• Жекшемби 28 Чын куран 2024
  • Воскресенье 28 Апрель 2024

Күндүн ыргагы: Коронавирус: Жаңылган министр, жардам сураган президент

8 Чын куран 2020 20:56 Бишкек Govori.TV

COVID-19ТУН 42 ЖАҢЫ УЧУРУ АНЫКТАЛДЫ

Бүгүн, 8-апрелге карата Кыргызстанда дагы 42 адамдан коронавирус инфекциясы аныкталды. Бул тууралуу эртең мененки онлайн маалымат жыйында саламаттыкты сактоо министри Сабиржан Абдикаримов билдирди.


ЖЭЭНБЕКОВ ИСЛАМ БАНКЫНАН ЖАРДАМ СУРАДЫ

Кыргызстан Ислам өнүктүрүү банкынан жардам сурады. Президент Сооронбай Жээнбеков 8-апрелде банктын президенти Бандар Хажжар менен телефондон сүйлөшүп, коронавирустун жайылышынын социалдык-экономикалык залакасын жумшартыш үчүн Кыргызстанга көмөк көрсөтүү мүмкүнчүлүгүн караштырууну сунуш кылды.

КОРОНАВИРУС: ОШТО ООРУКАНА ЖАБЫЛДЫ

Жалал-Абад шаарындагы жугуштуу ооруларды дарылоочу оорукананын бардык кызматкерлери коронавирусту жуктурганы аныкталды. Буга байланыштуу аталган оорукана бүгүн убактылуу жабылды. Бул тууралуу бүгүн, 8-апрелде Саламаттыкты сактоо министри Сабиржан Абдикаримов билдирди. Бул арада Жалал-Абад шаардык жугуштуу оорулар ооруканасы жабылбаганын Жалал-Абад облустук штабынын башчысынын орун басары Урмат Боржуев  билдирди.

БОРОНОВ МААЛЫМАТ ЖЫЙЫН БЕРДИ

Учурда Түркияда жана Дубайда Кыргызстандын жарандары бар. Түркияда 360, Дубайда 300 жаран учактарды күтүп жатышат. Бул маалыматты биринчи вице-премьер-министр Кубатбек Боронов бүгүн, 8-апрелдеги өкмөт үйүндөгү онлайн жыйында айтты.

ЖАЛГАН МААЛЫМАТ ТАРАТКАНДАР АНЫКТАЛДЫ

Коронавирус тууралуу жалган маалымат тараткан кезектеги адамдар аныкталды. Бул тууралуу Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитети билдирди. Маалыматка ылайык, 2020-жылдын 7-апрелинде УКМК жүргүзгөн ыкчам-издөө иш-чараларынын алкагында 1989-жылы туулган 1986- жана 1998-жылы туулган жарандар аныкталган.


Количество просмотров: 2960