• Бейшемби 25 Чын куран 2024
  • Четверг 25 Апрель 2024

Күндүн ыргагы: “Кумтөр” иши Жапаровду кызматтан кетиреби? Чек арада атышуу болду

14 Аяк оона 2022 18:40 Бишкек Govori.TV

ЧЕК АРАДА ОК АТЫЛДЫ

Кыргызстандын президенттиннин Баткендеги өкүлү Абдикарим Алимбаев менен Тажистандын Согди облусунун губернатору Ражаббой Ахмадзода Баткендин Достун айылына келишти. Бул тууралуу президенттин Баткен облусундагы өкүлчүлүгү маалымдады.

“Учурда эки тараптын жетекчилери, күч түзүмдөрүнүн өкүлдөрү менен биргеликте ок атышуу катталган Достук айылында чек арадагы кырдаалды жөнгө салуу боюнча сүйлөшүүлөрдү жүргүзүүдө”, — деп айтылат билдирүүдө.

Кыргызстандын Чек ара кызматы 14-сентябрда түштөн кийин кыргыз-тажик чек арасындагы Как-Сай аймагында атышуу башталганын билдирген. Анда тажик чек арачылары «Достук» бекетинин чек арачыларын көздөй ок чыгарганы, кыргыз тарап ага жооп бергени айтылат. Ал эми саат 15:08де Баткендин Паскы-Арык жерлигиндеги “Самаркандек” чек ара заставасына тажикстандык чек арачылар ок чыгарды. 

Чек ара кызматы 14-сентябрда эртең менен Булак-Башыдагы тактала элек аймакка Тажикстандын чек арачылары куралчан кирип келгенин билдирген. Соңку маалыматтарга караганда кыргызстандык эки жоокер жарадар болду.

БӨЛТҮРҮКТҮН КАРМАЛУУСУ

Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров “Кумтөр Голд Компани” ЖАКтын мурдагы тышкы башкаруучусу Теңгиз Бөлтүрүктүн кармалуусуна комментарий берди.

Анын айтымында, Бөлтүрүктүн кылмыш ишине айыптуулугун жана катыштыгын сот аныктайт.

Ал арада “Кумтөрдөгү” маселе ЖКнын жалпы жыйыныда да көтөрүлдү. Депутат  Дастан Бекешов компаниясындагы коррупция, анын мурдагы убактылуу тышкы башкаруучусу Тенгиз Бөлтүрүктүн камалышы тууралуу кеңири маалымат берилиши керектигин билдирип, талкуулоону сунуштады.

Ал эми депутат Исхак Масалиев министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаровду жоопкерчиликке тартууну сунуштады.

Эске сала кетсек, буга чейин козголгон кылмыш ишинин алкагында «Кумтөр Голд Компани» ЖАКтын ишмердүүлүгүн текшерүүнүн жыйынтыгында компаниянын экс-жетекчиси Теңиз Бөлтүрүк кармалган. Аны менен кошо ишкананын дагы эки жооптуу кызматери кармалып, алар Бишкек ШИИБдин тергөө абагына киргизилген. Анын алдында Башкы прокуратура «Кумтөрдү» текшерүүдө, ишкананын кызмат адамдарынын коррупциялык схемасынын натыйжасында мамлекетке бир миллиард сомго жакын зыян келтирилгени аныкталганын маалымдаган.

БЕКНАЗАРОВДУН УУЛУ СУРАКТА

Кыргызстандын Малайзиядагы мурдагы элчиси, саясатчы Азимбек Бекназаровдун уулу Руслан Бекназаров экстремизмге байланыштуу милицияга суракка чакыртылган. Бекназаров экстремисттик материалдарды таратууга шектелүүдө.  

ИИМ тараткан маалыматтта, “интернет мейкиндигине мониторинг жүргүзүүдө “Фейсбук” социалдык тармагында Кыргызстанда тыюу салынган “Хизбут-Тахрир-аль-Ислами” экстремисттик-террористтик уюмунун идеологиясына үндөгөн материалдарды жайгаштырып, таратып жаткан аккаунт аныкталган. Аталган факты Кылмыш-жаза кодексинин экстремисттик материалдарды даярдоо, таратуу беренеси боюнча катталган.  Кылмыш ишинин алкагында 41 жаштагы Р.Б. аттуу жаран кармалып ИИМдин тергөө кызматына суракка чакырылды”, — деп айтылат.

Эске салсак, Руслан Бекназаров Бишкектин Свердлов районунун акиминин орун басары кызматын аркалайт.

ФЕЙК МЫЙЗАМЫ ТАЛКУУДА

Чиновниктер, юристтер, журналисттер жана укук коргоочулар “Кыргызстандагы сөз эркиндиги: жаңы тобокелчиликтер” аталышындагы тегерек столго чогулуп, «Анык эмес (жалган) маалыматтан коргоо жөнүндө» мыйзамдын аткарылышы жана анын ЖМК ишмердүүлүгүнө тийгизген таасирин талкуулады.
«Анык эмес (жалган) маалыматтан коргоо жөнүндөгү» мыйзам — бул ызы-чуу жараткан «Маалыматты манипуляциялоо жөнүндөгү» мыйзам долбоорунун кайра иштелип чыккан варианты. Мындан улам аны кайра артка чакыртып алуу талабы айтылды.

Мыйзамды аткаруу милдети Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлигине жүктөлгөн. Мыйзамга ылайык, министрлик «жалган же анык эмес маалымат» тууралуу жеке адам, уюм тарабынан жазылган арыздын негизинде ал маалыматты тараткан интернет сайтты жаап кое алат. Бул аралыкта Res Publica сайтынын иши токтотулуп, 24.kgни бөгөттөө аракети болду. Мындан сырткары өлкөдөгү ММКлардын үстүнөн ондогон арыз келип түшкөнү белгилүү болду.

ДЕПУТАТ “РАИМ-МИЛЛИОНДУН” ТАЛАМЫН ТАЛАШТЫ

Бүгүн Жогорку Кеңештин жыйынында «Ата Журт Кыргызстан» фракциясынын депутаты Жеңишбек Токторбаев Кыргызстандын мурдагы президенттери тууралуу сөз козгоп, алардын айрым иштерин сынга алды. Эл өкүлүнүн айтымында, алар бийликте турганда бийлик тизгинин жакындарынын колунда болгон.  Депутат өз сөзүндө Сооронбай Жээнбековдун ордуна Асылбек Жээнбеков менен Райымбек Матраимов башкарып келгенин айтып сынга алды.

Андан соң жалпы жыйында сөз алган депутат Шайлообек Атазов,  кесиптешинин пикирине каршы оюн айтып, калыстык кылууга чакырды.

Количество просмотров: 1135