• Жекшемби 28 Чын куран 2024
  • Воскресенье 28 Апрель 2024

Күндүн ыргагы: Кыргызстанда зөөкүрлөргө жаза күчөтүлдү. Нарматованын мыйзамын комитет колдоп берди

23 Үчтүн айы 2024 19:23 Бишкек Govori.TV

6 БАЛЛГА ЖЕТКЕН ЖЕР ТИТИРӨӨ КАТТАЛДЫ

Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин маалыматы боюнча, Кытайдын аймагында магнитудасы сегиз баллга жеткен жер титирөө болду. Жердин силкинүүсү Кыргызстандын Ысык-Көл облусунун Жети-Өгүз районундагы “Кумтөр” ишканасынын аймагында 6 балл, Каракол шаарында, Тоң районунун Кажы-Сай айылында 4,5 балл, Нарын шаарында 4 балл, ал эми Бишкекте 3 баллга жеткен.

ЖКнын Транспорт, коммуникациялар, архитектура жана курулуш боюнча комитетинин жыйыны учурунда депутат Улугбек Ормонов түндө болгон жер титирөө тууралуу сөз козгоду.

Бул арада Ысык-Көл облусундагы Көк-Сай, Бөкөнбаев, Ак-Шыйрак айылдарында айрым үйлөрдөн жаракка кеткендиги тууралуу кабарланды.

Президенттин Ысык-Көл облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлчүлүгүнүн маалымат кызматы кабарлагандай, жер-жерлеринде райондук жана шаардык ӨК бөлүмдөрүнүн ыкчам топтору жер титирөөдөн жабыркагандарды жана кыйроолорду тактоо иштери айыл аймактарынын айыл өкмөттөрү менен жүргүзүлүүдө.

Ал эми Архитектура, курулуш жана турак жай-коммуналдык чарба мамлекеттик агенттиги (Мамкурулуш) курулуш объектилериндеги табыгый кырсыктан улам пайда болгон деффектилерди аныктоо иштерин жүргүзуп жатканы кабарланды.

КЫЛМЫШ-ЖАЗА КОДЕКСИНЕ ӨЗГӨРТҮҮЛӨР КИРДИ

Президент Садыр Жапаров 23-январда «Кылмыш-жаза кодексине, Кылмыш-жаза процессуалдык кодексине өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө” мыйзамга кол койду, Мыйзам долбоорун Жогорку Кеңеш былтыр 7-декабрда кабыл алган.
Президенттин сайтына жарыяланган маалыматка ылайык, мыйзам жыныстык кол тийбестик жана жыныстык эркиндик укуктарын камсыздоо, ошондой эле өмүргө жана ден соолукка кылмыштуу кол салуулардан коргоого багытталат.
Мыйзам жыныстык кол тийбестикке каршы кылмыштардын жоопкерчилигин күчөтүү жана жабыркагандарга карата кайталанган кол салуулардан сактоону максат кылат.
Кылмыш-жаза кодексинин 57-беренесине, Жазык-процесстик кодексинин 24, 505, 507-беренелерине киргизилген өзгөртүүлөргө ылайык, оор кылмыштар боюнча (анын ичинде зордуктоо) тараптардын жарашып алуусу кылмыш ишин жана тергөөнү токтото албайт. Эски мыйзамдагы тараптардын жарашуусуна байланыштуу жазык ишин милдеттүү түрдө токтотууну караган ченемдер алынып салынды.
Ошондой эле Кылмыш-жаза кодексинин 58, 82-беренелерине, Жазык-процесстик кодексинин 112-беренесине өзгөртүүлөр киргизилди. Ага ылайык, жыныстык кол тийбестик укугуна каршы кылмыштарга айыпталгандардын жоопкерчиликтен оңой кутулуп кетүүсүнө шарт түзгөн жоболор алынып салынды. Тактап айтканда, жыныстык кол тийбестикке каршы кылмыштардын эскирүү мөөнөтүн, айыпталуучуларга пробациялык көзөмөлдү колдонуу, күрөөгө бошотуу мүмкүнчүлүктөрү алып салынды.
«Анткени бул жоболор жабырлануучулардын укук коргоо системасына ишенимин кетирет», деп жазылган маалыматта.

