• Бейшемби 25 Чын куран 2024
  • Четверг 25 Апрель 2024

Күндүн ыргагы: Кыргызстан Кытайдан жеңилдик сурады. Бишкекте айрым чектөөлөр алынды

20 Баш оона 2020 20:03 Бишкек Govori.TV

ЭПИДЕМИОЛОГИЯЛЫК АБАЛ

Кыргызстанда бир сутка ичинде коронавирус илдетин 182 киши жугузуп алды. Саламаттык сактоо министринин орун басары Нурболот Үсөнбаев 20-августтагы брифингде билдиргендей, алардын көбү Жалал-Абадда. Бүгүнкү күнгө карата вирустан каза болгондор катталган жок. Өлкөдө пандемия башталган март айынан бери вирустун курмандыктары жаңы эсеп боюнча 1054 учурда түзүп, COVID-19 жалпы 42 507 кишиге жукту. Анын 35 486сы айыкты.

БИШКЕКТЕ ЧЕКТӨӨЛӨР АЛЫНДЫ

Бишкекте коомдук транспорттордун графиги өзгөртүлүп, айрым чарба субъекттеринин иш убактысы узартылды. Мэриядан билдиришкендей, бүгүндөн бвштап шаардагы коомдук унаалар (автобус, троллейбус жана кичи автобус) дем алыш жана майрам күндөрү мурункудай эле эртең мененки саат 07:00дөн 11:00гө чейин жана түштөн кийин саат 14:00дөн кечки 23:00гө чейин иштейт. Ал эми кафе, ресторандар жана башка тамактануу жайларга эртең мененки саат 07:00дөн түнкү 00:00гө чейин иштегенге, сейил бактарда сейилдөөгө киргизилген чектөөлөр алынып, велосипеддерди киреге берүү ишмердүүлүгүнө уруксат берилди.

САПАР ИСАКОВГО КАРАТА ЧЕЧИМ КҮЧҮНДӨ КАЛДЫ

Бүгүн, 20-августта Бишкек шаардык сотунда Улуттук тарых музейин оңдоо жана Чолпон-Ата шаарындагы ипподромду реконструкциялоо боюнча козголгон кылмыш ишинин алкагында соттук отурум болуп, козголгон кылмыш иши кайрадан каралды. Соттук отурум пандемияга байланыштуу онлайн форматта өтүп, анда Биринчи май райондук соту чыгарган чечимди Бишкек шаардык соту күчүндө калтырды.

«АЛЬФА ТЕЛЕКОМГО» ЖАҢЫ ЖЕТЕКЧИ КЕЛДИ

Мурдагы ички иштер министри Абдулда Суранчиев «Мегаком» соода маркасы менен иш жүргүзгөн «Альфа Телеком» мамлекеттик ишканасынын жетекчисинин милдетин аткара баштады. Суранчиев 2013-2014-жылдары ички иштер министри болгон. Акыркы жылдары «Альфа Телеком» компаниясынын башкы директорунун биринчи орун басары болчу.
“Мегакомду” 2018-жылдан бери башкарып келаткан Акылбек Жамангулов «Биримдик» партиясынын курамында октябрда өтчү парламенттик шайлоого талапкер болуп катталгандыктан, 19-августта кызматын тапшырды.

ПАРТИЯЛАР ТИЗМЕЛЕРИН ЖАРЫЯЛАДЫ

“Кыргызстан” саясий партиясы тыюу салынган эрежелерге карабай 300 адам менен съезд өткөрдү. Съездге парламент депутаттары, партиянын саясий кеңешинин мүчөлөрү, аймактардан келген делегаттар жана жаштар канатынын активисттери катышкан. Белгилей кетсек, Бишкек шаарынын Жарандык коргонуу боюнча комиссия борбор калаада партиялардын курултайларын өткөрүүгө уруксат берген бирок адамдардын санв 100дөн ашпашы керек болчу. Бул арада экс-президент Алмазбек Атамбаевдин уулу Сейитбек Атамбаев жетектеген «Социал-демократтар» саясий партиясы курултай өткөрүп, Жогорку Кеңештин депутаттыгына талапкерлердин тизмесин түзүлдү. Партия азырынча тизмедеги баштапкы бештиктеги талапкерлери тууралуу гана маалымдоодо. Алардын катарында Ирина Карамушкина, Нурбек Касымбековдор бар. Бүгүнкү күнгө карата «Реформа» жана » Чоң казат» партиялары дагы талапкерлеринин тизмесин жарыялаганы белгилүү болду.


КЫРГЫЗСТАН КЫТАЙДАН ЖЕҢИЛДИК СУРАДЫ

19-августта Кыргызстандын тышкы иштер министри Чыңгыз Айдарбеков Кытайдын тышкы иштер министри Ван И менен телефон аркылуу сүйлөштү. Сүйлөшүү учурунда негизги темалардын бири тышкы карыз болду.
«Коронавирус инфекциясынын макроэкономикалык кырдаалга тийгизген терс таасиринен улам, Кыргызстандын тышкы саясий ведомствосунун башчысы өлкөнүн бюджетине карата тышкы карыздын оор жүгүн жеңилдетүү маселесинде көмөк көрсөтүү өтүнүчүн билдирди», – деп айтылат ТИМдин билдирүүсүндө.

Количество просмотров: 470