• Жума 19 Чын куран 2024
  • Пятница 19 Апрель 2024

Күндүн ыргагы: Кызыл чеке кылган дебаттар. Бийликти басып алууга үндөгөн 26 жаран кармалды

1 Тогуздун айы 2020 19:04 Бишкек Govori.TV

КЫЗЫЛ ЧЕКЕ КЫЛГАН ДЕБАТТАР

Шайлоого карата партиялардын дебаттарынын акыркы чыгарылышы эртең жыйынтыкталат. Коомчулукта да адистер арасында да саясий айдыңындагы жаңы дебаттардын мазмуну талапкерлердин сөздөрү тууралуу кайчы пикирлер көп. Дебаттар элдин купулуна толдубу? Мурунку дебаттардан эмнеси менен айрмаланды? кененирээк алдыдагы материалда…

БҮГҮН ЭЛ АРАЛЫК КАРЫЛАР КҮНҮ

Президент Сооронбай Жээнбеков бүгүн, 1-октябрда кыргызстандыктарды улгайган адамдардын эл аралык күнү менен куттуктады. Өлкө башчы кыргыздар кылымдар бою карыларын кадырлап, улууларын урматтап, сый көрсөтүп келе жаткан эл экенин айтып, мындан ары да калктын ушул нускалуу каада-салтын бекем сактоого милдеттүүбүз деди. Улгайган адамдардын эл аралык күнү жылыга 1-октябрда белгиленет. Бул тууралуу Бириккен Улуттар Уюмунун Генералдык Ассамблеясы 1990-жылдын декабрында чечим кабыл алган.

ЭПИДЕМИОЛОГИЯЛЫК АБАЛ

Кыргызстанда акыркы бир сутка ичинде коронавирустан бир адам каза болуп, дагы 11 медициналык кызматкер коронавирус жугузуп алганы аныкталды. COVID-19га каршы күрөш боюнча республикалык штабдын 1-октябрдагы маалыматына караганда, бир күндө коронавирустун 172 жаңы учуру катталып, 104 бейтап сакайды. Өлкөдө илдетти жуктургандардын жалпы саны 46 миң 841 адамга жетти.

ПАНДЕМИЯДА ИШТЕГЕНДЕР ПРЕЗИДЕНТТЕН СЫЙЛЫК АЛДЫ

Бүгүн, Президент Сооронбай Жээнбеков медиктерге жана коронавирус инфекциясына каршы күрөштө өзгөчөлөнгөн жарандарга мамлекеттик сыйлыктарды тапшырды. Мамлекеттик сыйлыктар дарыгерлерге, пандемия менен күрөшкө тартылган куткаруу кызматынын, укук коргоо органдарынын жана башка мамлекеттик органдардын кызматкерлерине, медицина факультеттеринин ыктыярчы-студенттерине, журналисттерге тапшырылды.

БИЙЛИКТИ БАСЫП АЛУУГА ҮНДӨГӨНДӨР КАРМАЛДЫ

Ички иштер министрлиги Бишкекте бийликти күч менен басып алууга чакырык таштаган деген шек менен 26 адам кармалып, алардын бешөө камакка алынганын 1-октябрда кабарлады. Мекеменин маалыматына караганда, «30-сентябрда коомдук тартипти туруксуздаштырууну көздөп, бийликти күч менен басып алууга чакырган видео Интернет булактарында тараган.

БЕЙБАШ АЙДООЧУ ИЗДЕЛҮҮДӨ

Баткенде адамдарды кичи автобус менен сүзүп качырган айдоочу изделип жатат. Маалым болгондой, Кызыл-Кыя шаарында болгон. Факт Кызыл-Кыя шаардык милициясында Кылмыштар менен жоруктардын бирдиктүү реестрине Жазык кодексинин «Жол кырсыгы» жана «Ээнбаштык» беренелери менен катталып, сотко чейинки териштирүү жүрүп жатат. Айдоочу кармала элек. Ал эми Кадамжай районунун окуя болгон жерде жабыркаган 28 жаштагы тургуну аймактык ооруканада дарыланууда.

Количество просмотров: 352