• Шаршемби 3 Кулжа 2026
  • Среда 3 Июнь 2026

Ош жана Баткен облустарында жер титирөө катталды

20 Бугу 2024 9:04 Бишкек Govori.TV

КР Сейсмология институтунун маалыматына ылайык, саат 2:44тө Ош облусунун Өзгөн районунун аймагында күчү 2 баллга жеткен жер титирөө катталган.

Ошондой эле саат 4:39да Баткен облусуна жакын аймакта очогунда күчү 3,5 баллга жеткен жер титирөө катталган.

Жер титирөө Баткен районундагы Үч-Дөбө айылынан түштүк-чыгышка карай 10 чакырым, Самаркандык айылынан түштүк-чыгышка карай 18 чакырым, Рават айылынан түштүк-чыгышка карай 26 чакырым, Лейлек районунун Лейлек айылынан түштүк-чыгышка карай 34 чакырымаралыкта катталган.

Жер титирөө Үч-Дөбө, Ак-Татыр, Самаркандек айылдарында 3 балл, Рават, Лейлек айылдарында 2,5 баллга чейин сезилген.

Алдын ала маалымат боюнча, жабыркагандар жана кыйроолор катталган жок.

Количество просмотров: 142