• Бейшемби 28 Жалган куран 2024
  • Четверг 28 Март 2024
Орозо

Күндүн ыргагы: Кызматтан кеткен чиновниктердин кербени уланууда. Шаардыктар мэрияны сотко берет

13 Бирдин айы 2020 21:24 Бишкек Govori.TV

МАМБЕТОВ МЕНЕН КОЗУБАЕВ КЫЗМАТТАН КЕТТИ
Алмаз Мамбетов мамлекеттик каттоо кызматынын жетекчиси кызматынан бошотулду. Бул тууралуу өкмөттөн кабарлашты. Мамбетов эмне себептен иштен алынганы жана ордуна ким келери жөнүндө азырынча расмий маалымат бериле элек.

ШАЙЛОО АЛДЫНДАГЫ КАТООЛОР ТАЛКУУДА
ЗКТ; Апрелде боло турган жергиликтүү шайлоолорго карата айыл тургундарын шаарга каттоо көрүнүшү жүрүп жатат. Бул маселени депутат Кенжебек Бокоев Парламенттин бүгүнкү жыйынында билдирди.

ШААРДЫКТАР МЭРИЯНЫ СОТКО БЕРЕТ
Бүгүн коомдук активисттер, Бишкек шаарынын жашоочулары маалымат жыйын беришти.

“ТАЗАЛЫКТЫН” КЫЗМАТКЕРЛЕРИ КАРМАЛДЫ
Бишкек мэриясынын «Тазалык» муниципалдык ишканасынын башкы бухгалтери А.О., операторлор А.М. жана Б.Н. кармалды.

ПАРАКОРЛОРГО ЗЫЯНДЫ ТӨЛӨТҮҮ КЕРЕК
Экономикалык кылмыш жасагандарга зыянды төлөтүү керек. Бул тууралуу Жогорку Кеңештин депутаты Айсулуу Мамашова билдирди.

КЫТАЙДАГЫ КЫРГЫЗСТАНДЫК СТУДЕНТТЕР КЕЛДИ
Кыргызстанга Казакстандан кыргызстандык студенттер автобус менен келишти. Алар Кытайда билим алып жаткан студенттер экенин бүгүн, 13-февралда Чек ара кызматынан билдиришти.

Количество просмотров: 488