КОМИТЕТ БЕЙӨКМӨТ МЫЙЗАМЫН 2-ОКУУДА КОЛДОДУ

23-январда Жогорку Кеңештин Конституциялык мыйзамдар, мамлекеттик түзүлүш, сот укук маселелер боюнча комитети “Коммерциялык эмес уюмдар жөнүндө” мыйзамга өзгөртүү киргизүү боюнча документти экинчи окууда колдоду. Долбоор эми парламенттин жалпы жыйынына чыгарылат.

Андан тышкары Кылмыш-жаза кодексине өзгөртүү киргизүү сунушталып жатат. Ага ылайык, “Коммерциялык эмес уюм мыйзамсыз иш-аракет жүргүзгөн” деп табылып, шектүүнүн күнөөсү далилденсе үч жылдан беш жылга чейин эркиндигинен ажыратылат. Мыйзам долбоорунун демилгечилери башта жазаны беш жылдан 10 жылга чейин деп сунуш кылышкан.

Коомчулукта “чет элдик өкүл” деген ат менен таанылган “Коммерциялык эмес уюмдар жөнүндө” жана Кылмыш-жаза кодексине өзгөртүү киргизүү тууралуу мыйзам долбоору 2023-жылы 25-октябрда Жогорку Кеңеште биринчи окууда кабыл алынган. Автору Надира Нарматова “бул документ өкмөттүк эмес уюмдардын ишине тоскоол болбойт” деп айтып келет.

“Адилет” укуктук клиникасы Надира Нарматова негизги автор болгон документти иликтеп чыгып, ал Орусиянын “Чет элдик агенттер жөнүндөгү” мыйзамына 98% окшош экенин аныктаган.

Эл аралык Журналисттерди коргоо комитети  Жогорку Кеңешти Орусиянын репресивдүү мыйзамынын мисалында жазылган талаштуу мыйзам долбоорун кабыл албоого чакырган. Ошондой эле бир катар эл аралык уюмдар, көз карандысыз юристтер, укук коргоочулар да бул мыйзам долбоору тууралуу тынчсызданууларын билдирген.

Жогорку Кеңештин да айрым депутаттары Кыргызстанда өкмөттүк эмес уюмдар ансыз деле Салык кызматына каражаты тууралуу отчёт берип жатканын, документ алардын ишин көзөмөлдөп, жабууга чейин алып барарын билдирип жатышат.

ЖМК ЖӨНҮНДӨ ЖАҢЫ МЫЙЗАМ

Жогорку Кеңештин Транспорт, коммуникациялар, архитектура жана курулуш боюнча комитети 23-январдагы отурумунда “Жалпыга маалымдоо каражаттары жөнүндө” мыйзам долбоорун күн тартибинен экинчи ирет алды.

Жыйынтыгында көпчүлүк депутаттардын колдоосу менен мыйзам долбоору министр өзү келгенге чейин күн тартибинен алынды.

Кечээ, 22-январда Бюджет, экономикалык жана фискалдык саясат боюнча комитетинин жыйынында «Жалпыга маалымдоо каражаттары жөнүндө» мыйзам долбоору күн тартибинен алынган. Ал эми 15-январда Эл аралык иштер, коргоо, коопсуздук жана миграция боюнча комитетинин күн тартибинен да алынган.

Президенттин администрациясы сунуштаган «Жалпыга маалымдоо каражаттары жөнүндө» мыйзам долбоору 2023-жылдын май айында коомдук талкууга коюлган.

Документ сөз эркиндигин чектейт деген сын -дооматтан кийин 5-декабрда жумушчу топ түзүлгөн.

Андан бери мыйзам долбоорунун бир нече варианты иштелип чыгып администрация менен медиа коомчулук орток пикирге келген эмес.

Документте веб-сайттар Юстиция министрлигинен милдеттүү түрдө жалпыга маалымдоо каражаты болуп катталууга тийиш деген талап коюлган. Бул сунуш ача-пикир жаратууда. Ал эми көз карандысыз юристтер, медиаэксперттер мыйзам долбоору сөз эркиндигине коркунуч жаратат деп баалашкан. Алар ЖМК жөнүндөгү мыйзамдын жаңы редакциясы мурункуга салыштырмалуу катаалдашып кеткенин айтып, бийликке коңгуроо кагышууда.

Количество просмотров: 261