумчалады.

ЫСЫК-КӨЛДӨ 4 АДАМДЫН ӨМҮРҮН АЛГАН КЫРСЫК

Ысык-Көл облусунда төрт адамдын өмүрүн алган жол кырсыгы катталды. Кырсык Балыкчы – Бөкөнбаев – Каракол унаа жолунун 48-чакырымында катталган. Анда “Хонда-Степвагон” жана “Ауди-100” унаалары кагышып, жол кырсыгынан улам төрт адам каза болду. Андан сырткары, 36 жана 37 жаштагы эки эркек жабыркаган.
Окуя болгон жерге барган куткаруучулар унаадан адамдардын сөөгүн алып чыгып, милиция кызматкерлерине өткөрүп беришкен. Ал эми жабыркагандар ооруканага жеткирилген.

Количество просмотров: 467