• Ишенби 18 Бугу 2024
  • Суббота 18 Май 2024

Күндүн ыргагы: Коронавирустан 7 адам каза тапты. Кытайдан медиктер жардамга келди

20 Чын куран 2020 20:34 Бишкек Govori.TV

КОРОНАВИРУС: ӨЛКӨДӨГҮ АКЫРКЫ АБАЛ

Өлкө боюнча 20-апрелге карата коронавирус инфекциясын жуктурган жаӊы 14 учур катталды. Азыркы тапта өлкөдө коронавирус жуктурган учурлардын саны 568кө жетет.

ПРЕЗИДЕНТ ГУМЖАРДАМДЫН ТАРАТЫЛЫП ЖАТКАНЫНАН КАБАР АЛДЫ

Президент Сооронбай Жээнбеков бүгүн, 20-апрелде, Бишкек шаар мэриясынын өзгөчө абал шартында калктын социалдык жактан аярлуу катмарына жардам көрсөтүү боюнча ишмердиги менен таанышты. 

КЫТАЙДАН ДАРЫГЕРЛЕР КЕЛДИ
Бүгүн Кытайдан Кыргызстанга медициналык кызматкерлердин тобу келди. Бул тууралуу өкмөттүн аппаратынын маалыматтык камсыздоо бөлүмү билдирет.

ӨЛКӨДӨ ДАРЫ-ДАРМЕК КЫМБАТТАДЫ

Кыргызстанда дары-дармек 15-20% чейин кымбаттады. Бул тууралуу Кыргызстандын Фармацевттер бирикмесинин төрагасы Эрнист Асанов Бишкекте брифингде билдирди.

КОМЕНДАНТ ВЕЛОСИПЕД ТЕППЕЙ ТУРУУГА ЧАКЫРДЫ

Бишкекте санитардык нормаларды бузуп велосипед тээп жүргөн жарандардын велосипеддери алынат. Бул тууралуу өкмөт үйүндөгү маалымат жыйында Бишкек шаарынын коменданты Алмазбек Орозалиев билдирди. Анын айтымында, күн жылыгандыктан балдарын ээрчитип алып сейил бактарда сейилдеп жүргөн жарандардын көбөйгөнү байкалууда.

Количество просмотров: 344