• Ишенби 20 Чын куран 2024
  • Суббота 20 Апрель 2024

Күндүн ыргагы: Коронавирус менен пневмония бир оору. Министрлик хижамадан оолак болуу керектигин айтты

16 Теке 2020 18:04 Бишкек Govori.TV

КОРОНАВИРУС БОЮНЧА АКЫРКЫ АБАЛ

Кыргызстанда 16-июлга карата коронавирус жуктурган дагы 521 жаңы учур катталды. Бул тууралуу саламаттыкты сактоо башкармалыгынын башчысы Айнура Акматова өкмөт үйүндө өткөн маалымат жыйында билдирди. Жаңы катталгандардын арасынан 96сы медкызматкерлери.  Акматованын  маалыматына ылайык өткөн сутка ичинде пневмониядан 41 адам каза болсо, ал эми 7 бейтап COVID-19 инфекциясынан көз жумду.

КОРОНАВИРУС МЕНЕН ПНЕВМОНИЯ БИР ООРУ

Кыргызстанда өпкөсү кагынгандар да коронавирус катары каттоого алынат. Бул тууралуу вице-премьер-министр Аида Исмаилова онлайн маалымат жыйынында кабарлады. Анын айтымында, Саламаттык сактоо министрлиги эксперттердин тобу иштеп чыккан COVID-19 илдетинин улуттук клиникалык колдонмосунун 3-версиясын бекитти.

ПРЕЗИДЕНТ МАРКУМ АДИНАЙ МЫРЗАБЕКОВА НЫН ҮЙ БҮЛӨСҮНӨ БАРДЫ

Президент Сооронбай Жээнбеков бүгүн, 16-июлда, борбор калаадагы стационарлардын биринде ыктыярчы-медик болуп иштеп жүрүп каза болгон студент Адинай Мырзабекованын үй-бүлөсүнө барды. Жээнбеков Адинайдын ата-энесине, туугандары менен жакындарына терең кайгыруу менен көңүл айтып, анын атына багыштап куран окуду. Президент Адинай Мырзабекова учурдун баатыры экенин, ал мекендештеринин эсинде башкалардын саламаттыгы үчүн өз өмүрүн арнаган кайраттуу ыктыярчы катары калаарын белгиледи.

МИНИСТРЛИК ХИЖАМАНЫ КОЛДОНУУДАН ООЛАК БОЛУУГА ЧАКЫРАТ

Саламаттык сактоо министрлиги кыргызстандыктарды хижама ыкмасын колдонуудан оолак болууга чакырды. 16-июлда министрликтин өкүлү Айнура Акматова онлайн брифингде социалдык түйүндөрдө тарап жаткан видео боюнча маалымат берип, «медицина кызматкерлери да мындай ыкманы колдойт» деген маалымат чындыкка дал келбесин айтты.

ТЕАТРЛАР ОНЛАЙН ИШТЕЙТ

Быйыл маданият тармагындагы окуу жайларга тапшыруу онлайн режиминде өткөрүлөт. Бул тууралуу маданият, маалымат жана туризм министри Азамат Жаманкулов брифингде билдирди. Анын айтымында, бул күнгө чейин өлкө боюнча окутуу аралыктан жүргүзүлдү. Ошондой эле министр, абал турукташпаса театрлар онлайн режиминде иштей турганын кошумчалады.

БШК ЧЕТ ӨЛКӨЛӨРДӨ 42 ШАЙЛОО УЧАСТОГУН БЕКИТТИ

Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссия чет өлкөлөрдө 42 шайлоо участогун түзүүнү бекитип, дагы экөөнү макулдашып жатат. Бул тууралуу БШКнын маалымат кызматы билдирди. Маалыматка караганда, Орусиядагы элчиликтин Иркутск, Сургут, Түштүк-Сахалин жана Якутия аймактарындагы төрт кеңсесинде добуш берүү түйүндөрү түзүлөт. Ушул тапта Франциянын Париж жана Италиянын Рим шаарларында шайлоо участокторун ачуу тууралуу ал өлкөлөрдүн бийлиги менен макулдашуу жүрүп жатат.

ЖРТНЫН ЖЫЙЫНТЫГЫ ЧЫКТЫ

 «Алтын сертификатка» 53 бүтүрүүчү татыктуу болду. Бул тууралуу Билим берүү жана илим министрлигинен билдиришти. Маалыматка караганда, бул жылы жалпы республикалык тестирлѳѳгѳ 43 245 бүтүрүүчү катышты. Алардын ичинен 53 бүтүрүүчү эң жогорку упай алып, «Алтын сертификатка» ээ болушту. Эң жогору упайды Алай районунун Кабылан-Көл айылындагы Э. Мурзаев атындагы орто мектебинин окуучусу Нурбек кызы Акмарал алды.

Количество просмотров: 234